Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-марты № 80-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 385-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Долбоордун байкоочу кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- "Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Билим берүү демилгелеринин форуму" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча).".
Премьер – министри | А.Атамбаев |