Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-марты № 88-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 25-июнундагы № 310-б, 2009-жылдын 16 февралындагы № 59 буйругтарынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин 2008-жылдын 13-февралындагы "Кумтөр" долбоору боюнча чечиминде коюлган маселелерди иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн:
Айтмурзаев Н.Т. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
Елисеев А.А. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы;
Исабеков К.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ибрагимов С.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 310-б, 2009-жылдын 16 февралындагы № 59 буйругтарынын редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин 2008-жылдын 13-февралындагы чечиминде коюлган маселелерди иштеп чыксын;
- зарыл болгон учурда "Камеко Корпорейшн" жана "Центерра Голд Инк." компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- 2008-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштарды жана материалдарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга белгиленген тартипте мамлекеттик органдарынын жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунан керектүү маалыматтарды сураганга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстары бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |