Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 10-октябры № 385-б
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 26-мартындагы № 80-б буйругунун
редакциясына ылайык)
2006-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоору боюнча гранттык макулдашууга (№ 0074-KGZ (SF)) ылайык (мындан ары - долбоор), долбоорду стратегиялык жетектөөнү жана мониторингдөөнү камсыздоо үчүн:
1. Долбоордун байкоочу кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- "Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Билим берүү демилгелеринин форуму" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-мартындагы № 80-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Долбоордун байкоочу кеңешинин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3. Долбоордун байкоочу кеңеши өз ишинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын жана долбоор аяктагандан кийин отчет берсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |