Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 06-марты № 25/4
Дөбөлү айыл аймагынында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалык боюнча эрежени бекитүү жөнүндө
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарыгын Дөбөлү айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартип сактоо эрежелерин бекитүү максатында Дөбөлү айылдык Кенеш токтом кылат:
1. “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Дөбөлү айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча» Эреже, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом жана Дөбөлү айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана алуу жагы Муиниципалдык иш кананын жетечиси Ж. Султановго жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б. Токталиевге милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Субанбеков |