Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2000-жылдын 16-февралы № 49-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 30-октябрындагы № 598-б,2006-жылдын 17-июлундагы № 393-б,
2007-жылдын 20-июлундагы № 224-б, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 185-б,2010-жылдын 19-ноябрындагы № 178-б,
2012-жылдын 26-июнундагы № 300-б, 2013-жылдын 11-февралындагы № 30-б, 2020-жылдын 8-июнундагы № 205-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөргө киришсин;
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиядагы өзбекстандын делегациясы менен бирдикте Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара жөнүндө Макулдашуунун долбоорун аныкталган тартипте иштеп чыгып, макулдашып жана кол коюуга даярдасын.
3. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы өзүнө тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун адистерин алардын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзүнүн буйругу менен каралып жаткан маселелерди жана өзбек делегациясынын курамын эске алуу менен делегациянын курамына өзгөртүү киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүү жөнүндө жана өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүн өзбекстан Республикасына командировкага жиберүү тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Комиссиянын иш планы жана алдыдагы жолугушууларды уюштуруу дипломатиялык каналдар боюнча келип түшкөн жана жиберилген расмий ноталарга ылайык тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жүзөгө-ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 205-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
| А.Муралиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-февралындагы № 49-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын
курамы
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 19-ноябрындагы № 178-р, 2012-жылдын 26-июнундагы № 300-б, 2013-жылдын 11-февралындагы № 30-б, 2020-жылдын 8-июнундагы № 205-б 2020-жылдын 13-ноябры № 371-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын жетекчиси;".
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары.
Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринпн орун басары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
бөлүм башчынын орун басары - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринпн кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кызматкери;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын (Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча туштук региондук бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын директору.