Загрузка документа…
CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын
2023-жылдын 06-октябры № 4/17
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» ПЖ №215 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 61-беренесинин негизинде Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» ПЖ №215 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын калкынын саны 2826 болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйындардын өкүлдөрүнүн жалпы саны 40 деп бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйындарынын өкүлдөрүн шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөр Сары-Булак айыл аймагындагы
Ак-Кыя, Сары-Булак, Төлөк айылдарынын калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен №2-тиркемеге ылайык пропорционалдуу шайлансын.
5. Сары-Булак айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындардын өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү 2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин
№3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
6. Элдик Курултайдын делегеттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү 2023-жылдын 18-ноябры деп №4-тиркемеге ылайык белгиленсин.
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга жана жумушчу тобуна өкүлчүлүктүү жыйындардын өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |
| №1-тиркемеси |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IVсессиясынын 2023-жылдын 6-октябрындагы №4/17 токтомунун |
Сары-Булак айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана
өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
№ | А.А.А. | Кызматы | Жумушчу тобундагы ролу | Айыл аймакка жооптуу |
1 | Зарылбек уулу Айбек | Айылдык Кеңештин төрагасы | Төрага | Баардыгына |
2 | Иманкулова Кундуз Зарылбековна | Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы | Катчы | Баардыгына |
3 | Молдокулова Гүлмира Исаевна | Депутат | Мүчөсү | Ак-Кыя |
4 | Чылабаев Самат Кубанычбекович | Депутат | Мүчөсү | Ак-Кыя |
5 | Бактыбек уулу Майрамбек | Айыл башчы | Мүчөсү | Ак-Кыя |
6 | Мамбеталиев Жаныбек | Айыл башчы | Мүчөсү | Төлөк |
7 | Абласова Салтанат Табылдиевна | Депутат | Мүчөсү | Төлөк |
8 | Абдыкадыров Талантбек Зарылбекович | Депутат | Мүчөсү | Төлөк |
9 | Алышпаева Светлена Турашовна | Депутат | Мүчөсү | Сары-Булак |
Жооптуу катчы | К. Иманкулова |
| №2-тиркемеси |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IVсессиясынын 2023-жылдын 6-октябрындагы №4/17 токтомунун |
Сары-Булак айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарынын өкүлдөрүнүн
саны жана квотасы:
№ | Айылдардын аталышы | Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) |
1 | Ак-Кыя айылы | 836 | 70,6 | 12 | 9 эркек, 3 аял |
2 | Сары-Булак айылы | 246 | 70,6 | 3 | 2 эркек, 1 аял |
3 | Төлөк айылы | 1744 | 70,6 | 25 | 18 эркек, 7 аял |
Жалпысы: | 2826 |
| 40 делегат | 29 эркек, 11 аял | |
Жооптуу катчы | К. Иманкулова |
| №3-тиркемеси |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IVсессиясынын 2023-жылдын 6-октябрындагы №4/17 токтомунун |
2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин Сары-Булак айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындарынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ:
№ | Айыл аймагы | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Ак-Кыя айылы | О. Макишов атындагы Каракужур айылдык маданият үйүндө | 16.10.2023-жыл саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, Өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Сары-Булак айылы | №14 жол тейлөө ишканасынын имаратынын жанында | 18.10.2023-жыл саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, Өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | Төлөк айылы | Кең-Суу айылдык клубунда | 20.10.2023-жыл саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, Өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Жооптуу катчы | К. Иманкулова |
| №4-тиркемеси |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IVсессиясынын 2023-жылдын 6-октябрындагы №4/17 токтомунун |
Сары-Булак айыл аймагынан Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ:
№ | Айыл аймагы | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Сары-Булак айылы | №14 жол тейлөө ишканасынын жанында | 18.11.2023-жыл саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, Өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Жооптуу катчы | К. Иманкулова |