Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-августу № 148
Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 13-пунктчаларына, Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 12-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин төмөнкүдөй формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:
- Атайын шайлоо эсебин ачуу жөнүндө (№ 1, № 2 форма);
- Банк мекемесиндеги атайын шайлоо эсебинин реквизиттери жөнүндө (№ 3 форма);
- партиялардын атайын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдоо эсеби (№ 4 форма);
- саясый партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө (№ 5 форма);
- саясый партиянын макулдугун тастыктоо (№ 6 тиркеме);
- Жыйынтык финансылык отчет (№ 7 форма).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б.Ж.Салыкбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |