Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-ноябры № 624-б
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга жана интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында:
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча 2008-жылдын 3-декабрынан 2009-жылдын 3-январына чейин бир айлык өткөрүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого карата бир айлык өткөрүү боюнча иш-чаралар планы;
- ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн тизмеси.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары майыптар үчүн интернат-үйлөргө жана интернат-мектептерге ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына Майыптардын эл аралык күнүнө даярдыктын жана республиканын бардык региондорунда бир айлыктын жүрүшүн жана өткөрүлүшүн чагылдыруу сунушталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын жетекчилери жана башка кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ушул буйрук менен бекитилген планга ылайык мектептерде жана интернат-үйлөрдө болууну кошо алганда жасалган иштер жөнүндө 2009-жылдын 5-январына чейин маалымат беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2009-жылдын 20-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалымат берсин.
7. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 524-б буйругу менен бекитилген |
┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬────────────────────┐
│ № │ Иш-чаралардын аталышы │ Мөөнөтү │ Жооптуулар │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│1. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │2008-жылдын│Эмгексоцмин, │
│ │чектелген адамдар үчүн │3-декабры │"Jica" Япония │
│ │Маалыматтык ресурстук борбордун │ │агенттиги │
│ │ачылышы │ │(макулдашуу боюнча) │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│2. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │2008-жылдын│Министрликтер, │
│ │чектелген жалгыз бой, аз │3-декабры -│мамлекеттик │
│ │камсыздалган адамдар үчүн │2009-жылдын│комитеттер, │
│ │кайрымдуулук тамактанууларды │3-январы │администрациялык │
│ │уюштуруу │ │ведомстволор, │
│ │ │ │аткаруу бийлигинин │
│ │ │ │башка органдары, │
│ │ │ │облустук │
│ │ │ │мамадминистрациялар │
│ │ │ │жана жергиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча башкаруунун │
│ │ │ │аткаруу-тескөө │
│ │ │ │органдары │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│3. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │2008-жылдын│Министрликтер, │
│ │чектелген өтө муктаж адамдарга │3-декабры -│мамлекеттик │
│ │кышкы отун сатып алуу, турак │2009-жылдын│комитеттер, │
│ │жайын оңдоо үчүн колдон │3-январы │администрациялык │
│ │келишинче материалдык жардам │ │ведомстволор, │
│ │көрсөтүү │ │аткаруу бийлигинин │
│ │ │ │башка органдары, │
│ │ │ │облустук │
│ │ │ │мамадминистрациялар │
│ │ │ │жана жергиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча башкаруунун │
│ │ │ │аткаруу-тескөө │
│ │ │ │органдары │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│4. │Мамлекеттик саламаттык сактоо │2008-жылдын│Саламатсакмин │
│ │мекемелеринде акысыз медициналык│3-декабры -│ │
│ │консультация көрсөтүү │2009-жылдын│ │
│ │ │3-январы │ │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│5. │Зарыл болгон жардамды көрсөтүү │2008-жылдын│Эмгексоцмин, │
│ │максатында жалгыз бой │3-декабры -│облустук │
│ │майыптардын │2009-жылдын│мамадминистрациялар,│
│ │материалдык-тиричилик шарттарын │3-январы │жергиликтүү өз │
│ │иликтөөнү жүргүзүү │ │алдынча башкаруунун │
│ │ │ │аткаруу-тескөө │
│ │ │ │органдары │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│6. │Теардык-оюн-зоок иш-чараларына │2008-жылдын│Маданиятмаалыммин, │
│ │акысыз кирүүнү уюштуруу │3-декабры -│облустук │
│ │ │2009-жылдын│мамадминистрациялар,│
│ │ │3-январы │жергиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча башкаруунун │
│ │ │ │аткаруу-тескөө │
│ │ │ │органдары │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│7. │Медициналык көрсөткүчү бар │Дайыма │Эмгексоцмин, │
│ │муктаж майып пенсионерлерди жеке│ │Саламатсакмин │
│ │алга жылуу каражаттары │ │ │
│ │(кресло-коляска) менен камсыз │ │ │
│ │кылуу │ │ │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│8. │Интернат-мектептерге, │Дайыма │Министрликтер, │
│ │интернат-үйлөргө социалдык │ │мамлекеттик │
│ │колдоо (тамак-аш азыктары, отун,│ │комитеттер, │
│ │кийим ж.б.) көрсөтүү │ │администрациялык │
│ │ │ │ведомстволор, │
│ │ │ │аткаруу бийлигинин │
│ │ │ │башка органдары, │
│ │ │ │облустук │
│ │ │ │мамадминистрациялар │
│ │ │ │жана жергиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча башкаруунун │
│ │ │ │аткаруу-тескөө │
│ │ │ │органдары │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│9. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │Дайыма │Министрликтер, │
│ │чектелген адамдарга социалдык │ │мамлекеттик │
│ │колдоо жана бир жолку │ │комитеттер, │
│ │материалдык жардам көрсөтүү │ │администрациялык │
│ │максатында кайрымдуулук │ │ведомстволор, │
│ │акцияларын өткөрүү │ │аткаруу бийлигинин │
│ │ │ │башка органдары, │
│ │ │ │облустук │
│ │ │ │мамадминистрациялар │
│ │ │ │жана жергиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча башкаруунун │
│ │ │ │аткаруу-тескөө │
│ │ │ │органдары │
├───┼────────────────────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│10.│Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │Дайыма │Жергиликтүү │
│ │чектелген адамдарга тиричилик │ │мамлекеттик │
│ │кызматтарын акысыз пайдаланууга │ │администрациялар │
│ │жардам көрсөтүү (бут кийим │ │жана жергиликтүү өз │
│ │оңдоо, чач-тарач, мончо ж.б.) │ │алдынча башкаруунун │
│ │ │ │аткаруу-тескөө │
│ │ │ │органдары │
└───┴────────────────────────────────┴───────────┴────────────────────┘
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 524-б буйругу менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун
редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────────┬───────────────────────────────┐
│ Интернат-үйлөр │ Мекемелердин аталыштары │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Төмөнкү-Серафимовка кары-картаңдар │Соцфонд (макулдашуу боюнча), │
│жана майыптар үчүн интернат-үйү │МУКК │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Токмок № 1 эркектер │Коргоомин │
│психоневрологиялык интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Токмок № 2 аралаш психоневрологиялык │Маммүлкком │
│интернат үйү │ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Сокулук кары-картаңдар жана майыптар │Юстмин │
│үчүн интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┴───────────────────────────────┤
│КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун │
│редакциясына ылайык күчүн жоготту │
├─────────────────────────────────────┬───────────────────────────────┤
│Бишкек шаардык кары-картаңдар үчүн │Бишкек шаарынын мэриясы, │
│интернат-үйү │Экономсоодамин │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Жайыл аялдар психоневрологиялык │Айылсуучарбамин │
│интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Покровка кары-картаңдар жана майыптар│Транкоммин │
│үчүн интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Бакай-Ата майыптар үчүн интернат-үйү │ӨКМ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Кадамжай аралаш психоневрологиялык │Мамкаттоо │
│интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┴───────────────────────────────┤
│КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун │
│редакциясына ылайык күчүн жоготту │
├─────────────────────────────────────┬───────────────────────────────┤
│Сузак кары-картаңдар жана майыптар │Өнөржайэнермин │
│үчүн интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Ак-Суу аялдар психоневрологиялык │Мамлекеттик бажы комитети │
│интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Сүлүктү жалгыз бой жана кары-картаң │МРТМА │
│жарандар үчүн интернат-үйү │ │
├─────────────────────────────────────┴───────────────────────────────┤
│КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун │
│редакциясына ылайык күчүн жоготту │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун │
│редакциясына ылайык күчүн жоготту │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘