ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-августундагы № 182 «Жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкалары боюнча мөөрдү даярдоо жөнүндө» токтому

Редакция27.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 27-августу № 182

Жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкалары боюнча мөөрдү даярдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-августундагы №180 токтому менен бар болгон 2281 шайлоо участкаларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Ош облусунун Кара Суу районундагы Присавай айылында, Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылында, Талас облусунун Талас районундагы Чек-Таш айылында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы   Жаш-Тилек жана Учкун айылдарында, Жалал-Абад облусундагы Ноокен  районунун Сай-Бою айылында жана Ала-Бука районундагы Сафед-Булан, Баястан айылдарында кошумча 8 шайлоо участкасы түзүлгөн,  "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13 -пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкаларына мурда бекитилген үлгүлөр боюнча мөөрлөр даярдалсын жана алар менен камсыз кылынсын.

2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев