Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 265-б
буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик чегараны комплекстүү башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик чегараны комплекстүү башка-руу системасын (мындан ары - МЧКБ) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюн-ча Улуттук координациялык борбор (мындан ары - УКБ) Кыргыз Республика-сынын Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы № 49
буйругу менен тү-зүлгөн Мамлекеттик чегараны комплекстүү башкаруу системасын иштеп чыгуужана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын чегаралыккоопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу стра-тегиясын иштеп чыгууну жана негизги министрликтердин, мамлекеттик коми-теттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигининбашка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жанажарандык сектордун МЧКБны ишке киргизүүнүн алкагындагы ишмердиктеринкоординациялоону камсыздоочу жумушчу органы болуп эсептелет. 2. УКБ өзүнүн ишмердигинде МЧКБны иштеп чыгуу жана ишке киргизүүбоюнча ведомстволор аралык комиссияга жана Кыргыз Республикасынын Чега-ра кызматынын төрагасына баш ийет. 3. УКБнын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү че-чими менен дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төра-гасынын орун басары болуп эсептелет. УКБнын курамына УКБнын иштөө регламентине ылайык УКБнын жумушчуотурумдарына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администраци-ялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетек-чилиги тарабынан жиберилүүчү МЧКБны иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгөтартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жооптууадамдары кирет. УКБнын ишмердигине Европалык Союздун жана БУУнун Өнүктүрүү прог-раммасынын "Борбордук Азияда чегараларды бекемдөөгө көмөктөшүү" (ВОМСА)программасы тарабынан колдоого алынат, башкача айтканда УКБга техника-лык көмөк көргөзүлөт. УКБнын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 4. УКБ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, эларалык уюмдардын өкүлдөрү, донор өлкөлөр жана коммерциялык эмес уюмдарменен кызматташууга укуктуу. 5. УКБ өзүнүн отурумдарына катышууга министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигининбашка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынадистерин тартууга, белгиленген тартипте маалымат сурап алууга, минист-рликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволор-дун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын МЧКБ системасын иштеп чыгуужана ишке киргизүү жаатында өткөрүлүүчү иш-чараларына мониторинг жүргү-зүүгө укуктуу. УКБнын отурумдарына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдары-нын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын,донор өлкөлөрдүн, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү белги-ленген тартипте чакырылышы мүмкүн. 6. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынынмыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук акты-лары, ошондой эле ушул Жобо УКБнын ишмердигинин укуктук негизин түзөт. II. УКБнын максаттары жана милдеттери 7. УКБнын ишмердигинин негизги максаты стратегияны иштеп чыгуу жа-на МЧКБ системасын ишке киргизүү боюнча кызыкдар министрликтердин, мам-лекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруубийлигинин башка органдарынын ишмердигин координациялоо болуп эсепте-лет, анын ичинде: - чегара коопсуздугун камсыздоо жагында улуттук мыйзамдарды өркүн-дөтүү жана чегараларды башкаруу жана бањгизаттардын жайылтылышынын ал-дын алуу маселелери боюнча Борбордук Азиянын чектеш мамлекеттеринин че-гараларын коргоо жана сактоо жаатындагы улуттук мыйзамдарга аларды шай-кеш келтирүү; - мамлекеттик чегараны ыњгайлаштыруу, техникалык жактан жабдуу жа-на мамлекеттик чегаранын инфраструктурасын өнүктүрүү; - чегара коопсуздугуна тийиштүү функционалдык милдеттерди аткаруубоюнча министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда өз ара аракетте-нүү жана маалымат алмашуу системасын түзүү. 8. УКБнын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет: - МЧКБны ишке киргизүү стратегиясын иштеп чыгууда артыкчылыктуубагыттарды аныктоо; - тартылган министрликтердин жана ведомстволордун МЧКБнын иш-чара-ларын ишке ашырууга карата ыкмаларын комплекстүү жана ырааттуу камсыз-доо, МЧКБны ишке ашыруунун максаттарына жетишүүгө багытталган зарыл ча-раларды керүү үчүн Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын иштеп чы-гуу жана сунуштарды даярдоо; - МЧКБ системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомство-лор аралык комиссиянын ишмердигин камсыздоо, министрликтер, мамлекеттиккомитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башкаоргандары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Ве-домстволор аралык комиссиянын кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруу про-цессин башкаруу; - чегара коопсуздугуна көмөктөшүү жаатында программаларды жанадолбоорлорду макулдашылган жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо үчүнэл аралык уюмдар, донор өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин) артүрдүү долбоорлору жана программалары менен кызматташуунун колдонуудагыпрограммаларын жана долбоорлорун өнүктүрүү жана жањыларын уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагындаКыргыз Республикасынын мыйзамдарын Борбордук Азиянын чектеш мамлекетте-ринин, КМШга мүчө-мамлекеттердин, ЕврАзЭСке, ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн мый-замдары менен шайкеш келтирүү үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүнизилдөө. III. УКБнын укуктары 9. УКБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялыкведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынан Ведомстволор аралык комиссиянын жанаУКБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды белгилен-ген тартипте сурап алууга, Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин,УКБнын сунуштарын жана рекомендацияларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар-дын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө министрликтердин жана ведомстволордунрасмий өкүлдөрүн угууга, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органда-рынын МЧКБынын стратегиясын иштеп чыгуу жана системасынын ишке киргизүүжаатында өткөрүлүүчү иш-чараларга мониторинг жүргүзүүгө; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын адистерин эксперт катары зарылдыгынажараша белгиленген тартипте ишке тартууга; - МЧКБны иштеп чыгуу стратегиясын жүзөгө ашыруу жолдорун натыйжа-луу издөө жана МЧКБны ишке киргизүү боюнча маселелерди чечүүгө каратасунуштарды иштеп чыгууга жана тиешелүү багыттар боюнча министрликтер-дин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, атка-руу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын жетекчилерине киргизүүгө; - Ведомстволор аралык комиссия үчүн тиешелүү сунуштарды жана реко-мендацияларды иштеп чыгуу менен мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө ба-гытталган УКБнын мүчөлөрүнүн сунуштарын талкуулоого; - Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына жана Кыргыз Республи-касынын Чегара кызматынын төрагасына МЧКБыны ишке киргизүүнүн стратеги-ясын ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендациялардыкиргизүүгө; - министрликтердин жана ведомстволордун ишке тартылган бөлүмчөлө-рүнөн аткарган жумуштары жөнүндө отчетторду берүүнү талап кылууга жанаУКБнын аткарылган жумуштары жөнүндө ай сайын отчёт даярдоого; - УКБнын алдында турган максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон башкаиш-аракеттерди аткарууга. IV. Корутунду жоболор 10. УКБ Кыргыз Республикасынын МЧКБсын иштеп чыгуу жана ишке кир-гизүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия ишмердигин токтоткон учурдаөзүнүн ишмердигин токтотот.