Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-майындагы № 224-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 9-августундагы №
307 «2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча
чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-
жылдын 6-октябрындагы № 734 «2010-жылга чейин «Кыргыз Республикасынын
туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн «Меймандос Кыргызстан»
маркетинг стратегиясы жөнүндө» токтомун аткаруу жаатында, ошондой эле
Кыргызстандын туризм өлкөсү катары кадыр-баркын көтөрүү максатында:
1. «Туризм жана Саякат В1ТР-2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык
Туристтик Жармањке 2006-жылдын 17-19-майында өткөрүлсүн.
2. «Туризм жана Саякат ВIТF-2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык
Туристтик Жармањкеге даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу
комитетинин тиркелген курамы, иш-чаралардын планы жана чыгымдардын
сметасы бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек
шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы «Туризм жана Саякат ВIТF-
2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык Туристтик Жарманкеге даярдык көрүү
жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын аткаруу үчүн бардыгын
камтыган чараларды көрүшсүн.
4. «Туризм жана Саякат ВIТF-2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык
Туристтик Жарманкеге даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар Кыргыз
Республикасынын Өнөр-жай, соода жана туризм министрлигине 2006-жылдагы
республикалык бюджетттен каралган каражаттардын чегинде каржылансын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
"Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүүдө жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды эске алсын.
6. Кыргыз Республикасынын маданият министрлиги «Туризм жана Саякат
ВIТF-2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык Туристтик Жармањкени өткөрүү
учурунда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин
базасынан экспозициялык аянт берсин.
7. «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна «Туризм
жана Саякат ВIТF-2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык Туристтик
Жарманкеге мейман же катышуучу катары Көз карандысыз Мамлекеттер
Шериктештигине катышкан өлкөлөрдөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн учуп
келишкен жүргүнчүлөрдүн уюшулган топторун жерде жана коммерциялык
тейлөөлөр үчүн эњ төмөнкү төлөмдөрдү белгилөө сунушталсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, соода жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 12-майындагы №224-б
буйругу менен бекитилген
«Туризм жана саякат ВIТF-2006» Бишкектеги Биринчи Эл аралык
Туристтик Жармањкеге даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча
уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Үсөнов Д.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице - премьер- министринин милдетин аткаруучу, уюштуруу
комитетинин төрагасы,
Мамашов Т.Ч. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана
туризм министринин орун басары, уюштуруу
комитетинин төрагасынын орун басары,
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Жапаров А.ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри,
Жекшенкулов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри,
Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри,
Раев С. А. - Кыргыз Республикасынын маданият министри,
Молдокасымов К.С. - Мамлекеттик телерадиокомпаниянын президенти (макулдашуу боюнча),
Айжигитов С.А. - Баткен облустук мамлекеттик администрациянын
башчысы - губернатору,
Өмүралиев Э.К. - Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациянын
башчысы - губернатору,
Айдаралиев И.Р. - Жалалабат облустук мамлекеттик администрациянын башчысы - губернатору,
Закиров А.Д. - Ош облустук мамлекеттик администрациянын
башчысы - губернатору,
Кулмурзаев Т.Н. - Чүй облустук мамлекеттик администрациянын
башчысы губернатору,
Азылов Ж.К. - Нарын облустук мамлекеттик администрациянын
башчысы - губернатору,
Жээнбеков Ж.А. - Талас облустук мамлекеттик администрациянын
башчысы - губернатору,
Ногоев А.Н. - Бишкек шаарынын өз алдынча башкармалыгынын
башчысы,
Темирбаев К.Т. - Кыргыз Республикасыньш Президентинин
Администрациясынын иш башкаруучусу президенти
(макулдашуу боюнча),
Рысмендиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-
Министрининин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү
башкармалыгынын өнөр жай, чакан жана орто бизнес
бөлүмүнүн башчысы,
Мырзабеков Э.Б. - «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКнын
президенти (макулдашуу боюнча),
Перфильев Б.В. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай
палатасынын президенти (макулдашуу боюнча),
Казаков Д.Б. - «САТ» туристтик компаниясынын президенти
(макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 12-майындагы 224-б
буйругу менен бекитилген
"Туризм жаиа Саякат BITF-2006" Бишкектеги Биринчи
Эл аралык Туристтик Жармањкени даярдоого жана
өткөрүүгө чыгымдарынын сметасы
Жалпы саны 200 киши.
-----------------------------------------------------------------------
|№| Аталышы |Киши-| Саны | Бирдикке |Жалпы |
| | |нин | |карата баасы|өлчөмү|
| | |саны | | (сом) |(сом |
| | | | | |менен)|
|-|-------------------------------------------------------------------|
| | Жармањкенин катышуучуларын транспорт менен камсыз кылуу: |
|-|-------------------------------------------------------------------|
|1|Жармањкенин катышуучуларын |200 |3 автобус |105780 |143420|
| |транспорт менен камсыз кылуу:| |2 авто- |6740 | |
| |- Бишкек-"Манас" аэропорту | | машина |30900 | |
| |- Бишкек | |3 микро- | | |
| |- шаар ичинде жүрүү | | автобус | | |
| |- Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек | | | | |
| | маршруту | | | | |
| |- Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек | | | | |
| | маршруту боюнча сапар | | | | |
|---------------------------------------------------------------------|
| Туризм жана Саякат BITF-2006" Бишкектеги Биринчи |
| Эл аралык Туристтик Жармањкени маалыматтык-жарнамалык колдоо |
|---------------------------------------------------------------------|
|3|Бишкек шаарынын борбордук | |20 даана | |217300|
| |көчөлөрүндө, "Манас" | | | | |
| |аэропортунун, "Спартак" | | | | |
| |стадионунун аймактарында | | | | |
| |жана Ош, Жалалабат | | | | |
| |шаарларында жана Ысык-Көл | | | | |
| |облусунда жарнамалык | | | | |
| |билборддорду даярдоо жана | | | | |
| |жайгаштыруу | | | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Телекөрсөтүү боюнча | |бир күндө |1 минутага |184500|
| |жарнамалык роликтерди | |5 жолу |2460 | |
| |көрсөтүү | |менен 15 | | |
| | | |күн | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Мезгилдик басылмадагы жарнама| |12 чыгаруу | 0 с. чарчы |32400 |
| | | |(30 чарчы | | |
| | | |см модуль) | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Кыргызстандагы туризм тууралу| |5000 | 6 барак |136694|
| |толук түстүү журналдын | |нуска | | |
| |чыгарылышы | | | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Телевизордук жарнамалык | |Кыргызстан | 82000 |82000 |
| |роликтерди чыгаруу | |жөнүндө 15 | | |
| | | |минуттук | | |
| | | |видеотасма | | |
| | | |-----------|------------|------|
| | | |ЗО секунд- | 12300 |61500 |
| | | |дук 5 | | |
| | | |жарнамалык | | |
| | | |ролик | | |
|---------------------------------------------------------------------|
| Жармањкени өткөрүү убагында маданий программаны уюштуруу |
|---------------------------------------------------------------------|
| |Катышуучуларды жана |200 |20 костюм |5000 |100000|
| |конокторду "Манас" | | | | |
| |аэропортунда тосуп алуу жана | | | | |
| |узатуу | | | | |
| |Улуттук костюмдарды тигүү | | | | |
| |-----------------------------| | |------------|------|
| |Коноктор үчүн кофе | | | бир кишиден|16000 |
| | | | | 80 сом | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |"Кыргыз айылы" улуттук |40 |15 бозүй | 10000 |150000|
| |туристтик айылды уюштуруу | | | | |
| |(ташуу, монтаж, катышуучу- | | | | |
| |лардын тамактануусу жана | | | | |
| |жайгаштыруу, маданий | | | | |
| |программа) | | | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |"Ала-Арча" МЖП ат оюндары; | | | | |
| |Мода көрсөтүү; | | | | |
| |Фольклордук концерт; | | | |246000|
| |"Көк-Бөрү" ат-спорттук оюну | | | | |
|---------------------------------------------------------------------|
| Жармањкенин катышуучуларын жана конокторун Бишкек шаарында |
| жана Ысык-Көл облусунда жайгашуусу жана тамактануусу |
|---------------------------------------------------------------------|
| |"Хаятт" отелине жайгаштыруу |20 |2 сутка |8815 |352600|
| |(VIP) | | | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Калган катышуучуларды "Ак- |30 |2 сутка |3690 |221400|
| |Кеме" отелине жайгаштыруу | | | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |"Ысык-Көл" (Аврора) |200 |Бир орундуу|1655 |331000|
| |санаторийинде жашоо | |номер бир | | |
| | | |суткада | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Кыргыз Республикасынын |200 | | 550 |110000|
| |Өкмөтүнүн атынан расмий | | | | |
| |кабыл алууну уюштуруу: | | | | |
| |- "Ысык-Көл" ГТК фуршет (же | | | | |
| |Мамрезиденцияда) | | | | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Сутка бою иштөөчү штабдын |6 |4 сутка | күнүнө |9600 |
| |кызматкерлерине эмгек акы | | | 400 сом | |
|-|-----------------------------|-----|-----------|------------|------|
| |Алдын ала болжонбогон | |сметанын | |239441|
| |сарптоолор | |баасынын | | |
| | | |10% | | |
| | | | | | |
|-|-----------------------------|-------------------------------------|
| |Бардыгы | 2633855 сом |
-----------------------------------------------------------------------