Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-июлу № 371-б
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 506-б,
2009-жылдын 3-мартындагы № 84-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-статьясынын 5-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Укук сотунун иштери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик бутагынан өкүлдөр катары Кыргыз Республикасынын Укук сотунун иштери боюнча улуттук кеңештин курамына киргизүү үчүн төмөнкүдөй талапкерлер жактырылсын:
Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Муйбиллаев Акимжан Муйбиллаевич - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы;
Иминов Махамаджан Саитович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 506-б, 2009-жылдын 3-мартындагы № 84-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |