Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 27-апрелиндеги № 185-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2006-жылдын 17-июлу № 393-б

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун кадрдык курамындагы жана түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна тиркеме ушул буйрукка тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 322-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

            Премьер-министр

 

 Ф.Кулов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 17-июлундагы

№ 393-б буйругуна

тиркеме

 

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын

ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо

жана демаркациялоо боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөттүк

делегациясынын

курамы

 

Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;

Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, делегациянын жетекчисинин орун басары;

Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;

Өмүралиева К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директору;

Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директору;

Касымов Ч.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;

Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;

Абдрахманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;

Касмалиев А.К. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;

Курбанов Ж. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;

Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;

Сыдыкназаров М.Ж. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Башкы штабынын эл аралык кызматташтык башкармалыгынын чегаралык өкүлчүлүктүү ишмердүүлүк бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Айдаров З.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жол башкармалыгынын начальниги;

Осипов С.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын бажылык күзөт башкармалыгынын сектор башчысы;

Жайлобаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин бөлүм начальниги;

Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи секретары;

Матыев А.М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун атташеси;

Юсупов Б.А. - Кыргызстандын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү;

Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;

Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын бөлүм начальниги;

Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын жетектөөчү адиси;

Ботобаев К.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Сыдыков К.С. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун башкы адиси;

Токтосунов Ж. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча түштүк региондор аралык борбордун директору;

Бөрүбаев Н.Н. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен зоналык борбордун директору;

Мисиралиев Э. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча түштүк региондор аралык борборунун Жалалабат облустук жер жайгаштыруу боюнча башкы адиси;

Есенов А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги;

Сиддиков Д.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги;

Абдимуминов К. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги;

Эрматов А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Карасуу райондук башкармалыгынын начальниги;

Осмонов А.Э. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Сузак райондук башкармалыгынын начальниги;

Боронбеков З.Б. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги;

Мырзаев А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Алабука райондук башкармалыгынын начальниги;

Абдраимов Э.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Өзгөн райондук башкармалыгынын начальниги;

Эгембердиев С. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ноокат райондук башкармалыгынын начальниги.

 

Премьер-министрдин

Аппарат жетекчиси - министр                                                                                                                                 Т.Коеналиев