Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2023-жылдын 03-августу № XX-7
Ноокат шаарынын аймагында “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө жана жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча комплекстүү иш-чараларынын планы жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагында “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө жана жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча комплекстүү иш-чараларынын планы жөнүндөгү” маселени Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагында “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө жана жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча комплекстүү иш-чараларынын планы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Х.Маткосимовко тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-августундагы
VI чакырылыш XX сессиясынын №XX-7 токтомуна
№1-тиркеме
Ноокат шаарынын аймагында“Автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө жана жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча комплекстүү иш-чараларынын планы
№ | Аткарылуучу иш-чаралар | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжа жана ЧУА |
1 | Ноокат шаарына караштуу борбордук көчөлөрдө, автомобиль жолдорунун жээгин мыйзамсыз соодагерлерди чыгарбоо жана таасир этүүчү чараларды көрүү. Базардын ичине киргизүү; Убактылуу соода кылуу үчүн “Жаш күч” спорт залынын алдына киргизүү. Көчөт базарга киргизүү. | Ноокат РИИБ; Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсү; Ноокат шаар мэриясы жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ММДти. | Ар дайым | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ № 56 Жарлыктарын Ноокат шаарында аткарууга алуу |
2 | Ноокат шаарынын аймагында атайын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар, аймактык тескөөчүлөр, ТОС башчылар менен биргеликте рейддерди уюштуруу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | Ноокат шаар мэриясы, ММД жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен | Ар дайым | Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чараларды көрүү |
3 | Ноокат РИИБ, Ноокат шаар милиция бөлүмчөсү, Ноокат шаар мэриясы, Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ММДти менен биргеликте мыйзамсыз көчө соодасы боюнча иш алып баруу | Ноокат РИИБ; Ноокат шаар мэриясы, ММДти жана Ноокат шаар милиция бөлүмчөсү. | Ар дайым | Мыйзамсыз көчө соодасын иретке келтирүү, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү. |
4 | Борбордук базарлардын санитардык эпидемологиялык абалын, тазалыгын жакшыртуу | Ноокат райондук СЭС, Ноокат РИИБ, “Ноокат базар” кооперативи; Ноокат шаар мэриясы, “Ноокат Тазалык” МИ | Ар дайым | Борбордук базарлардын санитардык эпидемологиялык абалын, тазалыгын жакшыртуу |
5 | Борбордук базарга жана борбордук көчөлөргө өрт коопсуздугу боюнча машыгууларды өткөрүү, өрт өчүрүүчү унаага тоскоолдук жараткан ар кандай тосмолорду алдыруу, бузуу | НРМА; РЖК башчылары, Ноокат шаар мэриясы, Мирмахмудов а/ө; Ноокат базар Кооперативи; Ош областтык АКК башкармалыгы; Ноокат райондук СЭС; Ноокат РИИБ; Ноокат архитектура шааркурулуш башкармалыгы; Ноокат РЭТ; Ноокат райондук ӨКБ. | Ар жума сайын | Өрт коопсуздугунун алдын алуу |
6 | Борбордук базардын ичиндеги баш аламан электр чубалгыларын иретке келтирүү; Базар ичиндеги баш аламан электр чубалгыларын өрт коопсуздугун алдын алуу максатында менчигинин түрүнө карабай мыйзамсыз токту пайдаланып жаткандар боюнча чараларды көрүү; Борбордук базарлардагы эски, кооптуу электр стольбаларынын жана зымдарынын алмаштыруу. Тиешелүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз курулуштарга электр энергиясын киргизүүнү токтотуу | Ноокат РЭТ, Ноокат РИИБ; Ноокат шаар мэриясы; Ноокат райондук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы | Ар жума сайын | Борбордук базарды иретке келтирүү |
7 | Ноокат шаарындагы баардык коомдук тамактануучу жайларга санитардык-эпидемологиялык талаптардын сактоосун эскертүү; Жол боюндагы сатылып жаткан мөмө-жемиш жана май-куруттар боюнча санитардык көзөмөлдөрдү күчөтүү | Ноокат райондук СЭС; Ноокат шаар мэриясы, Ноокат РИИБу. | Ар жума сайын | Борбордук базарды иретке келтирүү |
8 | Ноокат шаарынын аймактарындагы көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү, эскилиги жеткен, тиешелүү уруксат кагазы жокторун алып салуу. | НРМА, Ноокат шаар мэриясы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия | Ар жума сайын | Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу |
9 | Жер участогун, анын максаттуу багыты боюнча пайдалануусун көзөмөлдөө, табылган фактылар боюнча таасир этүү чараларын көрүү | Ноокат шаар мэриясы, ММД ж.б ыйгарым укуктуу органдар менен | Ар жума сайын | Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу; Жер участогу анын максаттуу багытын бузуунун алдын алуу |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы “Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин шаар аймагындагы пайдаланган муниципалдык жерлер боюнча түзүлгөн зоналарынын коэффициенттерин бекитүү жөнүндө” №22-токтомуна ылайык, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын жол мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин, анын ичинде сооданы мыйзамсыз уюштуруунун жана жайгаштыруунун кооптуулугуна өзгөчө таасир этпеген айрым ишкердик субьектерге жана башка сезондук соода-сатыктардын айрым түрлөрүнө уруксат берүү | Ноокат шаар мэриясы, ММД | Ар дайым | Жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү, көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгуу |
10 | Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбестиги жөнүндө жана мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык , административдик жана кылмыш жаза жоопкерчилиги жөнүндө жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүү | Ноокат РИИБ; Ноокат шаар мэриясы, ММДти жана Ноокат шаар милиция бөлүмчөсү. | Күн сайын | Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу; Кызыл, сары сызыктардын өлчөмүн сактоо |
11 | Жер участокторун, чектеринин жайгашуусу жөнүндө маалыматтары кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик кадастрына киргизилбеген капиталдык курулуш объекттеринин, курулмаларынын участокторун ээлеп алууну болтурбоо максатында жер участокторунун чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштер жүргүзүү (генпландын негизинде) | Ноокат кадастр, Ноокат архитектура, шаар кенештин депутаттары, Ноокат шаар мэриясы, ММДти | Ай сайын (комиссия менен биргеликте) | Мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу жана шаардын архитектуралык көркүн сактоо, туш келди сооданы алдын алуу |
12 | Тиешелүү органдар тарабынан бөлүнүп же бекитилип берилген (жеке менчик, улуш жер) жер участогун жарандар же юридикалык жактар өзүм билемдик менен кенейтип алган фактыларды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине жана Граждандык Кодексине ылайык ыкчам чаралар каралсын. | Ноокат кадастр, Ноокат архитектура, шаар кенештин депутаттары, Ноокат шаар мэриясы, ММДти | Ар жума сайын | Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу; Жер участогу анын максаттуу багытын бузуунун алдын алуу |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | М.Ярматов |