Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-октябры № 2-ЧУА
Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн башчылары ушул Тизмекке ылайык төмөндөгү иш-аракеттерди туруктуу негизде жүзөгө ашырышсын:
- орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;
- иш-аракеттери коррупциялык тобокелдикке кабылган функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мэр Э.М. Абдыкадыров
|
|