ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-августагы № 148 «Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция10.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 10-августу № 148

Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 13-пунктчаларына, Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 12-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин төмөнкүдөй формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:

- Атайын шайлоо эсебин ачуу жөнүндө (№ 1, № 2 форма);

- Банк мекемесиндеги атайын шайлоо эсебинин реквизиттери жөнүндө (№ 3 форма);

- партиялардын атайын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдоо эсеби (№ 4 форма);

- саясый партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө (№ 5 форма);

- саясый партиянын макулдугун тастыктоо (№ 6 тиркеме);

- Жыйынтык финансылык отчет (№ 7 форма).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б.Ж.Салыкбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев