Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 13-июлундагы № 346-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-ноябры № 157-р
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 261-б буйругунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Тиркеме
Искандеров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; |
Майкозов К.А. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Мамыров Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы; |
Цурков В.Е. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; |
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; |
Асаналиев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; |
Имакеев М.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Баймырзаев М.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерлерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясынын директору; |
Токтомаматов И.Д. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин директору; |
Абдураимов Б.Э. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти; |
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти; |
Касымов Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары; |
Тезекбаев К.Т. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Ботоев А.Б. | - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Эсенбаев Х.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Түштүк региондук башкармалыгынын штабынын оперативдик бөлүмүнүн начальниги; |
Миңбаев А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; |
Мамбеткожоев Ш.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын башкы инспектору; |
Юсупов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сүйөркулов З.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографи-ялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары - башкы инженер; |
Сулайманов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин сууну мамлекеттер аралык бөлүштүрүү жана суу ресурстары бөлүмүнүн начальниги; |
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси; |
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк региондук делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Мырзакимов А.М. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк региондук делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери; |
Эргешев А. | - Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Бегматаев А. | - Чоң-Алай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Жалилов А.Ж. | - Лейлек райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |