Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2002-жылдын 3-декабры № 669-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 2-апрелиндеги № 161-б, 2006-жылдын 17-июлундагы № 392-б, 2009-жылдын 3-июнундагы № 261-б, 2010-жылдын 1-ноябрындагы № 157-р, 2012-жылдын 13-июлу № 346-б, 2020-жылдын 9-июнундагы № 208-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы:
- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киришсин;
- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тажик делегациясы менен бирдикте кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Макулдашууну белгиленген тартипте макулдашсын жана кол коюуга даярдасын;
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзүнүн буйругу менен каралып жаткан маселелерди жана тажик делегациясынын курамын эске алуу менен делегациянын курамына өзгөртүү киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүү жөнүндө жана Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүн Тажикстан Республикасына командировкага жиберүү тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Комиссиянын иш планы жана алдыдагы жолугушууларды уюштуруу дипломатиялык каналдар боюнча келип түшкөн жана жиберилген расмий ноталарга ылайык тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат.";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 208-б буйругунун редакциясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 261-б буйругунун редакциясына ылайык
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 224-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан
Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек
араны делимитациялоо жана демаркациялоо
боюнча Өкмөттүк делегациянын
КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 1-ноябрындагы № 157-р, 2012-жылдын 13-июлу № 346-б, 2020-жылдын 9-июнундагы № 208-б, 2020-жылдын 13-ноябры № 372-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (чек ара маселелерин тейлеген), делегациянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары.
Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
бөлүм башчынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кызматкери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай филиалынын директору.".