Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ
(III ЧАКЫРЫЛЫШ)
2014-жылдын 31-марты № 156
Ош шаарынын муниципалдык
менчигинде турган жер
участокторуна менчик же ижара
укуктарды акы төлөө менен
берүү тартиби жана шарттары жөнүндө
Жобону бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 20-январындагы, Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитип берүү жөнүндөгү 17/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык, өзгөчө кырдаалдар маселелери жана мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат, дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2014-жылдын 6-февралындагы кошмо отурумунун № 1-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо, жер тилкесинин планы №1,№2-тиркемелерге ылайык бекитилсин (№1,№2-тиркемелер тиркелет).
2.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 11-майындагы №32-“Ош шаарындагы жер участкаларын менчикке же ижарага пайдаланууга берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү” токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык, өзгөчө кырдаалдар маселелери жана мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат, дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына (К. Пазилов, Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңештин төрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 31-мартындагы кезектеги XVI-сессиясынын №156-токтомуна №1-тиркеме |
Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө
ЖОБО
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр
III. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети
IV. Жер тилкелерине укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
V. Жер тилкелерин түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби
VI. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тоорукту жана түз сатууну уюштуруунун тартиби
VII.Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
VIII.Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
IX. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
X.Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1.Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомун жетекчиликке алуу менен иштелип чыкты жана Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине (мындан ары – жер тилкелери) менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2.Жер тилкелерине менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер тилкелерин ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Жер тилкесине менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3.Жер тилкелери ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын сунушу боюнча жер тилкелерине укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан аныкталат. Мурда ижарага убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелеринин убактылуу пайдалануу мөөнөтүн 3 жылдык мөөнөткө чейин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы өз алдынча узарта алат, ал эми 3 жылдан жогорку убактылуу пайдалануу мөөнөттөрү комиссиянын чечими боюнча узартылат.
4.Бул Жобонун талаптары бардык учурларда аткарылууга тийиш болгон жер тилкелерин түзүү процедурасынан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларга карата колдонулбайт.
II. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр
5. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
жерлерди ижаралоо - менчик ээсинин жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер тилкесин ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос - жер тилкесине укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - шаардык жана айылдык калктуу конуштарда конуш куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жанажер пайдалануу эрежелеринде жанажер тилкелерин, кыймылсыз мүлктүн башка обьекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документтери - калктуу конуштарды пландоонун структурасынын райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруунун долбоорлору;
сары сызыктар (линиялар) - кыйраткыч жер титирөөлөрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлүштөрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максималдуу жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талап кылынган учурларда тооруктун предметин сатуу;
кызыл сызыктар (линиялар) - бул көчөлөрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бөлүп туруучу, көчөлөрдүн жана жолдордун ээсин аныктоочу жана чек ара болуучу сызыктар;
лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер тилкеси;
карасанатай атаандаштык - субьекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:
- тооруктун катышуучуларынын өз ара жашырын макулдашуусуна;
- коррупцияга;
- тоорукта бааны жасалма кымбаттатууга, арзандатууга же кармап турууга;
- потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа бериллүүчү обьектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк обьекттерин пайдаланууну жана өзгөртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу менен жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары;
түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер тилкесине менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер тилкесине менчик укугу - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын өзүнө таандык жер тилкесине Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен өз каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзамдык актылары менен таанылуучу жана корголуучу укугу;
жер тилкесин уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк обьектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;
жер тилкесинин баштапкы баасы - тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган жер тилкесинин баштапкы баасы;
тоорук - муниципалдык менчикте турган жер тилкеге укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;
жерлердин максаттуу пайдаланылышы - жер тилкелерин жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген түзүмү (Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы).
III. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары,
катышуучулары жана предмети
6. Жер тилкесине укукту берүү боюнча тоорукту Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы уюштурат.
7. Жер тилкелерине укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык «Курулуштарга жана жер пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссия» (мындан ары – комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамы Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын сунушу боюнча Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин чечими менен бекитилет.
Комиссиянын төрагасы кызматы боюнча Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик, шаар куруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри болуп эсептелет.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.
Комиссиянын жалпы курамы 13 адамды түзүп, кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
- Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин үч депутаты;
- Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын эки кызматкери (архитектура-курулуш, юридика маселелерин тейлөө бөлүмдөрдөн бирден адам);
- Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы;
- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
- Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси;
- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы;
- коомчулуктан, коммерциялык эмес жана башка уюмдардан 2 өкүл.
8. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер тилкесине менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
- жер тилкесине укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;
- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер тилкесинин баштапкы баасын белгилейт;
- тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
- жер тилкесине укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) жеке турак үйлөрдү куруу үчүн укуктарды акысыз берүү менен байланышкан маселелерди чечүүдөн тышкары, Ош шаары боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө маселелерди кароого жана чечимдерди кабыл алууга;
б) өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
в) жер тилкесинин баасын баалоо наркынын 20 пайызынын чегинде кымбаттатууга же арзандатууга.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, ал эми ушул Жободо каралган учурларда – тооруктун жеңүүчүсү да кол коюшат. Негиздүү себептер менен комиссиянын төрагасы жыйынга катышпай калган учурларда, комиссиянын төрагасынын орун басары төрагалык кылат.
9. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар болушат.
10. Тооруктун предмети болуп жер тилкесин сатуу-сатып алуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет, ал эми түз сатуунун предмети болуп жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.
IV. Жер тилкелерине укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
11. Жер тилкесин ижарага берүү укугу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берилет, эгерде:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкесинде имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электери бар болсо жана алар ошол жактарга менчик укугунда таандык болсо;
б) жер тилкеси ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;
в) жер тилкеси ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал обьекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же обьекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер тилкеси козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер тилкесине укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;
г) жер тилкеси ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер тилкесине укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо.
д) жер тилкеси социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорт багытындагы жана саламаттык сактоо имараттарын жана жайларын) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;
е) жер тилкеси курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке кайтарымсыз өткөрүп берүүнүн жана берилген жер тилкесин кайтарып берүүнүн милдеттүү шартында социалдык (сейил бактар, автомобиль транспортунун инфраструктурасы) жана өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы комиссиянын чечиминин негизинде төрт жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага бериши мүмкүн. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши мүмкүн.
V. Жер тилкелерин түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же
түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби
13. Менчик же ижара укугу түзүлгөн жер тилкелерине берилет. Жер тилкеси төмөнкүдөй учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде:
- жер тилкеси үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка);
- жер тилкесинин чек аралары аныкталган;
- жер тилкесине уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар;
- ал жер тилкеси боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени жөнүндө, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженерлик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы жөнүндө, пландалып жаткан инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жөнүндө, аларга кошуунун мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо;
- ал жер тилкесинде турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (эгер алар бар болсо).
14. Менчик же ижара укугун берүү үчүн жер тилкелерин түзүү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан өз демилгеси боюнча же жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде ишке ашырылат.
15. Тоорукта жер тилкесине укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына арыз менен кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер тилкесине суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, тилкенин аянты жана турган жери; конкреттүү жер тилкеси жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер тилкеси тандалат жана түзүлөт.
16. Жер тилкесине укукту түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына арыз менен кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер тилкесине суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- тилкенин аянты жана турган жери;
- козголбос мүлк обьекти жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо);
- ушул Жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга булар тиркелет: ушул Жобонун 11-пунктунун б) пунктчасында каралгандан башка учурларда – жер тилкесине жана козголбос мүлктүн обьектисине (имаратка жана курулмага) укукту күбөлөндүрүүчү документтердин нускалары.
17. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы арыз ээсине арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастама берет.
18. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы өз демилгеси боюнча же арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгына (мындан ары – Ошбашкыархитектура) жер тилкесин түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жиберет.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана аянттын болжолдуу аянты менен жайгашкан жерин көрсөтүү каралат.
19. Бул Жобонун 11-пунктунун а) пунктчасында каралган учурларда; эгер укук берилип жаткан жер тилке мурда түзүлгөн болсо ошондой эле жер пайдалануу мөөнөтү узартылып жатса (эгерде фунционалдык багыты жана жер тилкесинин аянты өзгөрбөсө) жер тилкени кайрадан түзүү талап кылынбайт.
20. Ошбашкыархитектура суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндүн ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттер ылайык эместиги аныкталса Ошбашкыархитектура кийинки күндөн кечиктирбестен Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.
21. Суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы аныкталганда Ошбашкыархитектура 7 иш күндүн ичинде жер тилкесинин 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
- жер тилкесинин чек арасы, тилкенин бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк обьекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер тилкеси аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
22. Жер тилкелерин түзүү боюнча иштин стадиясында Ошбашкыархитектура инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо үчүн инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштөөнү камсыздайт.
Ошбашкыархитектура жер тилкесинин схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык жер тилкесинин схемасынын нускасы менен кошо буларга суроо жиберет:
- Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ош шаардык башкармалыгына (мындан ары – Мамкаттоо) жер тилкесинин чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар – жер тилкелеринин менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
- электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга, баштапкы техникалык шарттарды алуу үчүн;
- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына, тийиштүү корутунду алуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер тилкеси эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер тилкесинде муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
Эгер жер тилкесине укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер тилкесин ушул пунктка ылайык түзүүдө бул аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.
23. Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар баштапкы техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү корутундуну архитектура органына 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Баштапкы техникалык шарттарда инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максималдуу жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженерлик коммуникациялары жок болсо – ал райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында курулуш куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат, жана мыйзамда каралган учурларда – тийиштүү мыйзамдарды аткаруу боюнча чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
Инженердик тармактарга кошууга мүмкүндүк жоктугу, тооруктун катышуучусу же жер тилкесин түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта, жер тилкесине укукту берүүгө тоскоол болбойт.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе Ошбашкыархитектура жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган деп эсептелет, бирок ошол эле учурда Мамкаттоо тарабынан корутунду болуусу зарыл.
24. Эгер жер тилкеси менчикке берилип жатса, анда жер тилкесине менчик укугу менен кошо ал жер тилкесинде жайгашкан башка козголбос мүлк обьекттерине, анын ичинде бак-дарактарга да менчик укугу менчик ээсине өтөт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам жол бербесе, анда өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган ал жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттарын аныктайт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам тыюу салбаса, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган андай өсүмдүктөрдүн баасын компенсациялоонун суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт.
Мындай учурда бак-дарактарды кыюуга же көчүрүүгө уруксат документтерди кайрадан макулдашуу же алуу талап кылынбайт.
25. Ошбашкыархитектура алынган материалдардын негизинде 7 иш күндүн ичинде белгиленген формада жер тилкесинин планын №2 тиркемеге ылайык 2 нускада түзөт.
Жер тилкесинин планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) жер тилкесинин топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган схемасы түрүндөгү графикалык материал, ага булар тартылат:
- жер тилкесинин чек арасы, тилкенин бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк обьекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер тилкеси аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары;
- инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоордук трассалар жана ага кошулуучу чекиттер, ошондой эле инженердик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;
- курулуш курулчу сызыктар, кызыл, сары сызыктар;
- сууну коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналарынын чектери;
- жер тилкеге баруучу жолдун уюштурулушу;
- транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).
б) Текст түрүндөгү материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер тилкесинин параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер тилкелерин уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:
- уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
- курулуштардын жер тилкелеринун чегинен минимум аралыктары;
- курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу;
- жер тилкеге курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана пайызы.
Жер тилке тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо жер тилкесинин планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:
- курулуштарды куруунун жана/же пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Тилкенин жайгашкан жерине жана обьекттин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
- абаттоо жана фасаддар боюнча талаптар;
- транспорт коюучу, анын ичинде курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана жер тилкеге баруучу жолдорду көрсөтүү менен;
- инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);
в) обьектти инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул Жобонун 21-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер тилкесинин планына Ошбашкыархитектуранын жетекчиси кол коет.
Жер тилкесинин планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилөө камсыздалат, ал жөнүндө планга тийиштүү жазуу жазылат.
26. Жер тилкесинин планын даярдоонун жалпы мөөнөтү тапшырма берилген күндөн баштап 25 иш күн.
27. Ушул Жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда жер тилкесин түзүү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы арыз алынган күндөн баштап 3 иш күндүн ичинде Ошбашкыархитектурага арыздын нускасын тиркөө менен тапшырма жиберет.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасын, тилкенин болжолдуу аянтын жана дарегин көрсөтүү караштырылат. Жер тилкесинин аянтын Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы түшкөн арызга жараша жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
Ошбашкыархитектура суралып жаткан жер тилкеси боюнча курулуштук ниеттердин курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндүн ичинде аныктайт.
Суралып жаткан жер тилке боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги аныкталса Ошбашкыархитектура 7 иш күндүн ичинде жер тилкесинин 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
- жер тилкесинин чек арасы, тилкенин бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк обьекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштырылат;
- жер тилкеси аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
Ошбашкыархитектура жер тилкесинин схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер тилкесинин схемасынын нускасын ага тиркелген арыздын нускасы менен кошо төмөнкүлөргө жиберет:
- Мамкаттоого, жер тилкесинин чек араларын, үчүнчү жактардын укуктарын, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар – жер тилкелеринин бардык менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер тилкеси эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер тилкесинде муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
28. Мамкаттоо жана ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар Ошбашкыархитектурага тийиштүү корутундуну ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе Ошбашкыархитектура жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органда жактырылды деп эсептелет, ошол эле учурда Мамкаттоонун корутундусу болуусу зарыл.
Зарыл болгон учурларда Ошбашкыархитектура Мамкаттоодон келген материалдардын негизинде жер тилкесинин планын 1 иш күндүн ичинде тактайт.
29. Жер тилкесинин планы курулуш обьекттерин долбоорлоого баштапкы материал болот жана курулуш обьектин инженердик тармактарга кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды алууда инженердик-техникалык коммуникациялар өтүүчү трассалардын долбоорун жана аларга кошуу чекиттерин чийүү үчүн графикалык негиз болот. Курулушка уруксат документтерди тариздөөдө архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
30. Ошбашкыархитектура ушул Жобонун 25 жана 28-пункттарында каралган мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жер тилкесинин планын ага тиркелген бардык материалдар менен кошо Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына берет.
31. Жер тилкесин түзүүгө байланыштуу чыгымдарды Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жер тилкелерине менчик жана ижара укугун сатуудан түшкөндөн топтолуучу каражаттардын эсебинен төлөйт. Түзүлгөн ар бир жер тилкеси боюнча жер тилкесин түзүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы түзүлүп, ал Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына берилет. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жер тилкесин түзүүгө байланышкан чыгымдары жер тилкесинин баасына киргизилет.
32. Төмөнкүдөй учурларда жер тилкесине укукту берүүгө болбойт, эгерде:
- жер тилкеси ушул Жобого ылайык түзүлбөсө;
- Ошбашкыархитектуранын суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундусу болсо, же Мамкаттоо жер тилкесин берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.
VI. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тоорукту жана
түз сатууну уюштуруунун тартиби
33. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жер тилкесинин планын ага тиркелген бардык материалдары менен 3 иш күндүн ичинде карайт.
Аталган документтерди кароонун жыйынтыгында Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы:
- коомдук угууларды өткөрөт (ушул Жобонун 34-пунктунда каралган учурларда);
- жер тилкесин баалайт;
- же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда аларды Ошбашкыархитектурага кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
Ошбашкыархитектура ал документтерди 5 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына жиберет.
34. Тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, ошондой эле турак жай зонасындагы жер тилкесине укук берилип жатканда Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ушул Жобонун 11-пунктунун а) жана б) пункттарында каралгандан башка учурларда жер тилкесинин планы алынган күндөн кийин бир айдын ичинде ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык коомдук угуу өткөрөт.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы кызыкдар жактарга угуулар болгону жатканы жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сайтына жана/же жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүүдө угуу өткөрүлүүчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер тилкеси жөнүндө маалыматтар (турган жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү маалымат менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнүндө маалыматтар, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын байланышуучу маалыматтары болууга тийиш.
Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Ошбашкыархитектуранын, Мамкаттоонун жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы протокол түзөт, анда түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат.
Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол жер тилкесинин планы жана ага тиркелген материалдар менен комиссияга жиберилет. Протоколдун нускасы Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге илинет жана/же Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтына жарыяланат.
35. Коомдук угуунун жыйынтыгында жер тилкесинин планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аны Ошбашкыархитектурага кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген мөөнөттө иштеп чыгат жана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына жиберет.
36. Жер тилкесине укук коомдук угуу өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, ал жер тилкесин берүү максатында кайталап коомдук угуу өткөрүү талап кылынбайт.
37. Жер тилкесине ижара укугунун баштапкы баасы Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан ушул Жобонун 9-бөлүмүнө ылайык аныкталат, ал эми жер тилкесинин менчик укугунун баштапкы наркы Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат жана комиссиянын кароосуна акыркы наркын жана/же ижара акыны аныктоо үчүн сунушталат. Акыркы нарк комиссия тарабынан аныкталат.
Жер тилкесинде муниципалдык менчикке тиешелүү имараттар жана курулмалар, ошондой эле бүтө элек курулуш бар болгон учурларда тилкенин баасына ушул обьекттердин баасы да кошулат.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жер тилкесинин баасын, анын ичинде көз карандысыз баалоо жүргүзүү менен жер тилкесинин планы алынгандан кийин 10 иш күндүн ичинде аныктайт (эсептейт). Көз каранды эмес баалоо жүргүзүү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен көз карандысыз баалоочунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат.
38. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы 3 иш күндүн ичинде жер тилкесинин планын тиркелген бардык материалдары менен кошо комиссиянын кароосуна берет.
39. Комиссия жер тилкесинин планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде карайт.
Комиссия жер тилкесин тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер тилкесине берилип жаткан укуктун түрү (менчик, ижара), жер тилкесине укукту берүүнүн ыкмасы (аукцион, конкурс, түз сатуу), жер тилкесинин баштапкы баасы, гарантиялык акынын өлчөмү, тоорукка катышуучулардын аны төгүү мөөнөтү жана тартиби, аукциондук кадам (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттары (конкурс өткөрүлгөн учурда).
Комиссиянын жер тилкесин тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.
40. Ушул Жобонун 14-15-пункттарында каралган учурларда Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
41. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ар бир жер тилкеси боюнча информациялык пакет түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- Жер тилкесинин планынын көчүрмөсү, ага тиркелген материалдары менен кошо;
- жер тилкесинин баштапкы баасы;
- конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);
- гарантиялык акынын (барымтанын) өлчөмү, тоорукка катышуучулар тарабынан аны төгүүнүн мөөнөтү жана тартиби;
- жер тилкесин сатуу-сатып алуу же ижарага алуу келишиминин долбоору;
- тооруктун жеңүүчүсү же түз сатуу жолу менен бериллүүчү жер тилкесин сатып алуучу менен келишим түзүүнүн мөөнөтү.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тоорукка катышууну каалагандарга маалыматтык пакетти берүүгө милдеттүү.
Маалыматтык пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
42. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күндөн кем эмес мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана/же Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү.
Билдирүүдө тооруктун убактысы, орду жана формасы, предмети, тооруктун предметинин баштапкы баасы, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү, гарантиялык акы (барымта), төгүлүүчү банктын реквизиттери, толук маалымат алуу үчүн Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
VII. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
43. Жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт:
44. Тоорукка коюлуучу бардык обьекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.
45. Тоорукта обьекттер «бир номер – бир лот» деген схема боюнча берилет.
46. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна буларды берет:
- тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
- талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;
- талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;
- адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;
- гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөмдүк документтер.
Жер тилкесине менчик укугун берүү боюнча тоорукка катышуу ниетин билдирген юридикалык жак ал юридикалык жак чет өлкөлүк эмес экенин ырастаган документти кошумча тапшырат (уставдын же уюштуруу келишиминин көчүрмөсү, акционерлердин реестринен көчүрмө ж.у.с).
47. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накталай акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы берилүүчү жер тилкесинин баштапкы баасынын 10 пайызынан ашык эмес өлчөмдө белгилейт.
48. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
49. Эгер талапкер тоорукка бир нече обьект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир обьект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Гарантиялык акы (барымта) төмөнкүдөй учурларда 5 иш күндүн ичинде кайтарылууга тийиш:
- тоорукта утпаган катышуучуга;
- эгер тоорук болбой калса;
- тоорукка катышуудан тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда баш тартылса.
50. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапкерлер арыз кабыл алынганы жана номер ыйгарылганы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алган учурдан баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат.
51. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:
- арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген, аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
- арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
- ушул Жобонун 46-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.
52. Тооруктун катышуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;
- тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты маалыматтык пакетти алуу жолу менен алууга;
- тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;
- тооруктун предметин кароого;
- комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана алардын нускаларын алууга;
- тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
53. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
54. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
55. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мөөнөттө баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
56. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
57. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра берилбейт.
58. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду комиссия тарабынан дайындалуучу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин баштапкы баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лотту баштапкы баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы, катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны аукциончунун жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири да андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
Эгер, аукциондун жүрүшүндө баштапкы баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу баштапкы бааны 20 пайыздан ашык эмес арзандатууга укуктуу.
59. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурска катышуучу, билдирүүдө жана маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлүүчү күнү, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер тилкесинин баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.
Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда комиссия конкурсту өткөрүү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышып отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер тилкесинин баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
60. Жер тилкесине укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:
Түз сатууну комиссия жер тилкесин түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 иш күндүн ичинде ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык өткөрөт.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы комиссия жер тилкесин түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап 3 иш күндүн ичинде ушул Жобонун 39-пунктуна ылайык арыз ээсине түз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага маалыматтык пакетти жиберүүгө милдеттүү.
Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчү жер тилкесинин баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө комиссия жер тилкесинин баасын баалоо наркынын 20 пайызынын чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.
Арыз ээси жер тилкесин алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.
VIII. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
61. Тооруктун жүрүшүндө обьектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
62. Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер тилкесин түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
63. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:
- тооруктун предмети болгон лоттун номери жана жер тилкеси боюнча маалыматтар (турган орду, аянты);
- тооруктун жеңүүчүсүнүн же жер тилкесин түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;
- тооруктун же түз сатуунун предметинин баштапкы жана акыркы баасы;
- тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;
- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Тооруктун же түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү кол коюлган күндөн кийин 3 күндүн ичинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.
64. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.
Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
65. Тооруктун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тооруктун жеңүүчүсү же жер тилкесинин түз сатып алуучусу менен жер тилкесин сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.
66. Жер тилкеси үчүн акы акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) менен Ош регионалдык казыналык бөлүмүнүн эсеп счетуна төлөнсө болот.
67. Келишим жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Жер тилкесине менчик же ижара укугу козголбос мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
68. Жер тилкесинин схемасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.
IX. Ижара акыларын эсептөө жана төлөтүү шарттары, тартиби
69. Жер тилкелерин ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акыларын эсептөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт:
70. Чет элдик жактарга ижара шартында, анын ичинде тоорук аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкелери үчүн базалык ижара төлөмүн аныктоодо (ЧЭЖК) коэффициент Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө колдонулат.
71. Ижара акынын чени (тарифи) депутаттардын Ош шаардык Кеңеши тарабынан Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын сунушу боюнча бекитилет.
72. Эсептешүү жүргүзүп жаткан күндө колдонулуп жаткан жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилген ижара акынын ченин колдонуу менен Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан ижара акынын көлөмүн эсептөө жүргүзүлөт.
Жер тилкелериүчүн ижара акыны аныктоо үчүн, анын ичинде баштапкы наркты жана жер тилкелерин убактылуу пайдалануу мөөнөттөрүн узартууда ушул жобонун 69-пунктунда каралган эсептөөлөр колдонулат жана алжер салыгы болуп саналбайт.
73. Долбоорлоо, куруу жана курулушу бүтө элек жер тилкесин тоорук аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акы сунуш кылынган жана/же белгиленген ижара акыга ылайык келишим түзүлгөн учурдан тартып ижарачы ижара акы төлөйт. Ижара акынын чендери өзгөргөн учурда, өзгөргөн күндөн тартып кайра каралууга тийиш.
74. Эгер ижара шартындагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкесинде эки же андан ашык жер пайдалануучу бар болсо жана аларга жер пайдаланууну бирдикке өз алдынча бөлүү мүмкүндүгү жок болсо, анда ал жер тилке жалпы пайдаланылуучу тилке деп саналат. Жер тилкесин пайдалануу үчүн ижара акылар ар бир жер пайдалануучу ээлеп турган жер тилкесинин аянтына пропорционалдуу алынат.
75. Курулган жайлардын бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү шарты менен жер тилкесин берүүдө ижара акыларды эсептөө келишимдин шарттарына жана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын эсептөөлөрүнө ылайык жайларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү пайызына барабар пайыздык катышта жүргүзүлөт.
76. Келишимде көрсөтүлгөн жер тилкеси көп функционалдуу багытта болсо, мындай жер тилкесин пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөө эксплуатацияга кабыл алуу актысы жана техникалык паспорт боюнча жүргүзүлөт, а эгер көрсөтүлгөн документтер жок болсо, жер тилкесинин аянтын бирдей үлүшкө бөлүү шарты менен жүргүзүлөт.
77. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөтү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аныкталат, жер тилкесине ижара келишиминде милдеттүү түрдө көрсөтүлөт жана келишим түзүлгөн күндөн тартып эсептелет, бирок 36 айдан ашпашы керек. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөттөрүндө ижара акыларды эсептөө сунуш кылынган жана/же белгиленген ижара акыдан 30 пайыз жеңилдиктерди берүү менен эсептелет.
78. Ижара акыларды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан айып санкциялары (туумдар) салынат, ошондой эле Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын болжолдуу билдирүүсү боюнча инженердик-техникалык коммуникацияларды пайдаланууда чектөөлөр боюнча чараларды көрүлүшү мүмкүн.
Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде жер тилкесине же анын бөлүгүнө укуктарды өткөрүп берүүдө ижара келишим жаӊы жер пайдалануучу менен калган мөөнөткө түзүлөт. Мындай учурда жер тилкесин пайдалануу мөөнөтү калыбына келтирилбейт жана укук ырастоочу документ чыккан учурдан тартып саналат.
79. Эгер ижарачы жер тилкесинин мөөнөтү бүткөндөн кийин пайдаланып жатса, ижарачы жер тилкесин анык кайтарып бергенге чейин жер тилкесин пайдаланган бардык убакыты үчүн ижара акыны төлөөгө милдеттүү.
X. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
80. Жер тилкелерин тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт. Ал акчанын 10 пайызы ушул Жобонун 81-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдарды жабуу үчүн Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебине жөнөтүлөт. Ошондой эле муниципалдык мүлктү кармоого, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуу, тажрыйба алмашуу, дем берүү, сыйлык берүү, кызматтык зарылчылыктар менен иш сапарга жөнөтүү, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы заказчы болуп саналган муниципалдык менчиктин обөекттерин долбоорлоо жана куруу үчүн жөнөтүлөт.
81. Жер тилкелерин менчикке же ижарага берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде архитектуранын, мамлекеттик каттоо органынын, көз каранды эмес баалоочулардын кызматтарына акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы көтөрөт.
XI. Корутунду жоболор
82. Ыйгарым укуктуу органдардын жер тилкелерин берүүгө тиешелүү чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга болот.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучусу: |
М.Жолдошева |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 31-мартындагы кезектеги XVI-сессиясынын № 156-токтомуна №2-тиркеме |
ЖЕР ТИЛКЕСИНИН ПЛАНЫ
Жер тилкесинин параметрлери (мүнөздөмөсү):
Жер тилкесинин идентификациялык коду (эгер берилсе) _____________
Обьекттин (жер тилкесинин) жайгашкан жери _______________________
__________________________________________________________________
Жер тилкесинин аянты: ___________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу: ________________________________________
Кыртыш астындагы суулардын тереңдиги: ____________________________
Жер тилке техногендик жана коркунучтуу жаратылыш процесстерге кабылышы мүмкүн (мүмкүн эмес:) ____________________________________________
1. Графикалык бөлүк:
Жер тилкесинин чек аралары, инженердик тармактын трассалары, курулуш сызыгы, кызыл, сары, жашыл сызыктар көрсөтүлүү менен М 1:500 топографиялык негизде чийилген схемасы.
2. Тексттик бөлүк:
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│1. Тандалган жер тилкесинин билдирген пайдалануу ниетине, шаар куруу │
│документтерине жана Курулуш куруунун жанажер пайдалануунун │
│эрежелерине (пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүндө) ылайыктуулугу│
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Башкы план │Шаар куруу документтеринин жана │
│ │Курулуш куруу жанажер пайдалануу │
│ │эрежелеринин бар экендиги │
│ │(реквизиттери менен) жана аларга │
│ │ылайыктыгы көрсөтүлөт │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Деталдуу пландаштыруу долбоору │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Шаар куруунун башка документтери │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Курулуш куруу жанажер пайдалануу │ │
│эрежелери │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│2. Жер тилкени пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенти │
│уруксат берилген пайдалануунун чектик параметрлери): │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│2.1. Жер тилкени пайдаланууга │ │
│уруксаттын түрлөрү │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2.2. Курулуштардын жер тилкесинин │ │
│чегинен минималдуу алыстыгы │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2.3. Обөекттин кабаттуулугунун │ │
│чеги (максимум жана/же минимум │ │
│кабаттуулук (бийиктик) │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2.4. Жер тилкеге курулуш куруунун │ │
│максимум пайызы жана аянты │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана │
│талаптар: │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3.1. Жер тилкеси тийиштүү чектөөлөрдүн зонасында жайгашкан учурда │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│тарыхый жана маданий эстеликтерди │болгон шарттарды көргөзүү │
│коргоо шарттары боюнча │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│- санитардык-коргоо зонасынын жана│ │
│санитардык-сактоо зонасынын │ │
│шарттары боюнча │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│- суу коргоо зонасынын шарттары │ │
│боюнча │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│- экологиялык шарттар боюнча │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│3.2. Жайгашкан ордуна жана функциялык багытына жараша жер тилкени │
│пайдаланууга кошумча талаптар: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Жакшыртуу боюнча талаптар │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Фасаддарга талаптар │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Машина токтотуучу жерлерди │ │
│(токтотуучу орундардын саны) жана │ │
│жер тилкеге баруучу жолдорду │ │
│уюштурууга карата талаптар │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│4. Негизги инженердик тармактарга кошуу шарттары │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4.1. Инженердик тармактар │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Электр менен жабдуу │Кошуу чекити бар экени жана ага │
│ │чейинки аралык көрсөтүлөт │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Суу менен жабдуу │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Канализация │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Жылуулук менен жабдуу жана жылуу │ │
│суу менен жабдуу │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Газ менен жабдуу │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Телефондоштуруу │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4.2. Пайдаланууга бөлүнгөн │ │
│аймактар боюнча инженердик │ │
│тармактардын трассасынын өтүшү │ │
│боюнча талаптар │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4.3. Инженердик курулмаларды │ │
│жайгаштыруу боюнча талаптар: │ │
│- трансформатордук подстанция │ │
│(ТП); │ │
│- газды жөнгө салуучу шкафтык │ │
│пункт (ГЖСШП); │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4.4. Иштеп жаткан инженердик │ │
│тармактар бар экени жөнүндө │ │
│маалымат жана зарыл учурда аларды │ │
│көчүрүүгө талаптар │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
3. Инженердик-техникалык кызматтар сунуш кылган инженердик-техникалык шарттар.
4. Жободо каралган учурларда экология, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлү, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, өсүмдүктөрдү багуу жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын корутундусу.
Начальник ________________________________________________________
(Ошбашкыархитектуранын
жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү)
N _____ Дата: ________________________ _________________________
(колу)
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучусу: |
М.Жолдошева |