Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-майындагы № 346
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193 токтомунун
редакциясына ылайык)
«Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө», «Мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. «Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын
бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия
дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү
үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 токтому
менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун,
пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобонун
3.1- пунктунун төртүнчү абзацындагы «минимум эмгек акыдан» деген
сөздөр «эсептик көрсөткүчтөн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. «Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын
бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия
дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү
үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 токтому
менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир
түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинин
3.2-пунктунун «г)» пунктчасындагы «минимум эмгек акыдан» деген сөздөр
«эсептик көрсөткүчтөн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов