Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынынкезектеги IV сессиясы
2023-жылдын 06-июлу № 20
2023-2025-жылдын мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “ Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн долбоорун, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги №2 отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгына ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы долбоору бекитилсин. (тиркемеси тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ысаков С.Б. |
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасы; Ысаков С.Б. ____________
2023-жылдын 6-июлу
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
№ 20 токтомуна
1-тиркеме
2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы.
№ | Аткарылуучу иштин мазмуну | мөөнөтү | Жооптуулар |
| |
1 | Тиричилик калдыктарын анын ичинде катуу тиричик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экономикалык жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү | 2023-2025-жылдарга | Р.Ахматов Б.Турдуев Н.Жолдошова Б.Сыдыков Т.Мамытов
|
| |
2 | Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өркүндөтүү | 2023-2025-жылдарга | Р.Ахматов Б.Турдуев Н.Жолдошова Б.Сыдыков, М.Мирадилов М.Байназаров Н.Джапаров, Т.Мамытов
|
| |
3 | Тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматтык камсыздоону түзүү | 2023-2025-жылдарга | Р.Ахматов Б.Турдуев И.Джураев Б.Сыдыков Т.Мамытов
|
| |
4 | Катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктурасы өнүктүрүүгө палигондорду оптималдаштырууга,тиричилик калдыктарын кабыл алуу пунктарын,таштандыларды сорттоочу жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды анын ичинде жеке менчик формадагыларын курууга багытталган инвеститцияларды өздөштүрүү | 2023-2025-жылдарга | Р.Ахматов Б.Турдуев Р.Джураев Б.Сыдыков |
| |
5 | Калдыктарды өздүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан калдыктарды иштетүү боюнча чыгымдарды компенсациялоону караган тиешелүү укуктук жана экономикалык негизди түзүүнүн зарылдыгын аныктаган “булгоочу төлөйт” принцибин киргизүү | 2023-2025-жылдарга | Р.Ахматов Б.Турдуев И.Джураев Б.Сыдыков Н.Абдинабиев М.Мазеитов |
| |
6 | 2022-жылдын 31-декабрына чейин аймактарды көрктөндүрүү жашылдандыруу тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана тиешелүү кеңештин бекитүүсүнө киргизүу | 2023-2025-жылдарга | Р.Ахматов Б.Турдуев Н.Жолдошова Б.Сыдыков, М.Мирадилов М.Байназаров, Н.Джапаров Р.Ахматов, Т.Мамытов
|
| |
Ак-Татыр айыл өкмөттүн жооптуу катчысы м.а: | И.Джураев | ||||