Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-августу № 151
"Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 16-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык байкоочулардын катышуу тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобо (№ 1 тиркеме), эл аралык байкоочуну аккредитациялоого арыздын үлгүсү (№ 2 тиркеме) бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү М.А.Корсунскийге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |