Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 18-апрелиндеги № 262
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августундагы № 492
Жергиликтүү соттордун кызматтык жайлары үчүн
нормативдерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 «Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, жарандардын сот адилеттүүлүгүнө ээ болуусун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык жайлары үчүн тиркелген нормативдер бекитилсин.
2. Жергиликтүү соттордун имараттарын долбоорлоо жана куруу ушул токтомдо бекитилген нормативдерге ылайык жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 492 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык
жайлары үчүн нормативдер
Райондук (шаардык) соттордун имараттарындагы жайлардын аянты жана курамы соттун курамынын, же сот заседаниелеринин залдарынын аныкталган санынын жана арналышынын (жарандык же жазык иштерин угуу үчүн) негизинде аныкталат.
Соттордун имараттары 2ден 5 кабат бийиктикке чейин жана эреже катары жет төлө кабаты менен долбоор кылынат. Имараттагы кабаттардын саны имараттарды жайгаштыруудагы шаар куруу шарттарын эске алуу менен долбоор кылынат.
Соттун имаратынын кабатынын бийиктиги эреже катары полдон полго чейин 3,3 м түзөт. Аянты 50 м2 болгон сот заседаниелеринин залдарынын бийиктигин полдон полго чейин 3,6-4,2 м болуп каралышы мүмкүн. Кабаттын бийиктигин аныктоодо сот заседаниелеринин залдарында нормативдерде белгиленген полдун өзгөрүүлөрүнүн белгилери болууга тийиш экендиги эске алынышы керек.
Имараттын кире бериши жердин пландалган деңгээлинен 15 смден кем эмес болууга тийиш.
Ден соолугу чектелген келүүчүлөрдүн имаратка кириши үчүн нормативдик укуктук актыларда каралган эрежелердин комплексин сактоо зарыл.
Жалпы, пайдалуу жана эсептелүүчү аянттарды, курулуш көлөмүн, курулманын аянтын жана имараттын кабаттуулугун эсептөө колдонуудагы нормативдик документтерге ылайык жүргүзүү керек.
Келүүчүлөрдү тейлеген соттун кызматтары (кеңселер, архивдер ж.б.), ошондой эле келүүчүлөрдү кабыл алуу бөлмөлөрү төмөнкү кабаттарда жайгашууга тийиш.
Шаардын (шаардык райондун) аймагында сот имараттарын жайгаштыруу шаардын генералдык планына жана ушул региондо колдонулуп, бекитилген аймактык нормативдик документтерге ылайык жүргүзүлүшү керек.
Сот үчүн участоктун аймагынын өлчөмү сот имаратын жайгаштыруу божомолдонгон шаардын районунун курулушунун өзгөчөлүктөрүнүн негизинде аныкталат, мында участокту зоналаштыруу жана ар бир зонанын курулушу, имаратты анын периметри боюнча техникалык тейлөөнү жана өрт өчүрүүчү машиналардын келүүсүн камсыздоо эске алынат.
Жер участкаларынын өлчөмдөрүн колдонуудагы нормативдик документтерге ылайык, бир судья болсо объект үчүн 0,15 га жана 5 судья же андан көп болсо объект үчүн 0,4 га чегинде кабыл алуу сунушу кылынат.
Имаратты куруу аянты эреже катары участоктун аянтынын 25 процентинен кем болбоого тийиш.
Участоктун башкы планы негизги зонадан тышкары төмөнкүдөй эки функционалдык зонаны камтууга тийиш: коомдук (бөлүштүрүүчү) жана кызматтык (кызматтык короо).
Коомдук зона сот имаратынын башкы кире беришине чектешет. Аны пландоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш: шаардык көчөгө (магистралга, өткөөлгө) чектешүүсү, коомдук транспорттун аялдамасы менен ыңгайлуу байланыш, кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн жеке автотранспорттору үчүн токтоочу жайлар, сот имаратына жана аймакка кресло-коляскада жүргөн майыптардын келишин камсыз кылган жөө жүргүнчүлөрдүн кеңири жана жантайма жолдору, келүүчүлөр үчүн эс алуу жерлери.
Жеке автотранспорт үчүн токтоочу жайдын өлчөмүн 5 кызматкерге бирден кем эмес орунду эсептөө аркылуу аныктоо сунуш кылынат. Келүүчүлөрдүн автомашиналары үчүн орундардын саны калктуу конушту (районду) автомобилдештирүү деңгээлине жараша белгиленет, ал эсептөө мөөнөтүнө карата аныкталат. Автотоктоочу жайдагы орундардын жалпы санынын 10 проценти майыптардын транспорт каражаттары үчүн каралууга тийиш.
Кызматтык зона (кызматтык короо) сот имаратындагы айыпкерлер үчүн атайын чыга бериш менен чектешүүгө тийиш. Анда айыпкерлерди жеткирген атайын транспорт үчүн контролго алынуучу кире бериши, кызматтык короонун аймагына бөтөн адамдардын киришине, ошондой эле кызматтык короодо болуп жаткан окуяларды көчөдөн байкоого бөгөт болгон, 2,5 м кем эмес бийиктиктеги туташ тосмо болууга тийиш.
Кызматтык зонада кызматтык автомашиналардын гаражы үчүн орундар жана таштанды жыйнаган нерсени орнотуу үчүн аянтча каралышы керек.
Автомашиналардын тиби жана саны долбоор түзүүнүн тапшырмасында белгиленет.
Таштанды жыйнаган нерсени орнотуу үчүн аянтча бетон жана асфальт менен капталып, периметри боюнча бордюр жана жасалгалоочу көчөттөр менен чектелүүгө тийиш. Ага автотранспорттун келиши үчүн ыңгайлуу өткөөл камсыз кылынышы керек.
Аянтчанын өлчөмү таштанды жыйнаган нерсенин санына жараша белгиленет, ал таштандыны жок кылуунун ушул аймакта колдонулган ыкмаларына карата кабыл алынат.
Соттордун имараттарындагы жайлар төмөнкүдөй функционалдык топторго бөлүнөт:
- кошумча жайлары бар сот заседаниелеринин залдары;
- судьялардын жумушчу жайлары;
- сот аппаратынын кызматкерлери үчүн жайлар;
- айыпкерлер жана конвой үчүн жайлар;
- жардамчы жана тейлөөчү арналыштагы жайлар.
Сот заседаниелеринин залдарынын саны судьялардын санынын негизинде аныкталат. Сот заседаниелеринин залдары арналышы боюнча жазык жана жарандык иштерди кароо үчүн залдарга бөлүнөт.
Сот заседаниелеринин залдарынын санын жана аянтын, ошондой эле ар кандай арналыштагы залдардагы келүүчүлөр үчүн орундарды 1-таблица боюнча кабыл алуу сунуш кылынат.
1-таблица
Залдардын арналышы | Залдагы орундардын саны | Аянты м2 | Сот заседаниелеринин залдарынын саны судьялардын саны боюнча, адам | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6-7 | 8-9 | 10-11 | 12- 13 | 14- 15 | 16-17 | |||
Жарандык иштер үчүн | 20 | 40 |
| 1 |
| 1 |
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
30 | 48 |
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 2 | 2 | |
Жазык иштери үчүн | 40 | 60 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 |
60 | 70 |
|
|
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
90 | 110 |
|
|
|
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | |
Сот заседаниелеринин залдарын имараттын көлөмдүк-пландоо түзүмүндө жайгаштырууда алардын судьялар үчүн жайлар менен, айыпкерлер үчүн жайлар менен жана эл заседание залдарына келүүчү вестибюл менен ыңгайлуу байланышуусу керектиги эске алынууга тийиш.
Сот заседаниелерин пландоодо төмөнкүдөй негизги эки зона бөлүнөт: процесстик жана эл үчүн зона.
Сот заседаниелеринин залынын жазык иштерин угуу үчүн процесстик зонасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сот процессинин башкы катышуучулары судья жана сот заседателдери курамына кирген сотту жайгаштыруу үчүн зонаны;
- процесстин калган катышуучулары прокурор, адвокаттар, сот заседаниесинин катчысы үчүн зонаны, ага күбөлөрдүн кафедрасы чектешет;
- айыпкерлер жана конвой үчүн зонаны.
Залдын жарандык иштерди угуу үчүн процесстик зона соттун зонасын жана доогердин, жоопкердин, адвокаттын жана сот заседаниесинин катчысынын зонасын камтыйт.
Сот заседаниелеринин залынын геометриялык параметрлери эл үчүн орундардын санынын жана процесстик зонанын өлчөмдөрүнүн негизинде аныкталат.
Залдардагы орундардын жайгашуусу катарлардын ортосунда 45 см кем эмес жазылыктагы өткөөлдү камсыз кылууга тийиш.
Процесстик зонанын кеңдиги (залдын жазылыгы бдан баштап 9 метрге чейин болсо) төмөнкүлөрдү түзөт:
- эл үчүн 20 жана 30 орундуу, жарадык иштер боюнча залдарда 4,5 м кем эмес;
- эл үчүн 40 жана 60 орундуу, жазык иштери боюнча залдарда 5,5 м кем эмес;
- эл үчүн 90 орундуу, жазык иштери боюнча залдарда 6,5 м кем эмес, мында татаал иштерди кароодо процесстин катышуучуларынын, ошондой эле айыпкерлердин санынын көбөйүү мүмкүндүгү эске алынууга тийиш.
Сот үчүн (судья жана заседателдердин) зонанын кеңдиги 2 м кем болбоого тийиш. Процесстин калган катышуучулары үчүн зонанын минималдуу кеңдиги 2,5 мден (эл үчүн 20 орундуу залдарда) 4,5 мге чейин (эл үчүн 90 орундуу залдарда жана процесстин катышуучуларынын саны эки эсе көбөйгөндө) өзгөрөт.
Процесстик зонанын зоналары ар кандай деңгээлдерде төмөнкүдөй жайгашууга тийиш: сот үчүн (судья жана заседателдер) зонанын полунун деңгээли залдын деңгээлинен 45см, ал эми процесстин калган катышуучулары үчүн полдун деңгээли 15 см көтөрүлүп турууга тийиш.
Айыпкерлер жана конвой үчүн зонанын өлчөмү айыпкерлердин болжолдогон санына жана аларды жайгаштыруу үчүн катарлардын санына жараша болуп, ал долбоор түзүүдөгү тапшырма менен аныкталат. Алсак, айыпкерлердин саны 5тен кем эмес болсо, бул зонанын өлчөмү 1х4 м, айыпкерлердин саны 5тен 10го чейин болсо, алар эки жатар жайгаштырылып, 2х4 м түзөт ж.б.
Айыпкерлердин саны 10дон көп эмес болсо, айыпкерлер үчүн зона процесстин калган катышуучулары үчүн зона менен бирдей деңгээлде же эл үчүн зонанын полунун деңгээлинде жайгаштырылышы мүмкүн. Биринчи учурда айыпкерлер соттун каптал жагына, ал эми экинчи учурда соттун бет маңдайына жайгаштырылат. Адвокаттар үчүн орундар айыпкерлер үчүн зонанын алдына жайгаштырылууга тийиш.
Сот заседаниелеринин жазык иштерин угуу үчүн залдарында айыпкерлер үчүн зона ушул нормативдердин 11-бөлүмүнө ылайык тосмо тор менен же тунук калканч менен бөлүнүүгө тийиш жана терезе оюктары бар дубал менен чектешпөөсү керек. Калканч залга калкаланган аянттан айтылган сөздүн тиешелүү түрдө угулушун камсыз кылууга тийиш. Калкаланган аянтча 3төн 20га чейинки сандагы айыпкерлерди жайгаштырууну камсыз кылышы керек, ал имараттын долбоорун түзүүдөгү тапшырмада белгиленет.
Жазык иштерин угуу үчүн залдарда эл үчүн зона процесстик зонадан 1 м бийиктиктеги тосмо менен бөлүнөт.
Сот заседаниелеринин жарандык иштерди угуу үчүн залында кеңешме жайына жана күбөлөрдүн бөлмөсүнө кирип-чыга турган жана эл үчүн чыга турган үчтөн кем эмес өзүнчө кирип-чыгуучу эшиктери болууга тийиш. Ошондой эле судья жана заседателдер үчүн кызматтык эшиктерди коюу сунуш кылынат, бирок аны уюштуруу мүмкүн эмес болсо залга соттун кеңешме бөлмөсү аркылуу кирүүсүнө жол берилет.
Сот заседаниелеринин жазык иштерин угуу үчүн залында жогоруда аталган эшиктер жана айыпкерлер конвой менен кирүүсү үчүн өзүнчө эшик болууга тийиш. Эл кирип-чыгуучу жерге көлөмү чакан металл издегичти орнотуу үчүн орун каралышы керек.
Кошумча жайларга: сот жана сот арачылары үчүн кеңешме бөлмөлөрү, күбөлөр үчүн бөлмө, процесстин катышуучулары (адвокаттар жана прокурорлор) үчүн бөлмө, эл үчүн холл (кулуар), аппараттык жай кирет.
Кеңешме бөлмөсү 12 м2 кем эмес аянтта болуп, заседаниелер залына процесстик зона жагынан тикелей чектешип турууга жана анда залдан чыгуу үчүн өзүнчө эшик болууга тийиш, ал судья өтүп бара жатканда эл менен байланышпагандай болуп жайгаштырылышы керек.
Судья өткөн жол элден бөлүнүп турса, кеңешме бөлмөсүнө судьялардын жумушчу жайлар (бөлмөлөр) зонасынан кирип чыгуучу экинчи эшикти уюштурууга жол берилет. Кеңешме бөлмөсүндө санитардык түйүн каралышы керек.
Күбөлөр үчүн бөлмө 12 м2 кем эмес аянтта болуп, сот залы менен тикелей же шлюз аркылуу чектешүүгө тийиш жана залга киргенден баштап күбөлөрдүн кафедрасына чейинки жол абдан кыска болгондой жайгаштырылышы керек.
Айрым учурларда күбөлөрдүн бөлмөсү менен сот заседаниелеринин залынын ортосундагы байланышты коридор менен жүргүзүүгө жол берилет. Ошондой эле процесстин башка катышуучуларынын күбөлөрдү визуалдык байкоосуна бөгөт болгондой шарттарды түзүү мүмкүндүгү каралышы зарыл.
Процесстин катышуучулары (адвокаттар жана прокурорлор) үчүн жайлардын саны төмөнкүдөй эсептөө менен аныкталат: сот заседаниелеринин 2-3 залы үчүн 12 м2 кем эмес аянттагы бир жай.
Процесстин катышуучулары үчүн жайлардын санын сот заседаниелеринин залдарынын санына шайкеш келтирип кабыл алууга жол берилет, ал имараттын долбоорун түзүүдөгү тапшырмада белгиленет. Мындай учурда адвокаттар жана прокурор үчүн жайларды алар сот заседаниелеринин залына чектешкендей кылып жайгаштыруу сунуш кылынат.
Эл үчүн холлдорду алар сот заседаниелеринин залдарына эл үчүн зона жагынан чектешкендей кылып жайгаштыруу сунуш кылынат. Сот заседаниелеринин залдарына чектешкен холлдордун (кулуарлардын) аянтын залдагы эл үчүн бир орунга 0,3-0,4 м2 эсебинде кабыл алуу керек.
Аппараттык жайды аянты 50 м2 көп сот заседаниелеринин залдарында жайгаштыруу сунуш кылынат. Ал үн жазуу жана үндү берүү аппараттарын жайгаштыруу үчүн, ошондой эле диапроектроду, эпидиаскопту жана экранда документтерди көрсөтүүнү камсыз кылган башка аппараттарды жайгаштыруу үчүн арналат.
Аппараттык жайдын аянты 9-12 м2 түзөт. Экран залдын судья жана эл үчүн көрүнүктүү болгон дубалына жайгаштырылууга тийиш.
Судьяларды жайгаштыруу жана сот заседаниелери үчүн жайлар жөнүндө сунуш кылынган маалыматтар № 2 таблицада келтирилген.
2-таблица
Көрсөткүчтөр | Судьялардын саны, адам | |||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6-7 | 8-9 | 10-11 | 12-13 | 14-15 | 16-17 | ||
Кеңешме бөлмөсү | саны | 1 | 2 | 2 | 3 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
м2 | 12 | 24 | 24 | 36 | 36 | 48 | 60 | 72 | 84 | 96 | 108 | |
Күбөлөр үчүн бөлмө | саны | 1 | 2 | 2 | 3 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
м2 | 12 | 24 | 24 | 36 | 36 | 48 | 60 | 72 | 84 | 96 | 108 | |
Адвокаттар үчүн бөлмө | саны | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 3 | 3 | 4 | 4 |
м2 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 24 | 24 | 36 | 36 | 48 | 48 | |
Прокурорлор үчүн бөлмө | саны | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 3 | 3 | 4 | 4 |
м2 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 24 | 24 | 36 | 36 | 48 | 48 | |
Эл үчүн холл | м2 | 16 | 24 | 28 | 36 | 52 | 88 | 96 | 108 | 136 | 148 | 184 |
Судьялар үчүн жумушчу жайлардын тобу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- катчынын жумуш орду каралган кабыл алуу бөлмосү жана эс алуу бөлмөсү бар соттун төрагасынын кабинетин (судьялардын саны 4 жана андан көп болсо);
- сот заседаниелеринин катчыларынын жана судьялардын жардамчыларынын жумуш орду каралган кабыл алуу бөлмөсү бар судьянын кабинетин;
- соттун төрагасынын орунбасарынын (жардамчысынын) кабинетин;
- уюштуруу жана кадрдык иштер боюнча консультант үчүн бөлмөнү (судьялардын саны 11 жана андан кеп болгон соттордо).
Судьялар үчүн жумушчу жайлардын аянттары жөнүндө маалыматтар № 3 таблицада келтирилген.
3-таблица
Жайлардын аталышы | Соттун курамындагы судьялардын саны | ||
2-4 | 5-9 | 10-20 | |
жайлардын аянты м | |||
Соттун төрагасынын кабинети | 24 | 24 | 36 |
Эс алуу комнатасы | 12 | 18 | 24 |
Соттун төрагасынын кабыл алуу бөлмөсү | 18 | 18 | 24 |
Соттун төрагасынын жардамчысынын кабинети | 12 | 14 | 16 |
Судьянын кабинети | ар бир судья үчүн өзүнчө кабинет | ||
18 | 18 | 24 | |
Судьянын кабыл алуу бөлмөсү | ар бир судья үчүн өзүнчө кабыл алуу бөлмөсү | ||
18 | 18 | 20 | |
Уюштуруу-кадрдык иштер боюнча консультанттын бөлмөсү | 0 | 0 | 14 |
Судьялар үчүн жумушчу жайлардын тобун аларга келүүчүлөрдүн келишин жеңилдетүү максатында тепкич-лифт түйүндөрүнүн жанында жайгаштыруу сунуш кылынат. Жайлардын ушул тобунда соттун техникалык аппараттын жумушчу жайлары менен ыңгайлуу байланышы болууга тийиш.
Келүүчүлөр үчүн күтүү жайлары каралууга тийиш. Күтүү жайлары катары коридорлор жана аларга чектешкен холлдор пайдаланылышы мүмкүн, мындай учурда алардын көлөмү отургучтарды орнотууга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
Келүүчүлөр үчүн күтүү орундары судьянын кабинетине 8-10 орун жана кеңсе жайына 12-20 орун эсебинде каралат.
Судьянын кабинетинде өзүнчө санитардык түйүн кароо сунуш кылынат.
Соттун техникалык аппараты үчүн жумушчу жайлар: кеңсени, соттордун ишинин белгиленген тартибин камсыздоо боюнча сот приставдарынын бөлмөсүн, кеңсе башчысынын, улук сот приставынын, сот администраторунун кабинеттерин, архивдердин, экспедициянын жана машбюронун жайларын, кодификация кабинетин (юридикалык адабият китепканасын), консультант-кодификатордун кабинетин, ошондой эле буюм-заттык далилдерди сактоо үчүн жана кармалган курал жана мүлк үчүн чыгдандарды камтыйт.
Кеңсе жайларын соттун биринчи кабатында бир блок менен жайгаштыруу сунуш кылынат.
4 жана андан көп сандагы судьясы бар соттордо жазык жана жарандык иштер боюнча кеңселер үчүн өзүнчө жайлар каралууга тийиш.
Кеңсе жайынын аянтын бир кызматкерге 8 м2 эсебинде кабыл алуу керек.
Жумуш орундарын компьютерлер же башка көлөмдүү жабдуулар менен камсыздоодо ошол жабдууларды эксплуатациялоонун техникалык шарттарына бөлмөнүн аянтын чоңойтууга жол берилет.
Кеңсе жайда келүүчүлөрдү кабыл алуу үчүн тоскуч менен бөлүнгөн жер каралышы керек. Кеңсенин бөлмөсүндө адвокаттар үчүн бир жумушчу орун каралышы керек (аларды канцелярияда болгон сот иштеринин материалдары менен тааныштыруу үчүн). Эгерде кеңсенин кызматкерлери (соттун секретарлары) келүүчүлөр үчүн атайын холлго жанаша дубалда жайгашкан терезе аркылуу келүүчүлөрдү кабыл алуу жүргүзүшсө, анда планировканын ушундай варианттары каралышы мүмкүн. Саны 11 жана андан ашык судьялар иштеген соттордо прокурорлордун жана адвокаттардын иш менен таанышуусу үчүн өзүнчө жай болушу сунуш кылынат. Аларды кеңсе жайларга туташ жайгаштырган жакшы, алардын ортосундагы байланыш терезе аркылуу жүргүзүлөт, бирок сотто атайын катчылык (иш кагаздарын жүргүзүүчү) кызмат каралган учурда бул бөлмөлөр имараттын 1-кабатындагы башка жерлерде жайгаштырылышы да мүмкүн.
Соттордун ишинин уставдык тартибин камсыз кылуу боюнча сот приставдарынын бөлмөлөрүндө ар бир сот приставына 10 м2 кем болбогон аянтты ээлеген эки жумушчу орунду кароо сунуш кылынат.
Кеңсе башчысы, сот администратору, соттордун ишинин уставдык тартибин камсыз кылуу боюнча улук сот приставы үчүн кабинеттердин аянты 15-18 м2 болууга тийиш.
Соттордун имараттарында архивдер үчүн өзүнчө жай каралышы керек:
- учурдагы иштер үчүн - бир судьяга 4 м2 эсебинде, бирок 9 м2 кем эмес болууга тийиш;
- өндүрүшү аяктаган иштер үчүн - бир судьяга 6 м2 эсебинде болушу керек.
4 жана андан ашык судьясы болгон соттордо экспедиция үчүн жай каралышы керек. Экспедиция үчүн бөлмөнүн аянты иштеген ар бир адамга 6 м2 эсебинде, бирок 12м2 кем эмес болушу керек.
Машбюро үчүн 2 жана андан ашык машинистка иштеген учурда өзүнчө бөлмө каралат. Анын аянты 1 машинисткага 4 м2 түзүп, бирок 9 м2 кем болбойт.
Көбөйтүп чыгаруучу техника жана компьютерлер үчүн аянты бул техниканы колдонуунун техникалык шарттарына ылайык, бирок 12м2 кем эмес аныктала турган өзүнчө бөлмө каралышы сунушталат.
Жазык иштерин угуу боюнча сот жыйындарынын залдарынын санына жараша имаратты долбоорлогон учурда буюмзаттык далилдердин чыгданын аянты 18м2 кем эмес болууга тийиш.
Камак жүргүзүүдө алынган мүлктү сактоочу чыгданын аянты имаратты долбоорлогон учурда 10м2 кем болбошу керек.
Кодификация кабинетинин (юридикалык адабияттар китепканасынын) аянты төмөнкүдөй м2 түзүшү керек:
18-1-2 судья болсо;
24-3-5 судья болсо;
30-6-7 судья болсо;
40-8 жана андан ашык судья болсо.
Айыпкерлер жана конвойдогу адамдар үчүн жайлардын тобуна: айыпкерлер үчүн камералар, конвойдун бөлмөсү жана санитардык түйүн кирет.
Аталган жайлардын тобун сот имаратка кызматтык кирүү менен түз байланышта болгондой, ал эми айыпкерлердин камерасынан жазык иштерин угуу боюнча сот жыйыны өтүүчү залга чейинки жол тосулуп коюлгандай кылып жайгаштырылышы керек, бул жол өзүнчө тепкичтер жана далистер аркылуу өтүүгө тийиш.
Айыпкерлер үчүн жайлардын тобун имараттын жертеле кабатына жайгаштырууга жол берилет.
Айыпкерлер үчүн камералар жазык иштерин угуу үчүн сот жыйынынын ар бир залына 3 камера эсебинде каралышы керек. Ар бир камеранын аянты - 4 м2 болууга тийиш. Долбоорлоого тапшырма боюнча камералардын санын эркектерди жана аялдарды, чоңдорду жана жашы жетпегендерди өзүнчө жайгаштыруу, ошондой эле өз ара сүйлөшүүгө тыюу салынган адамдарды бөлүп кармоо үчүн камералардын саны көбөйтүлүшү мүмкүн.
Конвой үчүн бөлмөнүн аянты камералардын саны 10го чейин болсо 12 м2 жана камералардын саны 10дон ашса 18 м2 болушу керек.
Тейлөө багытындагы бөлмөлөрдүн курамына: гардеробу бар вестибюль, буфет же тамактануучу бөлмө, психологиялык жактан жеңилдетүүчү бөлмө, имаратты кайтаруучу жай, чарба башчысынын бөлмөсү, оңдоочу устаканалар, жабдууларды сактоочу чыгдан, шаймандар сакталуучу чыгдан, айдоочулардын бөлмөсү, санитардык түйүндөр кирет.
Вестибюлдун аянты сот жыйындары залдарындагы эл үчүн ар бир орунга 0,22 м2 өлчөмүндө аныкталат, буга судьялардын саны 4ке чейин болгон соттордун имараттарында 20 м2 кошулат жана 4төн ашык болгон соттордо 4 судьянын ар бирине 10 м2 кошулат.
Вестибюлдагы гардеробдун аянты бир илмекке 0,1 м2 эсебинде аныкталат. Кийим илгичтеги илмектердин саны соттун имаратында иштегендердин жалпы санына бирдей болууга тийиш. Келүүчүлөр үчүн гардероб коюуга жол берилет, аны сот жыйыны залдарындагы эл үчүн орундардын жалпы санына жараша эсептөө сунуш кылынат.
5 жана андан ашык судья иштеген соттордун имараттарында 4-5 кызматкер отура турган буфеттер каралат. Тамактануучу жайдын аянты бир орунга 1,4 м 2 эсебинде болуш керек, бирок 12 м2 кем эмес болууга тийиш; буфеттин таратуучу, көмөкчү жайларынын жана ашкананын идиш жуула турган жайларынын аянты коомдук тамактануу ишканаларын долбоорлоого тиешелүү нормаларга ылайык эсептелет.
Судьялардын саны 1ден 4кө чейин болгон соттордун имаратында тамактануучу бөлмөнүн болушу сунуш кылынат. Анын аянты бир кызматкерге 1 м2 эсебинде, бирок 15 м2 эмес өлчөмдө аныкталат. Тамактануучу бөлмө идиш жууй турган орнотмо, стационардык суу кайнаткыч, электр плитасы, муздаткыч менен жабдылууга тийиш.
Судьяларынын саны 8 жана андан ашык болгон сот имараттарында социалдык-психологиялык реабилитациялоо бөлмөсүн кароо сунуш кылынат. Мындай жайлар имаратты долбоорлогондо эске алынып, алардын аянты 24 м2 кем болбоого тийиш. Социалдык-психологиялык жактан жеңилдетүүчү жайды негизги эл жүргөн жерден обочороок жана транспорт магистралдарына карата сот имаратынын жайгашуусун эске алуу менен жайгаштыруу сунуш кылынат.
Имаратты кайтаруучу жайларды негизги эшикке жакын жайгаштыруу сунуш кылынат. Бул жайлардын курамына: кароолдун курамы үчүн жалпы бөлмөнү, кароол башчынын жана анын жардамчыларынын бөлмөсүн; тамактануучу бөлмөнү жана сантүйүндү киргизүүгө болот. Кароол башчынын бөлмөсүнүн аянты 12 м2 кем эмес болууга тийиш, кароолдун курамы үчүн бөлмөлөрдүн аянты ар бир кароолчуга 4,5 м2 эсеби менен аныкталат, бирок 15 м2 кем болбошу керек, тамак ичүүчү бөлмө жогоруда келтирилген нормаларга ылайык долбоорлонот.
Сот имараттарын пайдаланууну камсыз кылуу үчүн чарба жайлары жана чыгдан каралууга тийиш. Алардын аянты сот имаратынын эсептелген (ченемдеги) аянтына ылайык аныкталат.
Ар бир кабатта имарат аянтынын 1000 м2 3м2 эсеби менен, бирок ар бирине 1,5 м2 кем эмес эсеп менен имарат чыгданын жыйноочуларды кароо керек.
Санитардык түйүндөрдү сот имаратынын ар бир кабатында кароо сунуш кылынат, бирок алар кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн өз-өзүнчө болууга тийиш. Кызматкерлер үчүн санитардык түйүндөрдөгү приборлордун саны төмөнкүчө эсептелет: 30 аялга 1 күлтүктөн жана 45 эркекке 1 күлтүк жана 1 даараттамадан кем эмес болууга тийиш. Эркектер менен аялдардын санынын катышы долбоорлоого коюлган тапшырма менен аныкталат. Кабатта кызматкерлердин саны 10дон кем болгондо кызматкерлер үчүн санитардык түйүндөрдү кабат аттап жайгаштырууга жол берилет.
Келүүчүлөр үчүн сантүйүндөрдөгү приборлордун саны 50 аялга 2ден кем эмес күлтүк жана 120 эркекке 1 күлтүк жана 2 даараттама эсебинде болууга тийиш. Келүүчүлөрдүн саны сот жыйынынын залдарындагы эл үчүн бөлүнгөн орундардын санына жараша эсептелет. Долбоорлогон учурда аялдар менен эркектердин санын бирдей же тапшырма боюнча аткарууга жол берилет. Сот жыйындарынын залдарындагы эл үчүн орундар эң көп санда болот деп болжолдонгон кабатта сантүйүндөрдүн биринде отургуч-коляска менен жылып жүргөн майыптар үчүн кабина каралууга тийиш.
Ант берген өкүлдөрдүн кеңешүүчү бөлмөсүнүн жанындагы сантүйүн үн өтпөгөн материалдардан жасалган кабиналарда жайгашкан эки күлтүк жана бир жуунгуч менен жабдылат.
Айыпкерлер үчүн бөлмөлөрдүн жанындагы конвой үчүн, имаратты күзөтүү үчүн бөлмөлөрдүн жанындагы жана кеңешүүчү бөлмөлөрдүн жанындагы сантүйүндөр бир күлтүк жана бир жуунгуч менен жабдылат.
Кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн сантүйүндөрдүн киребериштери өзү жабыла турган эшиги бар тамбур аркылуу жасалууга тийиш.
Имараттын инженердик системаларын тейлеген жумушчулар, ремонтчулар жана уборщицалар үчүн бир эки торчолуу жууна турган же душу бар 1 адамга 1, 2 м2 эсеби менен үйдө жана иште кийүүчү кийимдерин иле турган гардероб коюлушу мүмкүн.
Көмөкчү бөлмөлөрдүн курамына: бухгалтерия, кадрлар, материалдык-техникалык камсыздоо, сот статистикасы жана укуктук маалымат берүү, иш кагаздарын жүргүзүү, сот өндүрүшүн камсыз кылуу ж.б. бөлүмдөр үчүн бөлмөлөр кирет.
Бул бөлмөлөрдүн саны жана аянты долбоордо имаратка жайгаша турган кызматкерлердин санына жана жумуш орундарын компьютерлер жана башка жабдуулар менен камсыздоого жараша аныкталат.
Сот имараттарынын жайларын табигый жана жасалма жарык менен камсыз кылуу эл аралык курулуш нормаларына (мындан ары - ЭКН) ылайык келиши керек 2.04-05-95 «Табигый жана жасалма жарыктандыруу».
Архив жайларын жана курал сактоо үчүн чыгданды табигый жарыксыз долбоорлоо керек.
Айыпкерлер үчүн камераларды, буюмзаттык далилдер чыгданы, сот приставдары камакка алууда алып койгон мүлктү сактоочу чыгданы, уборщицалар үчүн чыгданы жана санитардик түйүндөр табигый жарыксыз долбоорлонушу мүмкүн.
Сот имаратын пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү менен шартталган айрым учурларда сот жыйындарынын залдарын табигый жарыксыз долбоорлоого жол берилет. Сот жыйындарынын жогорку кабатында жайгаштырылган залдарды жарык берүүчү чырактар аркылуу жарыктандырууга жол берилет.
Сот жыйындарынын залдарын табигый жана жасалма жарыктандыруу булактарын жайгаштыруу процесстин бардык катышуучулары үчүн жакшы көрүнүп турушун камсыз кылууга тийиш.
Сот имаратынын киреберишинде күзөт жана металлтапкычтарды орнотуу үчүн орун каралууга тийиш.
Сот жыйындар залдарынын, кеңешүүчү бөлмөлөрдүн, конвой үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдүн, айыпкерлердин камераларынын, айыпкерлер өтө турган далистер жана тепкичтер, ошондой эле камералардын эшиктериндеги шыкалоочу терезелер металл торчолор менен тосулууга тийиш.
Жазык иштерин кароо үчүн сот жыйындарынын залдарына бийиктиги 220 см келген, төрт (дубалга бекигенде үч) жагынан тосулган металл тосмо тор же тунук көрүнүп турган тосмо орнотулушу керек, сот процесси өтүп жаткан учурда айыпкерлерди жайгаштыруу үчүн орун болушу керек. Тор же тосмо менен тосулган аянт 3төн 20га чейин айыпкерди жайгаштырууну камсыз кылууга тийиш, ал долбоорлоодо имаратка коюлат.
Тосмо тордун же тосмонун өлчөмү 200x80 см өлчөмүндөгү эшиги болушу жана тосулушу керек. Тосмо торду даярдоо үчүн диаметри 14 мм кем болбогон жоон металл зым колдонулат. Тунук тосмону брондолгон айнектен жана материалдан жасоо керек. Тосмо торду жана тосмону бийиктиги залдын шыбына жеткендей кылып жасоого жол берилет.
Дубалдын жана судьялардын кабинеттеринин, сот арачылары үчүн кеңешүүчү бөлмөлөрдүн эшиктери, ошондой эле күбөлөр үчүн бөлмөлөрдүн дубалдары үндү өткөрбөө максатында, алар атайын үн өткөрбөй турган материал менен беттелүүгө тийиш; күбөлөр үчүн бөлмө менен сот жыйыны өтүүчү залдын ортосуна кош кабат эшиктер коюлууга тийиш.
Келүүчүлөрдү кабыл алуу жүргүзүлгөн жайларда кишилер отурган зоналар тосмо же терезелүү тоскуч менен бөлүнүп турууга тийиш. Мында кызматкерлердин жумуш орундары келүүчүлөр үчүн жете албай тургандай болууга тийиш.
Архив жайларынын жана курал сактоо үчүн чыгдан сейф түрүндөгү эшиктер менен камсыз кылынууга тийиш.
Айыпкерлер үчүн камераларда шыкалоочу терезечелери бар атайын камера эшиктери коюлушу керек. Эшиктердин түрлөрү тергөө изоляторлору менен түрмөлөрдү долбоорлоо нормативдерине ылайык кабыл алынат. Камераларда ошондой эле төмөндөгүлөр каралууга тийиш:
- калыңдыгы 20 см кем болбогон бетон полдор;
- оюктарга жарык булактары жайгаштырылып, алар торчолор менен корголот жана дубалдын жогору жагына же шыпка жайгаштырылат;
- далистеги камеранын жанына же конвойдун бөлмөсүнө жарык булактарынын өчүргүчтөрү жайгаштырылат;
- эшик терезелер аны ачуу үчүн үн жана жарык сигнализациясы менен жабдылат.
Соттордо кырдаал татаалдашкан учурларда жарандарды, судьяларды жана сот арачыларын калкалоо үчүн кошумча жайлар, ошондой эле кызматтык иттер жана кинологдор үчүн жайлар ошол региондогу криминогендик кырдаалдын өзгөчөлүктөрүнө жараша сот имаратын долбоорлогондо анын тапшырмасында каралышы мүмкүн. Мындай жайлардын аянты жана имаратта аларды жайгаштыруу долбоорлоо тапшырмасында белгиленет.
Күзөтүүчү жана айгай салуучу сигнализация коюлган сот имараттарында төмөнкүлөр камсыз кылынууга тийиш:
- келүүчүлөр үчүн холлдорду кошпогондо, сот жыйындары өтүүчү залдар жана ага улай салынган жайлар;
- келүүчүлөр үчүн күтүү жайлары буга кошпогондо судьялар үчүн иш бөлмөлөрү;
- соттордун ишин техникалык жактан камсыз кылган кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү;
- айыпкерлер жана конвой үчүн бөлмөлөр;
- вестибюль жана имаратты күзөтүүчү жайлар.
Сот имараттарын функциялык өрт коопсуздугу жагынан 2.02-01-97 ЭКН «Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу» боюнча кабыл алынган имараттардын классификациясы боюнча Ф 2.1 классына киргизүү керек.
Өрткө каршы дубалдар менен чектелген өрт отсегинин аянты имараттын өрткө туруктуулук жана кабаттуулук даражасына жараша 3.02-03-2002 ЭКН «Мекемелер жана уюмдар үчүн имараттар жана жайлар» боюнча аныкталышы керек.
Вестибюлду жана сантүйүндөрдү кошпогондо сот имаратынын бардык жайлар өрт коопсуздугунун нормаларына (мындан ары - ӨКН) ылайык 110 автоматтык өрт сигнализациясы менен жабдылууга тийиш.
Сот имараттарында өрт жөнүндө кабарлоо системасы борборлоштурууга жана ЭКН 104 талаптарына ылайык долбоорлонууга тийиш.
Айыпкерлердин камералары жайгашкан жертөлөөдөн же башка кабаттан эвакуациялык чыгуулар имараттан башка эвакуациялык эшиктерден обочо болууга тийиш. Алар кызматтык короого чыгууга тийиш.
Аянты 36 м2 ашкан архив жана буюмзаттык далилдерди сактоочу жайларда терезеси болбогон учурда кесилиш аянты ошол жайдын аянтынын 0,2 проценттен кем болбогон түтүн чыгуучу сормо каналдар каралышы керек жана алар ар бир кабатта автоматтык түрдө жана аралыктан кыймылга келтирилүүчү клапандар менен жабдылыш керек.
Түтүндү чыгаруу үчүн каралган орнотмо, ошондой эле терезе-тешиктери болбосо сот жыйындарынын залдарында да каралууга тийиш.
Буюмзаттык далилдер жана архивдер чыгданынын эшиктери ЕI 30 (2.02-01-97 ЭКН «Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу» боюнча) төмөн болбогон өрткө туруктуулук чегине ээ болууга тийиш.
Сот жыйындары өткөн залдарды жана андай жыйын өтүү каралган башка жайларды акустикалык жасалгалоо Г1, В1, Д2, Т2 жогору болгон өрт коопсуздугу сактала турган материалдардан жасалууга тийиш.
Сот имараттарын жылытуу, желдетүү, суу, канализация киргизүү жана ысык суу менен жабдуу колдонуудагы нормативдик документтерге ылайык аткарылат.
Суу түтүктөр системасы эреже катары бириккен чарбалык-ичүүчү-өрткө каршы талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Ысык суу менен борборлоштуруп жабдуу мүмкүн болбогон сот имараттарына электр суу жылыткычтарын орнотууга жол берилет.
Жылытуу системасынын альтернативалуу варианттар каралышы тийиш.
Соттордун имараттары электрлештирүүгө, телефондоштурууга, радиолоштурууга жана электр сааттары коюлууга тийиш. Жергиликтүү радиотрансляция орнотмолорунун зарылчылыгы долбоорлоого тапшырмада белгиленет.
Сот имараттарынын электр техникалык түзүлүштөрү жасалма жарыктандыруу жагында ЭКН 2.04-05-95 «Табигый жана жасалма жарыктандыруунун», Электр техникалык түзүлүштөрдү монтаждоо боюнча иштерди жүргүзүү жана кабыл алуу эрежелерине, Электр түзүлүштөрүн орнотуу эрежелерине жана Мамстандарт Р 50571.1 талаптарын канааттандырууга тийиш.
Электрсаттарын судьялардын кабинеттерине жана соттордун аппаратынын кызматкерлеринин бөлмөлөрүнө, сот жыйын өтүүчү залдарга, холлдорго жана вестибюлга орнотуу керек. Аларды жайгаштыруу эл үчүн, ошондой эле сот кызматкерлери үчүн сааттар көрүнүп тургандай жайгаштырылууга тийиш.
Сүйлөшүүчү орнотмолорду сот төрагасынын кабинетине, судьялардын бөлмөлөрүнө, конвойдун бөлмөсүнө жана кеңсеге орнотуу керек.
Сүйлөшүүчү орнотмолор ошондой эле күбөлөр үчүн бөлме жана конвой үчүн бөлмө менен байланышып туруу үчүн сот жыйыны өтүүчү залга орнотулууга тийиш.
Үн аркылуу белги бергичтер (коңгуроонун жардамы менен) төмөнкү жерлерге орнотулууга тийиш:
- кеңешүүчү бөлмөлөр менен конвойлордун, кеңсе менен сот жыйындары өтүүчү залдардын ортосуна;
- күзөт бөлмөлөрү менен имаратка кирүүчү кызматтык эшиктин ортосуна. Сот имаратынын бардык кабаттарына жалпы коңгуроолор коюлууга тийиш.
Сот жыйындары өтүчүү залдардын кире бериши «ТЫНЧ! СОТ ЖЫЙЫНЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ» жарык табло менен жабдылууга тийиш, ал эреже катары эшиктин үстүнө жайгаштырылат.
Имаратты күзөтүү үчүн бөлүнгөн жайлар милициянын жакын арадагы бөлүмү менен түз телефон байланышына ээ болууга тийиш.
Сот имаратынын иш бөлмөлөрүнүн үчтөн ашык жеке компьютерлер менен жабдыган учурда аларды локалдык эсептөө тармагына (мындан ары - ЛЭТ) бириктүү сунуш кылынат.
ЛЭТти монтаждоо, орнотууга жана жөнгө салууга чыгымдарды азайтуу үчүн ал структуралашкан кабелдик системанын (мындан ары - СКС) курамында (ЛЭТти телефондоштуруу, видеоконференциялар ж.б. үчүн) кураштырылышы мүмкүн. Бул үчүн сот имаратынын кабаттарында кабелдик инфраструктураны ыкчам өзгөртүү үчүн коммуникациялык панелдер, иш бөлмөлөрүндө - жеке компьютерлерди жана телефондорду кошуу үчүн (модемдик байланышты камсыз кылуу үчүн) розеткалар орнотулууга тийиш, ошондой эле жалпы аянты 18м2 кем болбогон сервердик жана коммуникациялык эки атайын жай каралууга тийиш.
Сервердик-коммуникациялык, буюмзаттык далилдер чыгданы, учурдагы жана бүткөн иштер архиви, автоматтык өрт өчүрүү системасы (сервердик газ системасы, буюмзат далилдеринин чыгданы жана архив -порошок - аэрозолдук система) менен жайларды жабдуу зарыл.
Кошумча тапшырма боюнча имараттык айланасы боюнча, кызматтык короо аянты, айыпкерлердин жана конвой зонасын, ошондой эле кирүү зонасын (вестибюль жана борбордук кирүү) телевизордук видеокөзөмөлдөө системасы менен жабдуу каралат.
Участоктун аянты - мыйзамда белгиленген тартипте сот имаратын курууга бөлүнгөн жер участогунун аянты.
Курулуш аянты - сот имаратынын курулушу ээлеген жер участкасынын аянты.
Коомдук зона - келүүчүлөрдү коомдук тейлөө жана соттун кызматкерлери үчүн каралган курулма курууга арналган аймактын имаратка жакын участогу.
Кызматтык зона (кызматтык короо) - айыпкерлер, конвой жана сот кызматкерлери үчүн арналган атайын эшик тараптан соттун имаратына жакын турган аймактын участогу.
Процесстик зона - сот процессинин катышуучуларын жайгаштыруу үчүн орундар бөлүнгөн сот жыйыны өтүүчү залдын аянты.
Эл үчүн зона - келүүчүлөрдү жана сот процессинин күбөлөрүн жайгаштыруу үчүн орундар бөлүнгөн, сот жыйынынын жыйын өтүүчү залдын аянты.
Сот зонасы - судьялардын жана соттук заседателдердин ордун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн, процесстик зона аянтынын өйдөлөтүлгөн бөлүгү.
Процесстин калган катышуучулары үчүн зона - прокурордун, адвокаттардын, сот заседаниесинин катчысынын, дооматчынын, жоопкерчинин жана күбөлөрдүн кафедрасынын ордун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн процесстик зона аянтынын бөлүгү.
Соттолуучулар жана конвой үчүн зона - соттолуучулардын жана конвойдун ордун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн процесстик зона аянтынын атайын жабдылган бөлүгү.
Процесстик зонанын тереңдиги - процесстик зонанын эл үчүн зона менен чек арасынын ортосундагы сот жыйынынын залындагы ага паралелль турган дубалга чейинки аралык.
Сот зонасынын тереңдиги - судьялардын жана соттук заседателдердин орундарынын артында жайгашкан дубал менен процесстин калган катышуучуларынын зона сызыгынын ортосундагы аралык.
№ 1 тиркеме
1. Сот заседаниесинин төрагасы жана катчы үчүн процесстик зона.
2. Бир сот арачысына 1 м эсебинде, ага бир сот арачысына 0,8 м2 эсебинде сот арачылар үчүн 4 кошумча орун кошулат.
3. Соттолуучулар жана конвой үчүн зона
4. Күнөөлөө үчүн зона.
5. Коргоо үчүн зона.
6. Күбөлердун кафедрасы.
7. Суралган күбөлөр үчүн орундар.
8. Бирөөнө 0,6 м2 эсебинде эл үчүн орундар.
9. Сот арачылары үчүн кеңешүүчү бөлмө.
10. Төрагалык кылуучу үчүн бөлмө.
11. Тартип коргоону камсыздоо боюнча сот приставынын орду.
№ 2 тиркеме
№ 3 тиркеме
1-кабат
1. Вестибюль
2. Жарандык иштер үчүн жыйындар залы
3. Кеңешүүчү бөлмөлөр
4. Күбөлөрдүн бөлмөлөрү
5. Адвокаттардын бөлмөсү
6. Судьянын кабинети
7. Имаратгын күзөт жайы
8. Күзөтчүнүн орду
9. Сот приставдарынын бөлмөсү
10. Кызматчылардын сырткы кийимдери үчүн гардероб
11. Кодификация кабинети
12. Келүүчүлөрдүн сырткы кийимдери үчүн гардероб.
13. Электрщити
14. Чарбалык чыгдан
15. Гараж
2-кабат
1. Холл
2. Кылмыш иштери үчүн сот жыйындарынын залы
3. Жарандык иштер үчүн сот жыйындарынын залы
4. Кеңешүүчү бөлмөлөр
5. Күбөлөрдүн бөлмөлөрү
6. Прокурорлордун бөлмөлөрү
7. Адвокаттардын бөлмөсү
8. Судьялардын абинеттери
9. Сот жыйындарынын катчыларынын бөлмөлөрү
10. Кеңсе башчысынын кабинети
11. Жарандык иштердин кеңсеси
12. Кылмыш иштердин кеңсеси
13. Машбюро
14. Азыркы жана бүткөн иштердин архивдери
15. Буюм далилдерди жана куралдарды сактоочу чыгдан
16. Сервер бөлмөсү
17. Байланыш бөлмөсү
3-кабат
1. Холл
2. Кылмыш иштери үчун сот жыйындарынын залы
3. Жарандык иштер үчүн сот жыйындарынын залы
4. Кеңешүүчү бөлмөлөр
5. Күбөлөрдүн бөлмөлөрү
6. Прокурорлордун бөлмөлөрү
7. Адвокаттардын бөлмөсү
8. Сот төрагасынын кабинети
9. Судьялардын кабинеттери
10. Сот жыйындарынын катчыларынын бөлмөлөрү
11. Администратордун кабинети
Жертөлө
1. Соттолуучулар үчүн камералар
2. Конвой үчүн жай
3. Венткамералар
4. Техникалык жайлар
5. Чыгдандар
6. Оңдоочу устаканалар
7. Айдоочулар үчүн жай
8. Буфет үчүн жай
9. Чарба башчысы үчүн жай
|
|