Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 28-декабрындагы № 604-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 11-августу № 25-р
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Республикалык курулушта сертификатташтыруу борборунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Товар өндүрүүчүлөрүнүн улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" акционердик коомунун Борбордук илим-изилдөө лабораториясынын башкы менеджери (макулдашуу боюнча);
- "Стандартсертик" жоопкерчилиги чектелген коомунун сертификатташтыруу боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Борбордук геология лабораториясынын начальниги (макулдашуу боюнча);
- Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Сертификатташтыруу органдарын аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
- "Манас" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдун президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
- "Профмедицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жугуштуу оорулардын диагностикалык лабораториясынын сапатты контролдоо республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин стандарташтыруу жана метрология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Аккредитациялоо борборунун өкүлү.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы № 727-б жана 2007-жылдын 13-октябрындагы № 396-б буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
Президент
| Р.Отунбаева |