КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-августу № 182
Жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкалары боюнча мөөрдү даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-августундагы №180 токтому менен бар болгон 2281 шайлоо участкаларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Ош облусунун Кара Суу районундагы Присавай айылында, Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылында, Талас облусунун Талас районундагы Чек-Таш айылында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаш-Тилек жана Учкун айылдарында, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Сай-Бою айылында жана Ала-Бука районундагы Сафед-Булан, Баястан айылдарында кошумча 8 шайлоо участкасы түзүлгөн, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13 -пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкаларына мурда бекитилген үлгүлөр боюнча мөөрлөр даярдалсын жана алар менен камсыз кылынсын.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |