Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 84-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 13-августу № 270-б
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 19-мартындагы № 88-б буйругунун
редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 88-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Макулдашуу түзүүнү жана экономикалык илимий, техникалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалоо менен төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Ушул Макулдашуу колдонула турган салыктар
Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан Мамлекеттердин резиденттери болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-статья. Макулдашуу колдонула турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу салыктарды алуунун ыкмасына карабастан, кирешеден алынуучу салыктарга карата Макулдашкан мамлекеттин, анын администрациялык аймактык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан колдонулат.
2. Кирешелердин жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар, ишканалар тарабынан төлөнүүчү эмгек акы фондусунан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар кирешеден алынуучу салыктар деп эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу колдонула турган орун алган салыктар атап айтканда:
а) Кыргыз Республикасында:
(i) юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешелеринен алынуучу салык;
(ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
(мындан ары - "кыргыз салыктары" деп аталат).
b) Чех Республикасында:
(i) жеке жактардын кирешесинен алынуучу салык;
(ii) юридикалык жактардын кирешесинен алынуучу салык.
(мындан ары - "чех салыктары" деп аталат).
4. Ушул Макулдашууга кол коюлган датадан кийин орун алган салыктарга толуктоо катары же анын ордуна алына турган ар кандай окшош же маңызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата да ушул Макулдашуу колдонулат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизиле турган ар кандай олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турууга тийиш.
3-статья. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контекстен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунун
максатында:
а) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет жана географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарды жана юрисдикцияны жүзөгө ашырып жаткан. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуп жаткан аймакты билдирет;
b) "Чех Республикасы" деген термин чех мыйзамдарына жана эл аралык укуктарга ылайык Чех Республикасы элементүү укутарын жүзөгө ашырып жаткан Чех Республикасынын аймагын билдирет;
c) "Макулдашкан Мамлекет" жана "экинчи Макулдашкан Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Чех Республикасын билдирет;
d) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны же жактардын ар кандай башка бирикмесин камтып турат;
е) "компания" деген термин салык салуу максаттары үчүн корпоративдүү бирикме катары каралган ар кандай корпотативдүү бирикмени же ар кандай уюмду билдирет;
f) "Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет;
g) "Эл аралык ташуу" деген термин деңиз, аба кемеси, жол транспорту экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылгандан башка учурларда, Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы пайдаланылган деңиз, аба кемеси, жол же темир жол транспорту тарабынан ар кандай ташууну билдирет;
h) "компетентүү орган" деген термин:
1. Кыргыз Республикасында Экономика жана каржы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
2. Чех республикасында каржы министрин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн билдирет.
1) "Улуттук жак" деген термин:
(i) Макулдашакан Мамлекеттердин граждандыгына ээ болгон ар кандай жеке жакты;
(ii) Макулдашакан Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, шериктикти же ассоцияцияны билдирет;
(j) "ишкана" деген термин ар канадай бизнеске карата колдонулат;
(k) "бизнес" деген термин ошондой эле кесиптик кызматтарды көрсөтүүнү жана көз карандысыз мүнөздөгү башка ишин да камтып турат.
2. Эгерде контекстен башкача келип чыкпаса, Макулдашкан Мамлекет тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонууда, анда аныкталбаган ар кандай термин ушул мамлекеттин ушул Макулдашуу колдонула турган салыктарга карата мыйзамдары боюнча ошол учурда ал ээ болгон мааниге, ушул Мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамдарында аныкталган ар кандай мааниге ээ болуп, ушул Мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган мааниге караганда үстөмдүк кылат.
4-статья. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максатында "Макулдашкан Мамлекеттин резиденти" деген термин анын туруктуу жашаган жеринин, туруктуу турган жеринин, башкарган жеринин себептери боюнча же ушул сыяктуу мүнөздөгү башка критерийлер боюнча ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ар жерде салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле Мамлекеттин өзүн жана ар кандай администрациялык аймактык бөлүмдү же бийликтин жергиликтүү органдарын камтып турат.
2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй аныкталууга тийиш:
а) ал туруктуу жашаган турак-жайы бар Мамлекеттин резиденти деп эсептелет; эгерде анын эки Мамлекетте туруктуу турак-жайы болсо, ал өзүнүн алда-канча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары (турмуштук таламдарынын борбору) бар Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
b) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору бар Мамлекетти аныктоо мүмкүн болбосо, же болбосо анын мына ушул Мамлекеттердин биринде да туруктуу турак жайы болбосо, ал өзү адатта жашаган Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
c) эгерде ал адатта эки Мамлекетте же болбосо алардын биринде жашаса, ал өзү гражданы болуп эсептелген Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
d) эгерде ал эки Мамлекеттин гражданы, же болбосо алардын биринин гражданы болуп эсептелсе, Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара Макулдашуу боюнча чечишет.
3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбеген жак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ал анын натыйжалуу башкаруучу орду жайгашкан Мамлекеттин резиденти деп эсептелет.
5-статья. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максатында "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын ишкердик кылуу иши толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашырылып жаткан иштин туруктуу ордун билдирет.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин негизинен:
а) башкара турган жерди;
б) бөлүмдү;
в) кеңсени;
г) фабриканы;
д) чеберкананы; жана
е) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстары алына турган башка жерди камтып турат.
3. "туруктуу мекеме" деген термин ошондой эле:
а) курулуш аянтчасын, курулуш монтаждоо же жыйноочу объектини же алар менен байланыштуу көзөмөлдөө ишин камтып турат, бирок ушундай аянтча же объект же ушундай иш 9 айдан ашык улантылууга тийиш; жана
b) кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан ушундай максаттар үчүн жалданган кызматчылар же башка персонал аркылуу ишкана тарабынан көрсөтүлгөн консультациялык же башкаруу кызматтарын камтып турат, бирок (ушундай мүнөздөгү иш (ушундай же аны менен байланыштуу долбоор үчүн) Макулдашкан Мамлекеттин аймагында ар кандай он эки айлык мезгилдин чектеринде, жыйынтыктап алганда 6 айдан ашык мезгилдин же мезгилдердин ичинде улантылууга тийиш,
4. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме" деген термин:
а) курулуштарды жана жабдууларды ишканага таандык болгон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында пайдаланууну;
d) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында гана күтүүнү;
c) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын башка ишканаларда кайра иштетип берүү максатында гана күтүүнү;
d) иштин туруктуу ордун товарларды же буюмдарды сатып алуу, же болбосо ишкана үчүн маалымат жыйноо максатында гана күтүүнү;
e) иштин туруктуу ордун ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай иштин башка түрүн жүзөгө ашыруу максаттында гана күтүүнү;
f) иштин туруктуу орду алдын алуучу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта, иштин туруктуу ордун а)- е) пунктчаларында айтылган аракеттердин ар кандай комбинациялары үчүн гана күтүүнү камтыбайт.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде өзүнө карата 6-пункт колдонула турган көз карандысыз статусу бар агентке караганда башка жак-өзүнүн ишин экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын атынан Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырса жана контракттарды түзүүгө ыйгарым укутуу болсо, эгерде ушул жактын иши 4-пункта айтылган туруктуу мекеме менен чектелсе, эгерде ал иштин туруктуу орду аркылуу жүзөгө ашырылса, ушул пункттун жоболоруна ылайык иштин ушул туруктуу ордун туруктуу мекемеге айландырбаса, анда ушул жак ишкана үчүн жүзөгө ашырылып жаткан ар кандай ишке карата алганда ал ишкана ушул Мамлекетте туруктуу ишканасы бар ишкана катары каралат.
6. Ишкана мына ушул Мамлекетте көз карандысыз статуска ээ болгон брокер, комиссиялык агент же ар кандай башка агент аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашыргандыктан, ушундай жактар өзүнүн адаттагы ишинин алкагында аракеттенген шартта гана ишкананын Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеси жок деп эсептелет.
7. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияны контролдошунун же контролдонушуна же мына ушул экинчи Мамлекетте ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырылышынын фактысы (же болбосо туруктуу мекеме аркылуу, же болбосо башкача жол менен) өзүнөн өзү ушул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айландырбайт.
6-статья. Кыймылсыз мүлктөн түшкөн киреше
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (анын ичинде айыл жана токой чарбасынан алынган кирешеге) алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келген мааниге ээ болот. Бул термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата алганда көмөкчү мүнөздө болгон мүлктү айыл жана токтой чарбасында пайдалануучу малды жана жабдууларды, жерге болгон менчикке карата жалпы укуктун жоболорун колдонула турган укукту, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык ресурстарды, табигый булактарды жана башка кеңдерди иштеп чыгуу же иштеп чыгуу укугу үчүн компенсация катарындагы өзгөрүлмө же так белгиленген төлөмдөргө болгон укукту; деңиз, аба кемелерин, ошондой эле кыймылсыз мүлк катары каралбай турган жол жана транспортун камтып турат.
3. Биринчи пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү кандайдыр бир формада тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же пайдалануудан алынган кирешеге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ошондой эле ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге карата да колдонулат.
7-статья. Ишкердик кылуу ишинен түшкөн пайда
1. Эгерде ушундай ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырбаса. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана ишин жогоруда айтылгандай жүзөгө ашырылса, ишкананын пайдасына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок салык анын:
а) ушундай туруктуу мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана;
б) туруктуу мекеме аркылуу сатылып жаткан товарларга же буюмдарга ылайык келген же окшош товарларды же буюмдарды мына ушул экинчи Мамлекетте сатууга таандык кылынган бөлүгүнө гана салык салынат.
2. 3-пункттун жоболоруна ылайык, эгерде Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашкан Мамлекетте ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо ушундай же ушул сыяктуу шарттарда ушундай же ушул сыяктуу иш жүргүзгөндө жана өзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз карандылыкта аракеттенгенде алышы мүмкүн болгон пайда ушул туруктуу мекемеге таандык кылынат.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин максаттары үчүн тартылган чыгымдарды, анын ичинде бул чыгымдардын туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же ар кандай жерде тартылгандыгына карабастан, башкаруучулук жана жалпы администрациялык чыгымдарды чыгарып салууга жол берилет. Бирок туруктуу мекеме тарабынан роялти сый акы же башка ушул сыяктуу төлөмдөр катары патенттерди же башка укуктарды пайдалануу ордуна же көрсөтүлгөн кызматтар же башкаруу үчүн комиссиялык төлөмдөр катары ишкананын башкы офисине же анын ар кандай башка офистерине төлөгөн (фактылай чыгашалардын ордун толтуруудан башка) суммаларга карата мындай чыгарып салууга жол берилбейт, буга банк мекемелеринин туруктуу мекемеге заем катары берилген суммасына пайыздарды төлөшү кирбейт. Ушул сыяктуу эле туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеме тарабынан роялти патенттерди же башка укуктарды пайдалануунун ордуна акы төлөө же башка ушул сыяктуу төлөмдөр катары же белгилүү бир аткарылган кызматтар же башкаруу үчүн комиссия аркылуу башкы офистерге толтурулган сан үчүн (иш жүзүндөгү чыгашаларды компенцациялоодон башка эч кандай эсеп кабыл алынбайт буга банк мекемелерине заемдук акчаларга пайыздарды төлөө катары ишкананын башкы офиси же анын ар кандай башка офистери тарабынан берилген эсептер кирбейт.
4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандык болгон пайданы ишкананын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пайдасынын жалпы суммасын пропорционалдуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкташы адаттагы практика болуп эсептелсе, ушул статьянын 2-пунктундагы жоболор Макулдашкан Мамлекетке салык салынуучу пайданы адатта кабыл алынгандай ушундай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого тыюу салбайт. Бөлүштүрүүнүн тандалып алынган практикасы ушул статьяда камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды берүүгө тийиш.
5. Эч кандай пайда ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн сатылып алынган товарлардын же буюмдардын себеби боюнча туруктуу мекемеге эсептелбейт.
6. Эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүү негиздер жок болсо, мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге таандык кылынган пайда жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат.
7. Эгерде пайдага ушул Макулдашуунун башка статьяларында өзүнчө карала турган кирешенин элементтери киргизилсе, анда ушул статьялардын жоболоруна ушул статьянын жоболору тийешелүү болбойт.
8-статья. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан Эл аралык ташууда деңиз, аба кемелерин, жол же темир жол транспортун пайдалануудан алынган пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
2. 1-пункттун жоболору пулеге катышуудан, биргелешкен ишканага, же болбосо транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча Эл аралык уюмга катышуудан алынган пайдасына карата колдонулат.
9-статья. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тикелей же кайыр түрдө катышса; же
б) бир эле жактар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса жана ар бир учурда эки ишкананын ортосундагы коммерциялык жана каржылык өз ара мамилелерде көз карандысыз эки ишкананын ортосунда боло турган шарттан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринде топтолгон, алардын бирине эсептелиши мүмкүн болгон, бирок ушул шарттардын болушунан улам ага чегерилбеген ар кандай пайда ушул ишкананын пайдасына киргизилиши жана тиешелүү түрдө салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайдасын салык салууга киргизсе жана тийешелүү түрдө экинчи Макулдашкан Мамлекеттин мына ушул Мамлекетте салык салынган пайдасына салык салса жана ушундай жол менен киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына эсептелиши мүмкүн болгон пайда болуп эсептелсе, эгерде эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосунда орун алган шарттар сыяктуу болсо, анда экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тиешелүү корректировкаларды жасайт. Ушундай корректировкалоону аныктоо ушул Макулдашуунун башка жоболору каралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл учурда бири бири менен консультация өткөрүп турушат.
3. Экинчи пункттун шарттары алдамчылык, өтө эле шалакылык же алдын ала төлөбөй коюу учурунда колдонулбоого тийиш.
10-статья. Дивиденддер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон компания тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн дивиденддерге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте да ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салык:
а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөн компаниянын кеминде 15 пайызына түздөн-түз ээлик кылган компания (шериктиктен башка) болуп саналса, дивиденддердин жалпы суммасынын 5 пайызынан;
б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпайт.
Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары өз ара Макулдашуу
боюнча ушул чектөөлөрдү колдонуунун ыкмасын белгилеп алышат.
Бул пункт компанияга дивиденддер төлөнө турган пайдага салык салынышына тиешелүү болбойт.
3. "Дивиденттер" деген термин ушул статьяда пайдаланганда акциялардан "жунссанс" акцияларынан же "жунссанс" укуктарынан, кең казып алуу өнөр жайынын акцияларынан уюштуруучулардын акцияларынан же карыздык милдеттенмелер болуп эсептелбеген, пайда катышкан башка укуктардан түшкөн кирешелерди ошондой эле башка корпоративдик укуктардан жана пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин Мыйзамдарына ылайык салык салуу жаатында акциялардан түшкөн кирешелери теңештирилген башка кирешелерди билдирет.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен дивиденддерди төлөгөн компания резидент болуп эсептелген экинчи Макулдашкан Мамлекекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтө же көрсөтүп келсе жана дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында туруктуу мекеме менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайдарга жараша 7-статьянын жоболору колдонулат.
5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, эгерде мындай дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөн же эгерде дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге чынында эле таандык кылынгандан башка учурларда мына ушул экинчи Мамлекет дивиденддерден ар кандай салыкты жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан ар кандай салыкты, атүгүл эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда мына ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден толугу менен же жарым жартылай түзүлсө да ар кандай салыкты ала албайт.
11-статья. Пайыздар
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн пайыздарга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздарга ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар пайда болгон Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок алуучу пайыздардын иш жүзүндөгү ээси болуу менен, экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салык пайыздардын жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпайт. Эгерде пайыздын иш жүзүндөгү эсеп банк же ар кандай башка каржылоо мекемеси болсо жана пайыз башка банкка же ар кандай башка каржылоо мекемесине берилген ссудага же кредитке байланыштуу төлөнсө, анда ушундай жол менен алынган салык пайыздарын жалпы суммасынан 5 пайызынан жогору болбоого тийиш.
Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул чектөөнү колдонууну ыкмасын белгилешет.
3. Экинчи пункттун жоболоруна карабастан. Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттик Өкмөтү, анын ичинде анын администрациялык-аймактык бөлүмү, жергиликтүү бийлик органдары, борбордук банкы же ар кандай каржылоо мекемеси тарабынан алынуучу толугу менен же негизинен, тикелей же кыйыр түрдө ошол Өкмөткө таандык болгон пайыздар же Өкмөт тарабынан кепилдикке алышат заемдордон же кредиттерден алынуучу пайыздар биринчи аталган Макулдашкан Мамлекетте салык салуудан бошотулат.
4. "Пайыздар" деген термин ушул статьяда пайдаланганда күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган карызкорлордун пайдасына катышууга жана атап айтканда, Өкмөттүк баалу баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерге жана облигациялардан же карыздык милдеттемелерден түшкөн кирешелерге, ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акыларга жана утуштарга укук берген же укук бербеген ар кандай түрдөгү карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерди билдирет. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып акылар ушул статьянын максаты үчүн пайыздар катары каралбайт "Пайыздар" деген термин 10-статьянын 3-пунктунда чагылдырылган кирешелерди камтыбайт.
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар келип чыккан Мамлекетте ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талаптарды жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алар чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1, 2 жана 3-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда жагдайларга жараша 7-статьянын жоболору колдонулат.
6. Эгерде пайыздарды төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп саналса, пайыздар макулдашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеси бар болсо, ушуга байланыштуу карыз келип чыкса, ал боюнча пайыздар төлөнүп жатса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.
7. Эгерде төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же анын экөөнүн же кандайдыр башка жактан ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу негизде пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон пайыздын суммасы пайызды төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашыла турган суммадан ашык кетсе, анда ушул статьянын жоболору акыркы эскерилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө салык салынууга тийиш.
12-статья. Роялти
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтиге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок роялти алуучу роялтинин иш жүзүндөгү ээси болуу менен, экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болсо, анда ушундай жол менен алынган салык роялтинин жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул чектөөнү колдонууну ыкмасын белгилешет.
3. "Роялти" деген термин ушул статьяда пайдаланганда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармасына же илимий эмгекке анын ичинде кинофильмдерге же телекөрсөтүү аркылуу берүүлөргө автордук укуктарды пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн, ар кандай патенттерди соода маркаларын, дизайнды же моделди, планды жашыруун же процессти пайдалануу же пайдалануу укугун берүү же өнөр-жайлык же комерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун берүү же өнөр-жайлык же коммерциялык илимий тажырыйбага тиешелүү маалымат үчүн сый акы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келип чыккан жерде ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса жана роялти төлөнүп жаткан укук же мүлк чынында эле ушундай мекеме менен байланышта болсо, 1 жана 2-пункттун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7-статьянын жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялти төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болсо, роялти Макулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок эгерде роялти төлөгөн жак өзүнүн Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге ээ босо, ага байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса жана ушул роялтини төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме тартса, анда ушундай роялти туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.
6. Эгерде роялти төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин же алардын экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелерге байланыштуу негизинде роялти төлөнүп жаткан укукту же маалыматты пайдаланууга таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашыла турган суммадан ашып кетсе, анда ушул статьянын жоболору акыркы эскерилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш.
13-статья. Мүлктүн наркынын өсүшүнөн түшкөн кирешелер
1. 6-статьяда айтылган жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешелерге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин ишкердик кылууга тиешелүү мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) түшкөн кирешелерге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин, жол жана темир жол транспортун же ушундай деңиз, аба кемелерин, жол же темир жол транспортун пайдаланууга байланыштуу кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерине мына ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
4. 1, 2 жана 3-пункттарда айтылган кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
14-статья. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, 15, 17 жана 18-статьялардын жоболорун эске алганда, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган эмгек акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, ушуга байланыштуу алынган сый акыга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, мында төмөндө саналып өткөн бардык шарттар аткарылууга тийиш:
а) сый акы алуучу каралып жаткан финансылык жылдын ичинде башталган же аяктаган ар кандай 12 айлык мезгилдин ичинде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде Мамлекетте болууга тийиш;
b) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнөт, жана
с) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме тарабынан төлөнбөйт.
3. 2-пункттун а) пунктчасында айтылган мезгилдерди эсептөөдө төмөндөгү:
а) иш жүзүндө башка Мамлекетте болгон бардык күндөрү, анын ичинде келген жана кеткен күндөрү, жана
b) ишемби жана жекшемби, улуттук майрамдар, өргүү, алуучуунун ошол Мамлекеттеги ишине, андан кийин ишин ошол Мамлекеттин аймагында улантууга тикелей байланыштуу болгон иш сапарына чыгуулар сыяктуу Мамлекеттик иштен тышкары өткөрүлгөн күндөрү эсепке киргизилет.
4. 2-пункттун b) пунктчасында айтылган "жумуш берүүчү" деген термин ишти жүргүзүүгө укугу бар жана ишти аткарууга байланыштуу тиешелүү жоопкерчилик тарткан жана тобокелге салган жакты билдирет.
5. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз же аба кемесинин, жерде жүрүүчү транспорттун ичинде жүзөгө ашырылуучу жалданма жумушка байланыштуу алынган сый акыга Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
15-статья. Директорлорго сый акы төлөө
Макулдашкан Мамлекеттин резиденти директорлор кеңешинин же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компаниянын ага окшош органынын мүчөсү катары алган директорлук сый акысына жана ага окшош төлөмдөрүнө мына ушул экинчи Мамлекетте салык алынышы мүмкүн.
16-статья. Артисттер жана спортчулар
1. 7 жана 14-статьялардын жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти же музыкант сыяктуу искусство кызматкери же өзүнүн жеке иши болгон спортчу катары экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жеке ишинен алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эстелбей, башка жакка эсептелсе, 7 жана 14-статьялардын жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде ушундай иш ушул Мамлекетте эки Макулдашкан Мамлекеттин Өкмөттөрү тарабынан жактырылган маданий же спорттук программанын алкагында жүзөгө ашырылса, ушул статьяда айтылган киреше салыктын төлөөдөн бошотулат.
17-статья. Пенсиялар
1. 18-статьянын 2-пунктунун жоболорун эске алганда, Макулдашкан Мамлекеттин резидентине мурда жалданып иштегендиги үчүн төлөнгөн пенсиялар жана башка сый акыларга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
18-статья. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык аймактык бөлүмү же бийликтин жергиликтүү органы тарабынан жеке жакка ушул Мамлекетке же анын бөлүмүнө же органына кылган кызматы жаатында төлөнгөн пенсиядан башка маянага, эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ушул Мамлекетте гана салык салынат;
б) Эгерде кызмат мына ушул экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ал:
(i) Ушул Мамлекеттин гражданы болсо; же
(ii) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул Мамлекеттин резиденти болбой калса, анда ушундай маянага, эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
2. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык аймактык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы же алар тарабынан түзүлгөн фонддордон ушул Мамлекет же анын администрациялык аймактык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы үчүн жүзөгө ашырылган кызматы үчүн жеке жакка төлөнүүчү ар кандай пенсияга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат;
б) Эгерде жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти жана гражданы болуп эсептелсе, мындай пенсияга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
3. 14, 15, 16 жана 17-статьялардын жоболору Макулдашкан Мамлекетте же анын администрациялык аймактык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик органынын ишкердик кылуу ишин аткарууга байланыштуу жүзөгө ашырылган кызматына карата маянасына, эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сый акысына жана пенсияларына карата колдонулат.
19-статья. Студенттер
Макулдашкан Мамлекетке келээрдин алдында түздөн түз экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана биринчи аталган Мамлекетте окуу же билим алуу максатында жүргөн студент же үйрөнчүк тарабынан алынуучу жана жашоо, окуу жана билим алуу максаттарына алынган төлөмдөргө мындай төлөмдөр ушул Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган Мамлекетте салык салынбайт.
20-статья. Башка кирешелер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрү ушул Макулдашуунун түрлөрүнө, ушул Макулдашуунун мурдагы статьяларында айтылбаган алардын келип чыгуу булактарына карабастан, мына ушул Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Эгерде ушундай кирешелерди алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелип, экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса жана аларга байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 1-пункттун жоболору 6-статьянын 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү кирешелерден башка кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7-статьянын жоболору колдонулат.
21-статья. Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмасы
1) Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, биринчи айтылган Мамлекет ушул резиденттин кирешесинен алынуучу салыктан мына ушул экинчи Мамлекетте кирешеден төлөнгөн салыкка барабар сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул чыгарып салуулар ар кандай учурда экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон кирешеге карата таандык кылынган чыгарып салуу берилгенге чейин эсептелген кирешелерден алынуучу салыктын ошол бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
22-статья. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашкан Мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашкан Мамлекетте башка же андан оор салык салууга же салык салуу милдеттенмесине жана ага байланыштуу милдеттенмеге байланыштуу жагдайларга тартылбоого тийиш. Ушул экинчи мамлекеттин улуттук жактары ошондой эле шарттарда тартыла турган же тартылууга тийиш болгон милдеттенмелерге тартылбайт. 1-статьянын жоболоруна карабастан ушул жобо бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген адамдарга карата да колдонулат.
2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген граждандыгы жок жактар бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденцияга карата алганда Макулдашкан Мамлекеттердин биринде дагы ушул Мамлекеттин улуттук жактары тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга, же ага байланыштуу милдетенмелерге караганда, салык салууга, же болбосо ага байланыштуу башка же алда-канча оор милдеттенмелерге тартылышы мүмкүн эмес.
3. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ушул экинчи Мамлекеттин ушундай эле ишти жүзөгө ашырып жаткан ушул экинчи Мамлекеттин ишканасына салык салууга караганда алда-канча жагымсыз болушу мүмкүн эмес. Ушул Жобо бир Макулдашкан Мамлекетти экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине алардын граждандык статусун же үй-бүлөлүк абалынын негизинде өзү жеке резиденттерине берип жаткан салык салуу боюнча кандайдыр бир жеке жеңилдиктерди, чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүүчү жобо катары чечмелөөнбөгө тийиш.
4. 9-статьянын 1-пунктунун, 11-статьянын 7-пунктунун же 12-статьянын 6-пунктунун Жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине карата жүзөгө ашырылган пайыздар, роялти жана башка төлөмдөр ушундан ишканалардын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында алар биринчи айтылган Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй эле ушундай эле чыгарып салууларга дуушар болууга тийиш.
5. Капиталы толугу менен же жарым жартылай экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденттерине таандык болгон же тикелей же кыйыр түрдө контролдонгон Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы биринчи аталган Мамлекетте биринчи аталган Макулдашкан Мамлекеттин башка ушул сыяктуу ишканасы тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуу милдеттенмеге карганда кандайдыр бир салык салууга же ага байланыштуу башка же алда качан оор милдеттенмелерге тартылбоого тийиш.
6. 2-статьянын жоболоруна карабастан ушул статьянын жоболору ар кандай тектеги жана түрдөгү салыктарга карата колдонулат.
23-статья. Өз ара макулдашуунун жол-жобосу
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келип же алып келиши мүмкүн деп эсептелсе, бул жак ушул Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан, же эгерде ал туш болгон окуя өзү гражданы болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекеттин 22-статьясынын 1-пунктуна туура келсе, өзүнүн ишин өзү резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекеттин компетентүү органына кароо үчүн берет. Арыз Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо берилген учурдан тартып 3 жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгерде компетенттүү орган дооматты негиздүү деп эсептесе жана эгерде өз алдынча канааттандырарлык чечимге келе албаса ушул Макулдашуунун жоболорунун көз карашынан алганда укукка жат салык салуудан качуу максатында экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органы менен аны өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Ар кандай жетишилген макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган кандайдыр-бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга байланыштуу келип чыккан ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат. Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну четтетүү максатында консультация өткөрүшү мүмкүн.
4. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары макулдашууга жетиштүү жана мурдагы пункттарды түшүнүү үчүн бири бири менен тикелей байланышка чыга алышат.
24-статья. Маалымат алмашуу
1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул мыйзамдар боюнча салык салуу Макулдашууга карама-каршы келбеген даражада ушул макулдашуунун жоболору коюлган ушул Макулдашкан Мамлекеттердин, же анын администрациялык аймактык же жергиликтүү бийлик органдарынын улуттук мыйзамдарынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ар кандай түрдөгү жана тектеги салыктарга тиешелүү болгон маалыматтарды алмашып турушат. Маалымат алмашуу 1 жана 2-статьянын жоболору менен чектелбейт. Макулдашкан Мамлекет тарабынан алынган ар кандай маалымат, ошондой эле ушул Мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын алкагында алынган башка маалымат жашыруун болуп саналат жана биринчи сүйлөмдө көрсөтүлгөн салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүп же соттук куугунтукка алуу же аларга карата аппеляцияларды кароо боюнча иш жүргүзгөн жактарга же органдарга (анын ичинде сотторго же администрациялык органдарга) гана пайдаланат. Алар маалыматты соттун ачык жыйынынын жүрүшүндө же соттук чечимдерди кабыл алууда ачыкка чыгара алышат.
2. Эч качан 1-пункттун жоболору Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органына төмөндөгүлөргө:
а) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына карама каршы келген администрациялык чараларды көрүүгө;
b) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же адаттагы администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга болбой турган маалыматты берүүгө;
c) кандайдыр бир соода, экономикалык, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгара турган маалыматты берүүгө, же болбосо ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка ("ордр публик") карама-каршы келген маалыматты берүүгө милдеттендирүү катары тийиш.
25-статья. Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлеринин эл аралык укуктун жалпы нормалары же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына тиешелүү болбойт.
26-статья. Күчүнө кириши
1. Макулдашкан Мамлекеттердин дипломатиялык каналдар аркылуу алардын мыйзамдарына ушул Макулдашууга мыйзамдын күчүн берүүнү талап кылган жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө каралбайт.
2. Ушул Макулдашуу ушул статьянын 1-пунктунда айтылган акыркы кабарлоо берилген датадан тартып күчүнө кирет жана анын жоболору:
а) Ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи январынан кийин төлөнгөн же эсепке алынган суммалар боюнча төлөм булагынан кармалуучу салыктарга карата;
б) Ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдын биринчи январында же биринчи январынан кийин салыктык жыл баштала турган башка салыктарга карата колдонулат.
27-статья. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө болот. Макулдашкан Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып беш жыл аяктагандан кийин башталган ар кандай календарлык жыл аяктаганга чейин кеминде алты ай калгандан кечиктирбестен Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлоо жиберүү менен Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Мындай учурда Макулдашуу:
а) кабарлоо берилген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи январынан кийин төлөнгөн же эсепке алынган суммалар боюнча төлөм булагынан кармалуучу салыктарга карата;
b) салыктык жыл кабарлоо берилген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи январынан кийин башталган башка салыктарга карата колдонушун токтотот.
Ушуну ырастоо менен буга тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол коюшту.
200-жылдын "__"___________ 2 нускада кыргыз, орус, англис жана чех тилдеринде жазылды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот. Ар кандай пикир келишпестик болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Чех Республикасынын Өкмөтү үчүн
|