Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 11-августундагы № 25-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
БУЙРУГУ
2006-жылдын 27-декабры № 727-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 13-октябрындагы № 396-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасындагы шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна ылайык:
Шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өнөр-жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- "Шабдан-Багратиони" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жумуш берүүчүлөр конфедерация союзунун аккредитация комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- "Вигенс" керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдар ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук лабораториясынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун Метрология жана сыноо борборунун начальниги (макулдашуу боюнча);
- "Независимая хлебная инспекция" ачык акционердик коомунун сертификация боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий-изилдөө курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунун директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы;
- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомунун Борбордук илимий-изилдөө лабораториясынын сапат боюнча башкаруучусу (макулдашуу боюнча);
- "Эл аралык ишкер кеңеш" коомдук бирикмесинин адиси (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча улуттук органынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ф.Кулов |