ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 128 «Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү имарат-жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериал жөнүндө» токтому

Редакция01.07.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 1-июлу № 128

Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү имарат-жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериал жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериалды көрүп чыгып, мында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 40-беренесинин ченемдеги бузулгандыгы чагылдырылган жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзамынын 40-беренесин, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы..

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумда (бүткүл элдик шайлоо) Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылсын

2 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б.Бапановага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев