Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 18-майындагы № 225-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-июлу № 378-б
1. Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине көрсөтүлгөн Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
ынтымактуу коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык духунда аракеттенип,
Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин жобосуна таянып,
Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун участогун реконструкциялоо үчүн жер участогун өз ара бөлүп берүүнү камсыздоо максатында,
Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө макулдашууга төмөнкү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдашты:
1-берене.
1-берененин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районундагы Чорку айылы аркылуу өтүүчү, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосундагы колдонуудагы жолдун жээгинде, Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районунун аймагындагы узундугу кеминде 275 м жер участогу Тажикстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык Төрткүл суу сактагычына баруучу каналдын жээгиндеги жолдун уландысы болуп саналган Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун реконструкциялоо жана Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районундагы Ходжа-Ало Джамоата Чорку калктуу конушунун түштүгүндө "Айгүл-Таш" подстанциясынан "Самат" подстанциясына чейин 110 кВ электр берүү линиясынын участогу үчүн гана (Тиркеме).".
2-берене.
1-берененин төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен рйонунун Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районундагы Чорку айылы аркылуу өтүүчү участкадагы Ош-Исфана автожолунун жасалма курулмаларынын сандык курамы майда баратына чейин толук долбоорлоонун жүрүшүндө такталат.".
3-берене.
Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тажикстан Республикасынын ________________ шаарында 2008-жылдын "_____"______________ ар бири орус, кыргыз, тажик тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн