КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 25-июну № 310-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-мартындагы № 88-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ведомстволор аралык комиссиянын курамына М.А.Исмаилов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси болуп; М.С.Иминов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы киргизилсин;
- ведомстволор аралык комиссиянын курамынан С.Э.Балкибеков, А.Г.Конюхов, Л.А.Оселедько чыгарылсын;
- 2-пункттун төртүнчү абзацындагы "5-апрелге чейин" деген сөздөр жана цифра "5-сентябрга чейин" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |