Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 16-июлу № 116
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин.
1. 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт.".
2. 8-статьяда:
1-бөлүгүндө "беш" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын шайкештигин өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча жүзөгө ашырылат.".
3. 9-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |