УТРАТИЛ СИЛУ (В соответствии Указа Президента КР от 15 октября 2005 года № 462) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-апрели, ПЖ № 105 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу 1. «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000 - жылдындекабрындагы № 363 Указынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына КыргызРеспубликасынын Премьер - министри, биринчи вице-премьер-министри -транспорт жана коммуникациялар министри, үч вице-премьер-министри,министрлери, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруужана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри, КыргызРеспубликасынын эларалык интеграция жана кызматташтык иштери боюнчаминистри, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларыкирет. Премьер-министрдин аппаратынын жетекчиси кызмат орду боюнча КыргызРеспубликасынын министри болуп саналат.». 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккануюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев