Загрузка документа…
СОСНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-сентябрындагы № 14
“Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин, “Кыргыз Республкасынын географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Сосновка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сосновка айыл аймагын бириктирүүгө макулдук берилсин.
2. Сосновка, Талды-Булак, Сары-Булак айыл аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушу «Талды-Булак айыл аймагы» деген жаңы аталыш берилсин.
3. Сосновка айылынын аталышы ошол бойдон калсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Сосновка айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысыСырдыбаев Урмат Кулматовичке жүктөлсүн.
Сосновка айылдык кеңешинин төрагасы | Д.А.Молтоев |