Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-апрели № 164-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-мартындагы № 84 токтому менен
бекитилген 2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын
Иш-чаралар планынын V главасынын 5.1-бөлүмүнүн 5.1.6-бөлүмчөсүнүн "Туризм" чөйрөсүнүн 29-иш-чарасын аткаруу үчүн:
1. 2008-жылдын 28-29-апрелинде "Туризм жана саякаттар BITF-2008"
III Кыргыз Эл аралык туристтик жармањкесинин алкагында кол өнөрчүлөрдүн
жана элдик уз-усталардын I эл аралык фестивалы өткөрүлсүн.
2. "Туризм жана саякаттар BITF-2008" III Кыргыз Эл аралык турист-
тик жармањкесинин алкагында кол өнөрчүлөрдүн жана элдик уз-усталардын I
эл аралык фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркел-
ген планы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, облустук мамлекеттик администрациялары
"Туризм жана саякаттар BITF-2008" III Кыргыз Эл аралык туристтик жар-
мањкесинин алкагында кол өнөрчүлөрдүн жана элдик уз-усталардын I эл
аралык фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы атка-
рылышын камсыздашсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-апрелиндеги
№ 164-б буйругу менен
бекитилген
"Туризм жана саякаттар BITF-2008" III Кыргыз Эл аралык
туристтик жармањкесинин алкагында Кол өнөрчүлөрдүн жана
элдик уз-усталардын I эл аралык фестивалын даярдоо жана
өткөрүү боюнча иш-чаралардын
ПЛАНЫ
-----------------------------------------------------------------------
|N | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Мөөнөтү |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|1 |"Туризм жана саякаттар BITF-2008" |Турмамагенттиги |25-апрелге |
| |III Кыргыз Эл аралык туристтик | |чейин |
| |жармањкесинин алкагында Кол | | |
| |өнөрчүлөрдүн жана элдик | | |
| |уз-усталардын I эл аралык | | |
| |фестивалынын катышуучуларын | | |
| |кабыл алуу программасын даярдоо | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|2 |"Туризм жана саякаттар BITF-2008" |Финмин |25-апрелге |
| |III Кыргыз Эл аралык туристтик | |чейин |
| |жармањкесин жана Кол өнөрчүлөрдүн | | |
| |жана элдик уз-усталардын | | |
| |I эл аралык фестивалын каржылоо | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|3 |"Туризм жана саякаттар BITF-2008" |Билиммин |Жармањкени |
| |III Кыргыз Эл аралык туристтик | |өткөрүү |
| |жармањкесинин өткөрүүнүн алкагында| |мезгилинде |
| |Кол өнөрчүлөрдүн жана элдик | | |
| |уз-усталардын 1 эл аралык | | |
| |фестивалынын маданий, фольклордук | | |
| |жана кол өнөрчүлөрдүн | | |
| |программасында, ошондой эле | | |
| |массовкаларда ЖОЖдордун | | |
| |студенттеринин жана мектеп | | |
| |окуучуларынын катышуусун камсыздоо| | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|4 |"Туризм жана саякаттар BITF-2008" |Маданиятмаалыммин|Жармањкени |
| |III Кыргыз Эл аралык туристтик | |өткөрүү |
| |жармањкесинин алкагында Кол | |мезгилинде |
| |өнөрчүлөрдүн жана элдик | | |
| |уз-усталардын I эл аралык | | |
| |фестивалынын маданий | | |
| |программасында артисттердин | | |
| |катышуусун камсыздоо | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|5 |2008-жылдын 28-29-апрелинде Бишкек|Маданиятмаалыммин|Жармањкени |
| |шаарындагы Улуттук тарых музейинде| |өткөрүү |
| |көргөзмөлөр үчүн жай камсыздоо, | |мезгилинде |
| |сахнаны техникалык жактан жабдуу | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|6 |Таштандылар үчүн чакаларды, |Бишкек шаарынын |Жармањкени |
| |биотуалеттерди камсыздоо, аянтты |мэриясы |өткөрүү |
| |жасалгалоо жана жарманкенин |(макулдашуу |мезгилинде |
| |аякташына карата жыйноо-тазалоо |боюнча) | |
| |иштерин жүргүзүү | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|7 |Сахнаны расмий чыгып сүйлөөлөр |Бишкек шаарынын |Жармањкени |
| |үчүн даярдоо жана концерттик |мэриясы |өткөрүү |
| |программаларды өткөрүү |(макулдашуу |мезгилинде |
| | |боюнча) | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|8 |Фольклордук топтордун жана кол |Турмамагенттиги, |Жармањкени |
| |өнөрчүлөрдүн катышуусу менен |облмамадминис- |өткөрүү |
| |аянтта туристтер үчүн улуттук |трациялар, |мезгилинде |
| |"Кыргыз айылын" уюштуруу |Элдик көркөм | |
| | |кол өнөрчүлөр | |
| | |жана | |
| | |уз-усталардын | |
| | |союзу (макулдашуу| |
| | |боюнча) | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|9 |"Туризм жана саякаттар BITF-2008" |Турмамагенттиги, |25-апрелге |
| |III Кыргыз Эл аралык туристтик |Бишкек шаарынын |чейин |
| |жармањкесинин алкагында Кол |мэриясы | |
| |өнөрчүлөрдүн жана элдик |(макулдашуу | |
| |уз-усталардын I эл аралык |боюнча), | |
| |фестивалы жөнүндө "Манас" |облмамадминис- | |
| |аэропортун, "Ак-Жол" КППны жана |трациялар, | |
| |Бишкек шаарынын борбордук |"Манас" эл аралык| |
| |көчөлөрүн, ошондой эле Ысыккөл |аэропорту | |
| |облусунун Балыкчы жана |(макулдашуу | |
| |Чолпоната шаарларын |боюнча) | |
| |транспаранттар менен жасалгалоо | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|10|Маалыматтык колдоо |УТРК (макулдашуу |Жармањкени |
| | |боюнча) |өткөрүү |
| | | |мезгилинде |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|11|Жарнак видеороликтерин |УТРК |Жармањкени |
| |(анонсторду) жана соцжарнактарды |(макулдашуу |өткөрүү |
| |телекөрсөтүү боюнча берүү жана |боюнча), |мезгилинде |
| |басма сөздө чагылдыруу |Турмамагенттиги | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|12|"Манас" аэропортунда, "Ак-Жол" |Турмамагенттиги |Жармањкени |
| | КППыда катышуучуларды жана | |өткөрүү |
| | меймандарды тосуп алууну жана | |мезгилинде |
| | узатууну уюштуруу | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|13|"Туризм жана саякаттар BITF-2008" |Турмамагенттиги, |Жармањкени |
| |III Кыргыз Эл аралык туристтик |облмамадминис- |өткөрүү |
| |жармањкесинин алкагында Кол |трациялар |мезгилинде |
| |өнөрчүлөрдүн жана элдик | | |
| |уз-усталардын I эл аралык | | |
| |фестивалынын катышуучуларын | | |
| |транспорт менен камсыз кылуу, | | |
| |фестивалдын катышуучулары Кыргыз | | |
| |Республикасынын аймагында болгон | | |
| |учурда жармањкелерди уюштуруу | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|14|Туризм боюнча мамагенттигинин |Турмамагенттиги |Жармањкени |
| |атынан расмий кабыл алууну | |өткөрүү |
| |уюштуруу | |мезгилинде |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|15|ЖМК үчүн пресс-конференцияны |Турмамагенттиги, |Жармањкени |
| |өткөрүүнү уюштуруу |облмамадминис- |өткөрүү |
| | |трациялар |мезгилинде |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|16|"Коопсуздукту камсыздоо жана |ИИМ |Жармањкени |
| | жармањкенин жана фестивалдын | |өткөрүү |
| | катышуучуларынын кортежин МАИнин | |мезгилинде |
| | жана тез жардамдын коштоосун | | |
| | уюштуруу | | |
|--|----------------------------------|-----------------|-------------|
|17|"Ысыккөл облусунун туристтик |Турмамагенттиги, |30-апрель |
| | потенциалы менен чет өлкөлүк |Ысыккөл облусунун| |
| | туроператорлорун, журналисттерин |мамадминис | |
| | тааныштыруу |трациясы | |
-----------------------------------------------------------------------