Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 20-июнундагы № 147
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы “Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” № 156 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого ылайык келтирүү максатында Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсуповдун жана Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы К. Насиповдун Ош шаарынын прокуратурасынын 2023-жылдын 16-майындагы №11-7б-676-23 ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштамасындагы маалыматтарды угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 13-июнундагы №17 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы “Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” №156 токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1.1. 11-пунктундагы “же менчикке” деген сөздөр алынып салынсын.
1.2. 11-пункт төмөндөгүдөй пунктчалар менен толукталсын:
“д) жер тилкеси социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорт багытындагы жана саламаттык сактоо имараттарын жана жайларын) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;
е) жер тилкеси курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке кайтарымсыз өткөрүп берүүнүн жана берилген жер тилкесин кайтарып берүүнүн милдеттүү шартында социалдык (сейил бактар, автомобиль транспортунун инфраструктурасы) жана өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.”
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы “Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” №156 токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого шайкеш келтирүү үчүн тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизүү милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |