Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 23-апрелинин № 177-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2003-жылдын 27-октябры № 656-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 токтомун аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) төмөнкүдөй курамы бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменттин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук институттун директору;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Инвестициялык жана ишкердик саясат департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары (экология маселелери менен иш жүргүзүүчү);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору;
"Европа Союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосунда Өнөктөштүк жана Кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну колдоо" борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмелер конфедерациясынын директору (макулдашуу боюнча);
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча "Юстин" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
калкты социалдык жактан коргоонун коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча борбордун "ВИГЕНС" президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун директору;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш улуттук агентствосунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана стандарттар департаментинин директору.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменти Координациялык кеңештин секретариатынын функциясы жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)
3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаментине жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)
Премьер-министр
| Н.Танаев |