Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2009-жылдын 3-марты № 84-б
Н.А.Ташпаеванын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулгандыгына жана анын Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалганына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, 10-беренесинин 2-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ташпаева Назгүл Аскеровнанын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги бутагынан өкүл катары Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына киргизүү үчүн жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы № 371-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы "Ташпаева Назгүл Аскеровна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы" деген позиция алып салынсын.
3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |