Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-июну № 266-б
"Европалык Союздун - БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасында "Чегараларды башкарууга көмөктөшүү" (ВОМСА) жана "Баңги заттарды четтетүү" (САБАР) программаларын ишке ашыруу боюнча Координациялык комитетти тузуү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-сентябрындагы № 399 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жьшдын 4-февралындагы № 49 буйругуна, Европалык Союздун - БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Чегараларды башкарууга көмөктөшүү" (ВОМСА) жана "Баңги заттардын жайылтылышынын алдын алуу" (САХАР) программаларын ишке ашыруу боюнча Координациялык комитетинин отурумунун 2008-жылдын 7-февралындагы протоколдук чечимине ылайык, чегара коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын комплекстүү башкаруу (мындан ары - МЧКБ) системасьш иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу максатында:
1. МЧКБ системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (Улуттук координациялык борбор, мындан ары УКБ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында МЧКБ системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улутсук координациялык борбор жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилөри УКБнын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 266-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасынын орун басары, УКБнын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын начальниги, УКБнын жетекчисинин орун басары УКБнын катчысы.
УКБнын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын эксперти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн референти;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин паспорттук-визалык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун атташеси;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргонууну, укук коргоо органдарын каржылоо жана мобилизациялык даярдык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарын реформалоо боюнча борборунун начальниги;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү енер жай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин ветеринардык көзөмөлдүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетуү өнөр жай министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча республикалык лабораториясынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобилдик жолдор башкы башкармалыгынын башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун лабораториясынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкаруу бөлүмүнун начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын товарларды жеткируүнү контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын инспектору;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин миграциялык саясат башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агентгигинин оперативдүү-издөө бюросунун бөлүм начальниги;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын башкы оперативдуү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын чегаралык контролдоо башкы башкармалыгынын начальниги;
Европалык Союздун жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Борбордук Азияда чегараларды бекемдөөгө көмөктөшүү" (ВОМСА) программаларынын Кыргыз Республикасындагы ВОМСА программаларынын байкоочу катарындагы башкы техникалык кеңешчиси (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов