Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-июну № 105
2010 -жылы 27-июнда Референдумда добуш берүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жьшдын 1-июнундагы №63 токтому менен бекитлген 2010-жылдын 27-июндагы Референдумда добуш берүү Эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июндагы №63 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Референдумга катышуу укугуна кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жана 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 « Кыргыз Республикасынын (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декретине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2010-жылдын 17-июнунудагы № 73 декреттерине ылайык келтирүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү Боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2010-жылдын 27-июндагы Референдумда добуш берүүнүн Эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.2-бөлүмдө:
-1-абзацтагы "шайлоо участогу" деген сөздөр "референдум участогу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-2-абзацтын 1-пунктчасындагы «(ID карточка)" деген сөз «(ID карта)» деген сөзгө алмаштырылсын;
-2-абзацтын 3-пунтчасындагы «офицердин күбөлүгү" деген сөздөрдөн мурда «анык аскердик кызматтагы" деген создор менен толукталсын;
-2-абзацтын 5-пунктчасындагы "белгиленген үлгүдөгү маалымкат (№9 форма) деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин тастыктаган күбөлүк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-3-абзацтын 1-пунктчасындагы «( же ID карточка)» деген сөз «(же ID карта) деген сөзгө алмаштырылсын.
2.2-бөлүм төмөнкү мазмундагы 5- жана 6- абзацтар менен толукталсын: «Эгерде ферендумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдум катышуучусу референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген участоктогу добуш берүүчү жайга келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо жана тизмеден чыгуу күбөлүгү жок болсо, анда ал добуш берүү күнү өзү боло ала турган референдум участогунда добуш берүүгө катышууга укуктуу
«Мындай учурларда жаран референдумдун тийиштүү комиссиясына себептерин баяндоо менен арыз жазат жана референдумдун катышуучуларынын кошумча тизмесине киргизилет, ага добуш берүү үчүн бюллетель паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө берилет
2 Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана "AKIpress", «KG.24» маалымат агенттиктеринин сайтында жайгаштырьшсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.А.Скрипкинага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |