ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 129 «А.Усупбекованын арызын кароо жөнүндө» токтому

Редакция01.07.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 1-июлу № 129

А.Усупбекованын арызын кароо жөнүндө

«Таза Шайлоо» ассоциациясынын аткаруучу директору –А.Усупбекованын № 1009 участкалык референдум комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдун көчүрмөсүн берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 51-беренесинин 3-пунктунун, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 54-беренесинин 2- жана 6-пункттарынын жана КР БШКнын мүчөсүнүн маалым катынын (тиркелет) негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 №1009 референдум участкасы боюнча жыйынтык протоколду берүү тартибин бузуу эске алынсын.

2 Арыз ээсине жооп жазуу түрүндө жөнөтүлсүн.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмелдөө КР БШКнын мүчөсү Г.А. Скрипкинага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев