Редакцияот 13.09.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-сентябры № 462-б                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлунда-гы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын текшерүүлөрүнүн жү-рүшүндө табылган  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майын-дагы №  184-б буйругун аткаруудагы кемчиликтерди жана бузууларды четте-түү максатында:     1. Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министринин 2008-жылдын 25-ию-лундагы №  292  буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссия тарабынан даяр-далган тиркелген маалыматы эске алынсын.     2. Облустардын  жана  райондордун  мамлекеттик  администрациялары,Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-ббуйругун аткаруунун жүрүшүндө кемчиликтерге жол берген адамдардын жооп-керчилиги жөнүндө маселени карашсын;     - өз  каражаттарынын  эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарына унду жеткирүүнү камсыз кылышсын;     - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-гинин разнарядкасы  боюнча  унду так сатылышына контролдукту камсыз кы-лышсын.     3. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Мамлекеттик  сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:     - "Калктын аз камсыздалган катмары үчүн унду минералдык-витаминдиккошулмалар менен  байытуу  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын вице-премь-ер-министринин 2008-жылдын 13-майындагы № 20-13 протоколдук тапшырмасынтийиштүү түрдө аткарууну камсыздасын;     - бир  жумалык мөөнөттө райондун борборлоруна унду жеткирүүнү бүт-көрсүн;     - райондук борборлорго унду өз убагында жеткирбөө практикасы улан-тылган учурда,  бузууларга жол берген адамдарга карата тартиптик таасиркөрсөтүү чараларын кабыл алсын.     4. Кыргыз  Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-лиги облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администраци-ялары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте:     - калктын  социалдык аярлуу катмары менен иштөөдө жумушчу комиссиятарабынан табылган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды кабыл алсын;     - үймө-үй  кыдыруу  жана  үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын текшерүүнүннегизинде социалдык паспортторду тактоо жүргүзсүн;     - социалдык паспортторду өз убагында жана сапаттуу толтуруу боюнчаайыл өкмөтүнүн  социалдык  кызматкерлери үчүн окутуучу семинарларды өт-көрсүн.     5. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы:     - Кыргыз  Республикасынын  биринчи вице-премьер-министринин КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө  караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана мате-риалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин кытайда өндүрүлгөн ун-ду сатып  алышы  боюнча  2008-жылдын 22-июлундагы № 20-1355 протоколдуктапшырмасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин;     - ун  зыянкечтери  менен  жуккан  унду "Балыкчы-Дан-Азык" дан азыккомбинатынын складында табылган факты боюнча маалыматты берсин.     6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.       Премьер-министр                               И.Чудинов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                         2008-жылдын 21-сентябрындагы                                               № 462-б буйругуна                                                    тиркеме               Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин             2008-жылдын 25-июлундагы № 292 буйругу менен                    түзүлгөн жумушчу комиссиялардын                 текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары жөнүндө                               МААЛЫМАТ      Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлунда-гы  №  292  буйругуна  ылайык  жумушчу  комиссиялар  өздөрүнүн  иштерин2008-жылдын 31-июлунан 2008-жылдын 8-августуна чейин жүргүзүштү.     Текшерүүнүн жүрүшүндө  унду сактоо жана сатуу боюнча кампа жайлар-дын бар же жок экени жана учурдагы абалы, ошондой эле ундун көлөмү жанасапаты боюнча  абал текшерилди. Социалдык коргоо чаралары даректүү көр-сөтүлүшүн тактоо,  ошондой  эле  жењилдиктүү ундун баасын мониторингдөөмаксатында жер-жерлерге чыгуу менен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн үй чарбала-ры иргеп изилденди.     Кыргыз Республикасынын  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиреспубликадагы аз  камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмелерин облустук мамлекеттикадминистрацияларга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-кеттик сатып  алуулар  жана  материалдык  резервдер  боюнча мамлекеттикагенттикке (мындан  аны - Мамагенттик) облустар жана райондор боюнча өзубагында берген.  Унга  болгон  жалпы керектөө 321068 аз камсыз үй-бүлөүчүн 8027 тоннаны түзгөн.     Мамагенттик Казакстан  Республикасында  өстүрүлгөн 10,06 мињ тоннааштык буудайды  мамлекеттик  резервден  чыгарган жана андан ун тарткан.Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлигинин жана "Байытыл-ган ун  чыгаруучулар"  ассоциациясынын  маалыматтары боюнча 2008-жылдын8-августуна карата  6128.0 тонна ал ун минералдык-витаминдик кошулмаларменен байытылган жана мүшөктөрдүн этикеткаларына "Обогащенная мука" де-ген марка   коюлган   (Кыргыз  Республикасынын вице-премьер-министринин2008-жылдын 13-майындагы № 20-13 тапшырмасына ылайык).     Бирок текшерүүнүн  жүрүшүндө  республиканын  региондорунда  КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн  2008-жылдын  6-майындагы  №  184-б буйругунаылайык сатылган  ундун  негизги бөлүгү минералдык-витаминдик кошулмаларменен байытылбаганы аныкталды.     Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 10-июнунда-гы №  20-15 "Республиканын аз камсыз үй-бүлөлөрүн арзандатылган баадагыун менен камсыздоо жөнүндө" тапшырмасына ылайык Мамагенттик республика-нын региондоруна  аз  камсыз үй-бүлөлөр үчүн ун жеткирүүнүн 2008-жылдын10-июнунан 2008-жылдын  10-июлуна  чейинки  графигин  белгилеген. Бирок2008-жылдын 8-августуна  карата  Мамагенттик Ош жана Бишкек шаарларына,Чүй, Жалал-Абад,  Баткен,  Ысык-Көл,  Нарын,  Талас жана Ош облустарына183244 аз камсыз үй-бүлө үчүн бир үй-бүлөгө 25 кг ун эсебинде 4581 тон-на ун жеткирген, же бул керектүүнүн 57,1 процентине барабар.     Мында аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн унду Мамагенттик гана,  элден акчакаражат түшүшүнө  жараша  ишке ашырган. Банктардын реквизиттери үч жолуалмашып, элге арзан баадагы ун сатуу боюнча ишти татаалдаштырганын айтакетүү зарыл.     Ошентип, Мамагенттик  райондук борборлорго унду өз убагында жетки-рүү боюнча  тийиштүү  чара  көргөн  эмес.  Элден  ун  үчүн акча каражат2008-жылдын июнунан  тартып түшө баштаганына карабастан аны керектөөчү-лөргө жеткирүү өтө жай темпте болгон. Натыйжада, текшерүүнүн башталышы-на карата, бир айдан кийин Ош облусу боюнча акысы төлөнгөн товардын жа-рымы гана  берилген (38,0 млн. сом которулган, 19,0 млн. сомго ун алын-ган), 2008-жылдын 1-августуна карата облус боюнча камсыздык 24,6 % ганаболгон. Нарын облусунун Жумгал районунда, Баткен облусунун Кадамжай жа-на Баткен райондорунда да ушундай абал болгон. Керектөөчүлөр өз убагын-да акысын төлөгөн ундун өз убагында берилбегени социалдык чыњалуу жара-тат.     Райондордун мамлекеттик  администрациялары унду жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөр, шаар башкармалары, мэриялар)өз каражаттарынын  эсебинен жеткиришкен. Ошондой болсо да, бир топ айылөкмөттөрдө ун  алуучулардан  жеткиргендик, келген унду түшүргөндүк жанакампага жыйгандык  үчүн кошумча акы алынганын айтып коюу зарыл. Мисалы,Баткен облусунун  Баткен  шаар  башкармасындагы Суубашы айыл өкмөтүндө,Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүндө, Нарын облусунун Кочкор районунда-гы Семиз-Бел айыл өкмөтүндө, Ош шаарынын аймактык кењештеринде 1 кг ун-дун баасы  16,8 сомду түзгөн. Мында кошумча акча тийиштүү документтердитариздебестен чогултулган.     Кыргыз Республикасын  Өкмөтүнө  караштуу  Монополияга каршы саясатжана атаандаштыкты  өнүктүрүү  боюнча  мамлекеттик  агенттик калктын азкамсыз катмарларына  сатылчу  ундун  баасын мүшөк таранын жана райондукборборлорго, Бишкек жана Ош шаарларына чейинки транспорттук чыгымдардыннаркын эске алуу менен 1 кг үчүн 16,60 сомдон белгилеген.     Облустардын мамлекеттик  администрациялары, Бишкек жана Ош шаарла-рынын мэриялары  тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын6-майындагы №  184-б буйругун жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-дын, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын аткарышы боюнча буй-руктар чыгарылып,  райондор менен айыл өкмөттөрүнө карата разнарядкаларбекитилген.     Ошондой эле, жумушчу комиссиялары тарабынан унду сактоо жана сатуубоюнча кампа  жайларынын  болушуна жана алардын абалына текшерүү жүргү-зүлгөн. Айрым  райондордо  жана  айыл  өкмөттөрүндө кампалар жок. Кампажайларынын жалпы  абалы  Нарын  облусунун Кочкор районундагы (Семиз-Белайыл өкмөтү)  жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кампа жайларынкошпогондо канааттандырарлык.  Кампалардагы  болгон  ун "Буудай-Токмок"ААКында, "Буудай-Кара-Балта"  АКында,  "Кызыл-Кыя"  АКында, "Азрат-АйыбЖалал-Абад" АКында,  "Талас Дан-Азык" АКында өндүрүлгөн. Лабораториялыкизилдөөлөрдү жүргүзүү  үчүн  унду  сынак  тандоо  эки ирет жүргүзүлгөн.Жер-жерлерде унду  алдын  ала  лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларыундун сапаттуу жана керектөөгө жарактуу экендигин көрсөттү.     Мындан тышкары  жумушчу комиссиясы Нарын жана Ысык-Көл облустарын-дагы Мамлекеттик агенттиктин кампаларын текшерген, аларда кытай өндүрү-шүндөгү ундар бар. 2008-жылдын 28-июнунан 21-июлуна чейин "Кыргызресур-стары" МИ  аркылуу  "Балыкчы-Дан-Азык"  нан  азыктар комбинатынын кампажайларына КЭРден  биринчи  сорттогу  жалпы салмагы 952,7 тонна ун келиптүшкен. Берилген  маалымкатта жана "Дан-Азык" комбинатынын лаборатория-лык сыноолорунун протоколунда 235 тонна унда зыяндуу кошулмалар (ун зы-янкечтери) табылгандыгы,  1064  мүшөк  ун  сууланып калгандыгы тууралуумаалымат камтылган. Бул ун Мамматрезервдин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнчааз мүлктүү үй-бүлөлөргө арналган. Бул факты боюнча азыркы убакта КыргызРеспубликасынын Финансы  полиция  кызматы тарабынан териштирүү жүргүзү-лүүдө.     Ошону менен  бирге "Кызыл-Кыя" АКынын жана "Азрат-Айыб Жалал-Абад"АКынын ун комбинаттарында II сорттогу ундун ашыкча запасы (498,5 тонна)түзүлгөндүгүн белгилей  кетүү керек. Айыл жерлериндеги калкты иргеп су-рамжылоо нан  бышыруу  үчүн бул унду сатып алууну каалагандыктарын көр-сөттү. II сорттогу ундун баасы 13,3 сомду түзөт.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2008-жылдын 6-майындагы № 184-ббуйругуна ылайык унду сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынажүктөлгөн. Алсак,  2008-жылдын 8-августундагы абал боюнча бардыгы болуп166776 аз  камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4169,4 тонна же жеткирилген ундун91 проценти  сатылган. Унду сатуунун даректүүлүгүн аныктоо жана коомдукпикирди изилдөө, ошондой эле ундун сапаты тууралуу маалымат алуу макса-тында комиссия мүчөлөрү ун алуучулар болуп саналган аз мүлктүү үй-бүлө-лөрдү иргеп текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Айыл жана шаар башкармалыктарында-гы болгон  бардык  жерлерде  ундун  салмагына жана сапатына даттанууларболгон жок.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  жогоруда  көрсөтүлгөн буйругунаылайык аз  мүлктүү калктын арасында Казакстан Республикасынын өндүрүшү-нөн чыккан  азык-түлүк  буудайынан  брондон  чыгарылган ун бөлүштүрүүгөтийиш болчу.  Бирок, Ош облусунда аз мүлктүү үй-бүлөлөргө КЭР өндүрүшү-нөн чыккан 732 тонна ун сатылган.     Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин-деги кемчиликтерди  белгилей кетүү керек. Алсак, айыл жана шаар башкар-малыктарында ун  бөлүштүрүү үчү аз мүлктүү үй-бүлөлөрдүн тизмесин илик-төө айрым  башкармалыктарда тизмелерди түзүүгө тиешелүү жоопкерчиликсизмамиле жасалгандыгын көрсөттү. Бир катар учурларда жер-жерлерде аз кам-сыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизме боюнча саны социалдык коргоонун аймактыкоргандарынын маалыматына дал келбейт. Алсак, Жалал-Абад шаарынын Достукаймактык башкармалыгында  аз камсыз болгондордун тизмесинде 717 үй-бүлөболсо, шаардык  социалдык коргоонун разнарядкасында 979 үй-бүлө каттал-ган. Мындай так эмес тизмелер Сузак районунун Барпы, Атабекова атындагыСузак, Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөттөрүндө орун алган. Көптөгөнайыл өкмөттөрүндө  ун  алуучулардын  арасына социалдык паспорттору жок,тактап айтканда  кирешелеринин  дењгээли аныкталбаган үй-бүлөлөр кирги-зилген. Мисалы,  Талас облусунун Манас районунда 230 мүшөк ун (5750 кг)аз мүлктүүлөрдүн  категориясына кирбеген үй-бүлөлөргө сатылган. Ош шаа-рынын №  9 аймактык кењешинде 2,5 тоннадан ашуун ун аз мүлктүү үй-бүлө-лөрдүн тизмесине  кирбегендерге  таратылган. Ноокен районунун Масы айылөкмөтүндө айыл өкмөт башчысынын көрсөтмөсү боюнча 1,5 тонна ун мугалим-дер менен директорлорду кошо алганда 3 мектептин 60 кызматкерине берил-ген. Ош  облусунун  Өзгөн  районундагы  Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө алыскыайылдардын жашоочулары  үчүн 2,5 тонна ун ишеним каттарды, экинчи ведо-мостторду түзбөстөн айылдыктарга таратуу үчүн бир адамга берип коюлган.Кочкор айыл  өкмөтүндө  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесине кирген2229 үй-бүлөнүн 714дө социалдык паспорту жок.     Ушундай эле  фактылар Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунда,Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу  районунда,  Жалал-Абад облусунун Сузак, Ба-зар-Коргон, Ноокен  райондорунда, Ош облусунун Өзгөн районунда, Чүй об-лусунун Москва  районунда, Талас облусунун Манас районунда, Бишкек жанаОш шаарларында  орун  алган.  Мында  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн2008-жылдын 6-майындагы №  184-б  буйругунда  зарыл учурда комиссиялыктүрдө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигименен макулдашуу  боюнча унду жењилдетилген баада ага муктаж жарандаргаразнарядкага ылайык бөлүштүрүү каралгандыгын белгилей кетүү керек.     Бир катар  учурларда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр накталай акча ка-ражаты жоктугунан  алдын ала төлөй алышпагандыгана байланыштуу берилгенундан баш тартууга мажбур болушкандыгын изилдөө көрсөттү. Мындан тышка-ры кээ бир үй-бүлөлөр өздөрүнүн буудайы болгондуктан же туугандары жар-дам бергендиктен,  кээ  бирлери башка жакка кеткендигине байланыштуу уналышкан эмес.  Бирок,  изилденген  бардык  жергиликтүү жамааттардан Жа-лал-Абад шаарынын кварталдык комитеттеринин бир гана Достук комитетиндебаш тарткандарга кол койдурулган тизме берилген.     Ун таратуунун  нормаларын бузуу фактылары да орун алган. Алсак, Ошоблусунун Кара-Суу  районунда ун алгач үй-бүлөгө 50 кг берилген. Ош об-лусунун Өзгөн  районундагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон 32үй-бүлөгө ун  50 кг сатылган. Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзеайыл өкмөтүндө 96 үй-бүлөгө 50 кг ун берилген. Бишкек шаарынын Свердловрайонунда 45 үй-бүлөгө 50 кг ун сатылган. Ушундай эле фактылар Ысык-Көлоблусунун Ак-Суу  районунда,  Ош  облусунун Өзгөн районунда, Жалал-Абадоблусунун Ноокен районунда орун алган.     Ошондой эле,  калкты социалдык паспорттоштуруу боюнча жер-жерлердетийиштүү иштер  жүргүзүлбөгөндүгүн  белгилей кетүү керек. Көптөгөн айылөкмөттөрүндө социалдык кызматкерлер бул багытта системалуу иш жүргүзүш-пөйт жана  учурдагы  абалды  билишпейт,  анткени жер-жерлерде социалдыкпаспортторду салыштырып  текшерүү  жүргүзүлбөйт,  алар  чарбаларды жанаүй-бүлөлөрдү кыдырып  текшерүүнүн жана абалын иликтөөнүн негизинде уламжањыланып турбайт.  Аз мүлктүү үй-бүлөлөрдү эсепке алуунун тартиби жанаалардын укуктары тууралуу калк арасында системалык түшүмдүү иштери жок.Ошондуктан, социалдык  жактан  корголбогон үй-бүлөлөрдүн тизмесине айылөкмөттөрүнүн социалдык  кызматкерлеринин субъективдүү пикирин аныктоочусоциалдык паспорттору жок үй-бүлөлөр кирип кеткен учурлар арбын.     Жогоруда баяндалгандардын  негизинде  төмөнкүлөрдү  белгилей кетүүкерек:     1. Жергиликтүү  мамлекеттик  администрациялар  жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу  органдары  тарабынан  (Нарын  облусунун Нарын, Кочкоррайондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун, Жалал-Абад облусунунСузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун, Ош облусунун Өзгөн районунун,Чүй облусунун Москва, Панфилов райондорунун, Талас облусунун Манас рай-онунун мамлекеттик администрациялары, Ош жана Бишкек шаарларында) тара-бынан Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-ббуйругу тийиштүү  түрдө  аткарылбагандыгын  жана  төмөнкүлөргө тийиштүүконтролдун жоктугун:     - ун  сатуу  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүүминистрлигинин разнарядкасына дал келбешине;     - муктаж  болгон  жарандарга  жењилдетилген баада унду комиссиялыктүрдө бөлүштүрүүнүн жоктугуна.     2. Өз учурунда алдын ала төлөнгөндө ун жеткирүүнүн жайбаракат тем-пине байланыштуу өсүп бараткан социалдык оорчулукту.     3. Социалдык  паспортторду толтуруу боюнча айыл өкмөттөрүнүн соци-алдык кызматкерлеринин  ишти уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эм-гек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык подразделениелери-нин иштерине начар методикалык жетекчиликти.     4. "Калктын  аз  камсыз  болгон катмары үчүн минералдык-витаминдиккошумчалар менен  унду  байытуу  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  ви-це-премьер-министринин 2008-жылдын  13-майындагы  №  20-13  протоколдуктапшырмасын Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана  материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик тарабы-нан тийиштүү түрдө аткарылбагандыгын белгилей кетүү керек.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн     Аппаратынын экономика, соода, туризм жана     ишкердик бөлүмүнүн референти, Чүй жана     Талас облустары, Бишкек шаары боюнча     жумушчу комиссиянын жетекчиси                     А.Турдумамбетов      Ош жана Баткен облустары боюнча Кыргыз     Республикасынын Финансылык полиция     кызматынын башкармалыгынын улук     опер-кызматкери, Ош, Баткен, Жалал-Абад     облустары, Ош шаары боюнча жумушчу     комиссиянын жетекчиси                             М.Авиталипов      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн     Аппаратынын социалдык өнүктүрүү     бөлүмүнүн референти, Ысык-Көл жана     Нарын облустары боюнча жумушчу     комиссиянын жетекчиси                             М.Саткеев