Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 23-апрели № 177-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) төмөндөгү курамы бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - мамлекеттик башкы санитардык врач;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмелердин конфедерациясы башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Юстин" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикменин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Калкты социалдык коргоонун коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"ВИГЕНС" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча борбордун президенти (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Координациялык кеңештин катчылыгынын милдеттери жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругу.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |