Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-январы № 15-б
Балдар социалдык мекемелерине колдоо көрсөтүү максатында:
1. Балдар социалдык мекемелерине кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балдар социалдык мекемелерине кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор ар тараптуу жана демөөрчүлүк жардамды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 502-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн тизмесинде:
- 5, 11, 15, 16-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 624-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "интернат-мектептердин" деген сөз алып салынсын;
- аталган буйрук менен бекитилген ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу тескөө органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн, интернат мектептердин тизмесинде:
- аталышындагы "интернат мектептердин" деген сөз алып салынсын;
- 5, 11, 15, 16-позициялар күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
┌──┬───────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│№ │ Кураторлукту (шефке алууну) │ Балдар социалдык мекемелеринин │
│ │ жүзөгө ашыруучу мамлекеттик │ аталышы │
│ │ органдар │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын │ Азиз балдар үчүн Кара-Суу │
│ │Тышкы иштер министрлиги │ мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │ Жетим балдар жана ата-энесинин │
│ │ │ камкордугусуз калган балдар үчүн │
│ │ │ Панфилов мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │ Ж.Бөкөмбаев атындагы балдар үйү │
│ │ │ (Октябрь а. Сузак району) │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын │Акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген │
│ │Транспорт жана коммуникациялар │балдар үчүн Кум-Арык │
│ │министрлиги │мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │ │балдар үчүн Петровка көмөкчү │
│ │ │мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын Ички │Беловодск психоневрологиялык │
│ │иштер министрлиги │балдар үй-интернаты (Чүй облусу) │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │ │жана ата-энесинин камкордугусуз │
│ │ │калган майып жетимдер │
│ │ │Краснореченск мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4 │Кыргыз Республикасынын │Азиз балдар үчүн республикалык │
│ │Экономика жана монополияга │атайын мектеп-интернаты │
│ │каршы саясат министрлиги ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Үч-Коргон көмөкчү мектеби │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │ │балдар үчүн Бишкек шаарындагы № 34│
│ │ │көмөкчү мектеп │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5 │Кыргыз Республикасынын │Кароосуз жана көзөмөлсүз калган │
│ │Коргоо министрлиги │балдар үчүн Майлы-Суу балдар │
│ │ │үй-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Дүлөй балдар үчүн республикалык │
│ │ │атайын мектеп-интернат │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6 │Кыргыз Республикасынын │Дүлөй балдар үчүн республикалык │
│ │Энергетика жана өнөр жай │атайын мектеп-интернат │
│ │министрлиги ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Военно-Антоновка балдар үйү │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7 │Кыргыз Республикасынын Айыл │Жалал-Абад психоневрологиялык │
│ │чарба жана мелиорация │балдар үй-интернаты │
│ │министрлиги ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Октябрь балдар үйү │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Жетим балдар жана ата-энесинин │
│ │ │камкордугусуз калган балдар үчүн │
│ │ │Чалдыбар мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8 │Кыргыз Республикасынын Өзгөчө │Үч-Коргон балдар үйү │
│ │кырдаалдар министрлиги │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9 │Кыргыз Республикасынын Финансы │"Психикалык өнүгүшү кечеңдеген" │
│ │министрлиги │балдар үчүн Төмөнкү-Чүй атайын │
│ │ │мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Талас көмөкчү мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Жетим балдар жана ата-энесинин │
│ │ │камкордугусуз калган балдар үчүн │
│ │ │Мырза-Аке мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10│Кыргыз Республикасынын Маданият│Жетим, жарым жартылай жетим жана │
│ │жана туризм министрлиги │аз камсыз үй бүлөлөрдөгү балдар │
│ │ │үчүн № 11 Ош мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │ │балдар үчүн № 30 мектеп (Бишкек │
│ │ │шаары) │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│11│Кыргыз Республикасынын Жаштар, │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │
│ │эмгек жана иш менен камсыз │чектелген балдар үчүн │
│ │кылуу министрлиги │мектеп-интернат (Ноокен районунун │
│ │ │Шайдан айылы) │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Ак-Суу балдар үйү │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│12│Кыргыз Республикасынын │Азиз балдар үчүн │
│ │Мамлекеттик улуттук коопсуздук │Ош мектеп-интернаты │
│ │комитети ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Тарбиясы оор балдар үчүн Беловодск│
│ │ │атайын мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│13│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө│Адистештирилген балдар үйү (Бишкек│
│ │караштуу Мамлекеттик салык │шаары) │
│ │кызматы ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Жетим балдар жана ата-энесинин │
│ │ │камкордугусуз калган балдар үчүн │
│ │ │Чүй мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Адистештирилген балдар үйү │
│ │ │(Ош шаары) │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│14│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө│Начар уккан жана кийин укпай │
│ │караштуу Мамлекеттик каттоо │калган балдар үчүн атайын │
│ │кызматы │мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Ноокен атайын мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │ │балдар үчүн № 22 көмөкчү мектеп │
│ │ │(Бишкек шаары) │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│15│Кыргыз Республикасынын │Беловодск мектепке чейинки балдар │
│ │Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик │үйү │
│ │бажы кызматы ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Сүйлөөсү бузулган балдар үчүн │
│ │ │Сокулук атайын мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Азиз жана начар уккан балдар үчүн │
│ │ │Ош мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│16│Кыргыз Республикасынын │Адистештирилген балдар үйү │
│ │Өкмөтүнө караштуу │(Токмок шаары) │
│ │Баңгизаттарды контролдоо ├──────────────────────────────────┤
│ │боюнча мамлекеттик кызматы │Сүлүктү көмөкчү мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│17│Кыргыз Республикасынын │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │Өкмөтүнө караштуу Финансылык │балдар үчүн Дмитриевка көмөкчү │
│ │полиция мамлекеттик кызматы │мектеп-интернаты │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │"Ташмамат" Өзгөн балдар үйү │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │ │балдар үчүн № 12 көмөкчү мектеп │
│ │ │(Ош шаары) │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│18│Кыргыз Республикасынын │Дүлөй балдар үчүн Кара-Суу │
│ │Өкмөтүнө караштуу Финансы │мектеп-интернаты │
│ │рыногун жөнгө салуу жана │ │
│ │көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы │ │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│19│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө│"Максат" Чүй облустук балдардын │
│ │караштуу Мамлекеттик мүлктү │мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарды │
│ │башкаруу боюнча фонду │жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо │
│ │ │борбору │
│ │ ├──────────────────────────────────┤
│ │ │Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган │
│ │ │балдар үчүн Орто-Суу көмөкчү │
│ │ │мектеп-интернаты │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│20│Кыргыз Республикасынын │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │
│ │Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик │чектелген балдар үчүн Покровка │
│ │материалдык резервдер фонду │үй-интернаты │
└──┴───────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘