Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин
2023-жылдын 1-сентябрындагы № 152/26-5
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III чакырылышынын IV сессиясы
2012- жылдын 12-июну №8/4-3
Токмок шаарында жашаган жарандарга материалдык жана социалдык жардам берүү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Токмок шаарында жашаган аз камсыз болгон жарандарга материалдык жактан жардам берүү максатында, Токмок шаарынын социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамдарын жетекчилике алып
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токмок шаарында жашаган жарандарга материалдык жана социалдык жардам берүү жөнүндө» Жобосу бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрөгасы |
Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 12.06.2012 ж. №8/4-3 Токтомуна №1 тиркеме |
Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Мыйзамдарына, «Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө» 2006-жылдын 14-августундагы №576, «Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө жөнүндө» 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык иштелип чыкты.
1.2. Ушул Жобо Токмок шаарынын аз камсыз болгон жарандарына жана тургундарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү тартибин аныктайт.
1.3. Жарандарга жана аз камсыз болгон тургундарга материалдык жана социалдык жардам, Токмок шаарында туруктуу катталган учурда, каттоосу жок болсо комиссиянын чечими боюнча «Даректүү социалдык жардам» бөлүгү боюнча социалдык паспорт, турмуш-тиричилигин иликтөө актысы жана муктаждык даражасын аныктаган документтер толтурулганда жергиликтүү бюджеттин эсебинен Токмок шаарынын социалдык жактан камсыздоо башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт.
1.4. Социалдык жардам көрсөтүү накталай же накталай эмес эсебинде жүргүзүлөт.
1.5. Социалдык жардам көрсөтүү акчалай же башка формада жүргүзүлөт.
2. Фонддун булактары жана түзүү тартиби
2.1. Материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү үчүн каражаттар төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- шаардык бюджеттин эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келбеген, бюджеттик эмес каражаттарды тартуунун эсебинен.
3. Социалдык жардам көрсөтүү тартиби
3.1. 1000 сом өлчөмүндө кийме тишке үч жылда 1 жолу социалдык кепилдик төмөнкүлөргө берилет:
- аз камсыз болгон, иштебеген жалпы оорунун бардык үч тобунун 60 жаштагы жана андан жогорку курактагы майыптарга;
- жалгыз бой, аз камсыз болгон, 4000 сомго чейинки пенсия алган 65 жаштагы жана андан жогорку курактагы майыптык тобу жок пенсионерлерге;
- аз камсыз болгон, кирешеси жакырчылыктын чегинен ашпаган көп балалуу энелерге.
3.2. Беш жылда бир жолу көз айнек оптикасын алууга 500 сом өлчөмүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
- азиздиги боюнча майыптарга, аз камсыз болгон иштебеген жалпы оорунун үч тобунун, 4000 сомго чейинки пенсия алган 60 жаштан жана андан жогорку курактагы майыптарга.
3.3. Үч жылда бир жолу угуу аппаратынын наркынын 50% өлчөмүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
- угуу боюнча майыптарга, аз камсыз болгон, иштебеген жалпы оорунун үч тобунун 4000 сомго чейинки пенсия алган 60 жаштан жана андан жогорку курактагы майыптарга.
3.4. Жылуулук берүү мезгилинде жылуулука 40% жеңилдик төмөнкүлөргө берилет:
- жалгыз жашаган, аз камсыз болгон, иштебеген пенсиясы 4000 сомго чейинки пенсионерлерге жана эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөсү бар, пенсиясы 6000 сомго чейинки пенсионерлерге;
- пенсиясы 6000 сомдон ашпаган, бирге жашаган жакын туугандары жок аз камсыз болгон иштебеген пенсионерлерге.
3.5. Токмок шаарында жол жүрүү үчүн, ар бир айдын 15 чейин ай сайын 120 (жүз жыйырма) сом өлчөмүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
- аз камсыз болгон, иштебеген жалпы оорунун бардык үч тобунун майыптарына;
- угуусу жана азиздиги боюнча майыптарга, I топтогу азиз майыптарды жетелеп жүргөндөргө, 18 жашка чейинки майып балдарга жана Токмок шаарынын билим берүү мекемелеринде окуган жетим балдарга;
- маркум баатырлардын оор муктаж үй-бүлөлөрүнө.
3.6. Көмүр үчүн жылдык компенсация төмөнкүлөргө (электр жылыткычы расмий катталбаган жок жана жылытуу максатында көгүлтүр отун колдонбогон үй-бүлөлөргө) берилет:
- жалгыз жашаган, аз камсыз болгон иштебеген пенсиясы 4000 сомго чейинки пенсионерлерге жана эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөсү бар, пенсиясы 6000 сомго чейинки пенсионерлерге;
- пенсиясы 6000 сомдон ашпаган, бирге жашаган жакын туугандары жок аз камсыз болгон иштебеген пенсионерлерге.
- Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам берүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде¸ балдары бар, кирешеси жакырчылыктын чегинен ашпаган үй-бүлөлөргө.
3.7. Бир жылда бир, 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө дары-дармек алууга бир жолку материалдык жардам төмөнкүлөргө көрсөтүлөт:
- 18 жашка чейин майып балдарга;
- АИВ жана ПБИДС менен оорулууларга.
3.8. 360 (үч жүз алтымыш) сом өлчөмүндө квартал сайын социалдык стипендия 500 үй-бүлөгө берилет:
- пенсиясы 4000 сомдон ашпаган жалгыз жашаган, жакын туугандары жок аз камсыз болгон иштебеген пенсионерлерге;
- майыптардын оор муктаж үй-бүлөлөрүнө;
- жүргүзүлгөн иликтөө актысына ылайык жумушсуздукка, табигый кырсыктарга, кыйроого, ооруга ж.б. байланыштуу турмуштун оор кырдаалындагы жарандарга;
- үч же андан көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө;
- майыптыгы бар жалгыз энелерге.
3.9. Бир жолу 1000 сомдон 10 000 сомго чейин жарандарга же анын жакын туугандарына материалдык жардам берилет:
- муктаждык даражасына жараша, мэрдин же СЖКБ башкаруучусунун атына берилген арызга жана турмуш-тиричилигин иликтөө актысы жана муктаждык даражасын аныктаган документтерге (дарылануунун наркы тууралуу малым кат, кымбат баалуу операция өткөрүү, жакын туугандарынын сөөгүн коюу, табигый кырсыкта жабыр тарткандар жана башка күтүлбөгөн кырдаалдар) ылайык, ошондой эле кокустук абалына кабылган жарандарга, комиссиянын чечиминин негизинде СЖКБ аркылуу.
3.10. Жүрүүгө 120 сом өлчөмүндө акчалай компенсация ай сайын берилет:
- кары-картаң жарандарды жана майыптарды үйүнөн тейлеген, жайсыз үй-бүлөлөр менен иштеген социалдык жактан коргоо боюнча башкармалыгынын социалдык кызматкерлерине.
4. Көзөмөл
4.1. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык материалдык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн тууралыгын көзөмөлдөөнү Токмок шаарынын Мэриясы жүргүзөт.
4.2. Тизменин түзүлүшүн көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча комитети жүргүзөт.
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
В. Исалиева |