Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлу № 128
Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү имарат-жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериалды көрүп чыгып, мында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 40-беренесинин ченемдеги бузулгандыгы чагылдырылган жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзамынын 40-беренесин, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы..
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумда (бүткүл элдик шайлоо) Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылсын
2 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б.Бапановага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |