Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2023-жылдын 03-августу № XX-6
Ноокат шаарындагы убактылуу автоунаа токтоочу жайлардын реестрин кайрадан бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын аткарууга алуу максатында Ноокат шаар мэриясынын айрым унаа токтоочу жайлар бир багыттуу жол кыймылы киргизилгендигине байланыштуу токтотмолорго болгон төлөмдөр жергиликтүү бюджетке түшпөй калгандыктан, аталган убактылуу унаа токтоочу жайлардын жокко чыккандыгын эске алуу менен ижарага берилген убактылуу унаа токтоочу жайлардын реестрин кайрадан бекитип берүү жөнүндө муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика туруктуу комиссиясын сунушунун негизинде, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарында унаа токтоочу жайлардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Реестрге кирбей калган унаа токтоочу жайлар менен болгон келишимдер бир тараптуу жокко чыгарылсын жана бюджетке түшпөй калган каражаттар жылдык планды өзгөртпөстөн эске алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-августундагы
VI чакырылыш XX сессиясынын №XX-6 токтомуна
1-тиркеме
Ноокат шаарындагы убактылуу автоунаа токтоочу
Жайлардын реестри
№ | Муниципалдык автоунаа токтоочу жайлардын менчик ээлери | Автоунаа токтоочу жайлардын жайгашкан дареги | Аянты кв.м | Акы төлөнүүчү унаа токтотмолордун баалары |
1. | ММД | Ноокат шаарынын Ленин көчөсүнүн А.Абдубаитов мектебинин эски стадиону | 400 чарчы метр | Айына: 57 000 сом |
2. | ММД | Ноокат шаарынын Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан Ноокат-Кыргыз-Ата авто стоянкасы | 180 чарчы метр | Айына: 10 000 сом |
3 | ММД | Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Шаар маалла көчөсү | 170 чарчы метр | Айына: 10 000 сом |
4 | ММД | Ноокат шаарынын Ленин көчөсүнун күн чыгыш тарабында жайгашкан афганец магазинден тартып жылулук ишканасына кирген эшигине чейин | 540 чарчы метр | Айына: 36 500 сом |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | М.Ярматов |