КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-апрели № 181-б
Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык кыйла жогору пайда көрүү менен "Кумтөр" кенин өздөштүрүүнү андан ары өнүктүрүү, "Кумтөр" долбоору боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-мартындагы № 88-б буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын ишинин жыйынтыгын көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-мартындагы № 88-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 310-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-февралындагы № 59-б буйругу.
Премьер-министр
| И.Чудинов |