Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 25-июлу № 291-б
(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;";
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;";
он биринчи - он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;";
он бешинчи жана он алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;";
- 2-пунктта "Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 211-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталган буйрук менен түзүлгөн Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын курамында:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;".
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндегы № 122-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 385-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-мартындагы № 80-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы № 325-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 318-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 475-б буйругу.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |