Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлу № 129
А.Усупбекованын арызын кароо жөнүндө
«Таза Шайлоо» ассоциациясынын аткаруучу директору –А.Усупбекованын № 1009 участкалык референдум комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдун көчүрмөсүн берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 51-беренесинин 3-пунктунун, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 54-беренесинин 2- жана 6-пункттарынын жана КР БШКнын мүчөсүнүн маалым катынын (тиркелет) негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 №1009 референдум участкасы боюнча жыйынтык протоколду берүү тартибин бузуу эске алынсын.
2 Арыз ээсине жооп жазуу түрүндө жөнөтүлсүн.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмелдөө КР БШКнын мүчөсү Г.А. Скрипкинага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |