Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-майы № 225-б
1. Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 378-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
ынтымактуу коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык ниетинде аракеттенип,
Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин жобосуна таянып,
Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун участогун реконструкциялоо үчүн жер участогун өз ара бөлүп берүүнү камсыздоо максатында,
Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө макулдашууга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдашты:
1-берене.
1-берененин үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районундагы Чорку айылы аркылуу өтүүчү, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосундагы колдонуудагы жолдун жээгинде, Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районунун аймагында Кыргыз Республикасынын үчүн узундугу кеминде 275 м жер участогу ушул участокту реконструкциялоо долбооруна ылайык Ош-Баткен-Исфана автомобль жолун реконструкциялоо үчүн жана Тажикстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районундагы Ходжа-Ало Джамоата Чорку калктуу конушунун түштүгүндө "Айгүл-Таш" подстанциясынан "Самат" подстанциясына чейин 110 кВ электр өткөрүү линиясынын участогу үчүн гана (Тиркеме).
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районундагы Чорку айылы аркылуу өтүүчү участкадагы Ош-Исфана автожолунун жасалма курулмаларынын сандык курамы ушул участокту реконструкциялоо долбооруна ылайык белгиленет.".
2-берене.
Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тажикстан Республикасынын ________________ шаарында 2009-жылдын "_____"______________ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн